Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Янукович: ок ачууга буйрук берген эмесмин


Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович үч жыл мурда Евромайдан деген аталыш менен белгилүү окуялар маалында ок чыгаруу буйругун бербегенин айтты. Экс-президент 2014-жылы Киевдеги өкмөткө каршы демонстрациянын катышуучуларына ок ачкан полициянын атайын тобунун мурдагы кызматкерлеринин иши боюнча күбө катары суралды.

Орусияда баш пааналаган экс-президент украин сотуна видео байланыш аркылуу көрсөтмө берди. 2014-жылдын февралында Януковичтин Орусияга качышы менен аяктаган элдик чыгуулар маалында жүздөн көп киши каза болгон. Алардын 48и көзгө атаарлар тарабынан өлтүрүлгөн деп шектелүүдө. Украин бийлиги буйрукту экс-президент өзү берген деп айыптап келатат.

"Мен башынан аягына чейин кан төгүүгө каршы болуп келгем. Мындай буйрукту эч качан бербейт элем", - деди Янукович сотто.

- Майданды күч менен басуу – өкмөттү кулатуу жана бийликке келүү максаты менен жакшылап пландалган жалган операция болгон.

Украиналыктардын көбү мурдагы мамлекет башчынын өзүнүн жоопко тартылбаганына нааразы болушууда.

22-январь, 2014-жыл
22-январь, 2014-жыл

Януковичтин сурагы 25-ноябрга пландалган, бирок Оңчул сектордун улутчулдары күнөөлөнүп жаткан аскерлер кармалган Киевдеги абактын чыга беришин тороп, сотко алып барууга жол бербей коюшкан. Топтун өкүлү соттук угуулардан кийин аларды бошотуп салышат деген кооптонуудан улам ушундайга барышканын, дүйшөмбү күнкү сотко жолтоо болушпай турганын айткан.

28-ноябрдагы сотто Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко Януковичке каршы чыккынчылык беренеси боюнча айып тагылганын билдирди:

- Өз аракеттериңер мыйзамсыз экенин жакшы түшүнүп, Орусия президенти Владимир Путинге ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүн Украина аймагында колдонууну сураган кайрылууну түзүп, кол койгонсуңар. Бул - чет өлкөгө жана анын өкүлдөрүнө Украинага каршы бузуку иштерди жасоого жол ачкан, Орусия Федерациясынын бийликтерине, офицерлерине жана аскерлерине Украинага каршы агрессивдүү согуш ачууга, Конституцияны бузуп, ички чек араларды, Украинанын мамлекттик чек араларын өзгөртүүгө шарт түзгөн. Мунун бардыгы мамлекеттин суверендүүлүгүнө жана аймактын бүтүндүгүнө шек келтирген олуттуу кесепеттерге алып келди.

Ок атты деп шектелгендер
Ок атты деп шектелгендер

Киевдеги өкмөткө каршы демонстрациялар ошол кездеги президент Янукович 2013-жылдын аягында Москвага ыктап, Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин тутанган.

Бир нече жумадан кийин Янукович Орусияга качкан, көп өтпөй орусиялык күчтөр Крым жарым аралын өз көзөмөлүнө алып, чыгыш Украинадагы жикчилдерге колдоо көрсөтө баштаган. Ошондон бери куралдуу жаңжал 9 жарым миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти.

Учурда Ростов-на-Дону шаарында жашап келаткан Янукович массалык адам өлтүрүүгө шектелип, ал иш боюнча тергөө жүрүүдө.

Кремль Евромайдан Батыш тарабынан уюштурулган деп эсептейт жана Киевдин жаңы бийлигинин легитимдүүлүгүнөн күмөн санайт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG