Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Орус телеканалдарынын бир жактуу таасири


Кыргызстанда Орусиянын "Россия-24", РТР, Биринчи канал баштаган телеканалдары ээн-эркин көрсөтүлөт.
Кыргызстанда Орусиянын "Россия-24", РТР, Биринчи канал баштаган телеканалдары ээн-эркин көрсөтүлөт.

Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши өлкөнүн маалымат мейкиндиги Украинадагы окуяларды чагылдырууда орус телеканалдарынын таасиринде калганына коңгуроо какты.

Бул боюнча мамлекет жетекчилигине жолдонон кайрылууда мындай шартта маалымат коопсуздугун бекемдөөнүн токтоосуз чараларын иштеп чыгуу жагы сунушталган.

Маалымат чабуулуна туруштук берүүнүн чарасы барбы?

Кыргызстандын укук коргоочулар кеңешинин кайрылуусунда Украинадагы соңку окуяларды чагылдырууда өлкөнүн маалымат коопсуздугу жок экени байкалды деп көрсөтүлгөн. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин Янукович боюнча билдирүүсү орусиялык телеканалдардын сынына кабылып, бул багытта өкмөттүн өзүнүн түшүндүрмөсү жетишсиз болгону эскертилген. Анда орусиялык телеканалдардын өлкөнүн маалымат айдыңында үстөмдүк кылышы жана бир жактуулугу маалымат коопсуздугуна коркунуч келтире турган кесепет катары каралган.

Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Бурул Макенбаева бул жагдайга бийликтин токтоосуз көңүл буруусун сунуштады:

- Биздин өлкөнүн ичинде көргөзгөн ал телеканалдар Украина боюнча маалыматтарды агрессивдүү жана бир жактуу чагылдырып жатат. Ошол эле учурда биздин Тышкы иштер министрлигинин Янукович боюнча эле берген билдирүүсүнөн бери бир жактуу сынга алып, сокку урушууда. Бул маалымат жагынан чагым жасоого алып келиши ыктымал. Ошондуктан биз президентке, өкмөткө жана парламентке маалымат коопсуздугун чыңдоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу зарыл экенин белгилейбиз.

Кыргызстанда Орусиянын РТР-Планета, Биринчи канал, НТВ баш болгон бир топ телеканалдары көрсөтөт. Бирок мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов аталган орусиялык телеканалдар өлкөнүн маалымат коопсуздугуна терс таасир тийгизген жери жок деп эсептейт:

- Эгерде орусиялык телеканалдар Кыргызстан боюнча терс пикирлерди камтыган маалыматтарды чагылдырган болсо, анда эле мен бул туурасында ачык айтып чыкмакмын. Биздин өлкөнүн маалымат коопсуздугуна шек келтире турган жагдайларды мен байкаган жокмун. Көп эле байкап, көп эле талдап жүрөм. Эгерде ошондой тенденция бар болсо сезилет эле да.

Мамлекеттик саясаттын жоктугу

Укук коргоочулардын кайрылуусунда Кыргызстандын маалымат каражаттарынын улуттук контенти начар өнүккөнү жана чет элдик телеканалдар коомдук пикирге таасир эте ала турган деңгээлде экени белгиленген. Интернеттеги социалдык тармактар гана альтернативалуу маалымат алуунун булагы болуп калганы менен ал жакта дагы Бажы биримдиги жана орусиянын Украинага жасаган агрессиясын айыптаган жарандарга психологиялык басым көрсөтүү күчөп жатканы көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин билим берүү, маданият жана маалымат комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев укук коргоочулардын тынчсыздануусуна ортоктош экенин айтты:

- Биз орусиялык телеканалдар аркылуу бир жактуу гана маалымат алып, ошонун жетегинде калып жатканыбыз чындык. Бирок мына ошону айтканыбыз менен ага карата бир чара көрүп чечим кабыл ала элекпиз. Биздин маалымат жана маданият министрлиги бул боюнча мамлекеттик саясат иштеп чыга элек. Мына ошондуктан биз бул багыт боюнча сын пикир жана сунуштарыбызды киргизип, комитеттин жыйынында маселени карайлы деп жатабыз.

Буга чейин маалымат коопсуздугу боюнча адистер Кыргызстанда орусиялык телеканалдардын жаңылыктарын көргөзүүнү токтотуу демилгеси менен чыгышкан. Бирок мындай демилге коомчулуктун кайсы бир катмарынын нааразылыгын жараткан болчу. Ошондуктан бул маселе ушул кезге чейин ачык бойдон турат.

XS
SM
MD
LG