Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Путин Украинанын чыгышындагы окуяларга кабатыр


Украина -- Орусиячыл демонстранттар милиция бөлүмүнө жапырык жасашууда. Донецктин жанындагы Горливка шаарчасы, 14-апрель, 2014.
Украина -- Орусиячыл демонстранттар милиция бөлүмүнө жапырык жасашууда. Донецктин жанындагы Горливка шаарчасы, 14-апрель, 2014.

Киев өлкөнүн чыгышындагы соңку окуялардын артында Орусия турганын далилдеген фактылар бар деп ырастоодо.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Дешица өлкө чыгышындагы жикчилердин тополоңуна Орусиянын катышканын тастыктаган далилдер бар деп билдирди:

- Биринчиден, орусиялыктар, аларды Украинанын чыгыш региондорундагы имараттарды басып алган жикчилер деп атайлы, ал жерлердеги Украинанын коопсуздук кызматтарынын же милициядан уурдалган орус армиясынын куралдарын колдонушууда. Экинчиден, орус аскерлери Крымда кийген униформаны кийип жүрүшөт. Үчүнчүдөн, алар Орусиянын байланыш каналдарын пайдаланышууда, - деди министр “Азаттыкка” интервьюсунда.

Ал ошондой эле февралда бийликтен кулатылган президент Виктор Янукович сепаратисттерди каржылаганын айтып, бирок эч кандай далил келтирген жок.

Ал тапта Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин Украинадагы кырдаалга «тынчсыздануу менен байкоо салып» атканын билдирди. Кремлдин өкүлү президент Владимир Путинге Украинанын чыгышынан көптөгөн адамдар кайрылып, жардам сурашууда деди. Бирок кандай жардам сурап жатышканын тактаган жок.

Дүйшөмбүдө Украинанын утурумдук президенти Александр Турчинов өкмөт 25-майда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик түзүлүш боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө каршы эмес деп билдирген.

Президент украиналыктардын көбү бирдиктүү, көз карандысыз өлкөнү колдошооруна ишенээрин айтты.

Орусиянны тышкы иштер министри Сергей Лавров Киев референдумга алынып чыкчу конституциянын долбоорун түзүүгө чыгыш Украинанын орус тилдүү калкы тартылууга тийиш деп комментарийледи.

Кеңири автономия же Орусияга кошулуу маселесин элдик добуш берүүгө коюуну талап кылган орусиячыл сепаратисттер чыгыш облустардагы бир катар шаарларда өкмөттүк имараттарды ээлеп алып, Орусиянын желегин илип коюшту.
Алар Киев бийлигинин 14-апрелге чейин имараттарды бошотуу жана куралдарын тапшыруу шартын аткарууга даярданып жатканы байкалбайт. Тескерисинче, дүйшөмбүдө Горливка деген шаарчада 100 чакты жикчи милиция бөлүмүнө жапырык жасашты.

Өкмөт орусиячылдар ультиматумга көнбөсө, армия ири антитеррордук операция баштайт деп эскерткен. Турчиновдун вебсайтында маалымдалганына караганда, чыгыштагы сепаратисттерге каршы операцияга Украин куралдуу күчтөрү менен бирге БУУнун бейпилдик күчтөрү катышышы мүмкүн.

Лавров Киев өкмөтүнүн орусиячыл активисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерин кубаттагандар жоопкерчиликти түшүнүүгө тийиш деп, күч колдонуу 17-апрелге белгиленген төрт тараптуу сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратышы ыктымал деп билдирди.

Минитср Украинанын ички иштерине кийлигишүү Орусиянын кызыкчылыктарына каршы келээрин айтып, чыгыш чөлкөмдөрдөгү башаламандыктардын артында Москванын тыңчылары турат деген дооматтарды чекте какты.

Ал эми Европа Биримдиги Украинага 1 млрд. евролук (1, 4 млрд. доллар) жардам пакетин жана украиналык товарлар үчүн бажы төлөмдөрүн азайтуу планын бекитти. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери кечээ Люксембурда болгон жыйында Украинанын казынасынан акча уурдоого тиешеси бар дагы төрт адамды кара тизмеге киргизүү чечимин кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG