Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

HRW Кытай мусулмандар тууралуу маалымат чогултуш үчүн атайын программа колдонгонун билдирди


Шинжаңдагы үгүт жарнамасы.
Шинжаңдагы үгүт жарнамасы.

«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Шинжаңдагы лагерлерде кармалган эки миңден ашуун уйгурдун тизмесин талдап чыкканын билдирди. Уюм Кытай бийлиги мусулмандар тууралуу маалымат чогултуш үчүн атайын программа колдонгон деп боолголоп турат.

Шейшембиде жарыялаган баяндамасында эл аралык уюм 2018-жылы «Эркин Азия» радиосунан колго тийген документ тууралуу кеп кылат. Аксу префектурасынан алынган тизмеде полициянын атайын программасы мусулмандар жөнүндө маалымат чогултуп, кармалышы керек деген адамдарды белгилеп турганы даана көрүнөт.

Баяндама боюнча комментарий берүү тууралуу өтүнүчкө Кытайдын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы «ал маалыматты төгүндөш үчүн да убакты коротпош керек» экенин билдирген. Кытайдын расмий өкүлү укук коргоочуларды «объективдүү эмес» деп айыптады.

Эл аралык коомчулук Бээжинди Шинжаңдагы улуттук азчылыктарга каршы жүргүзгөн саясаты үчүн көптөн бери айыптап келет. Бириккен Улуттар Уюмунун санагына ылайык, бери дегенде 1 миллион уйгур улутундагылар менен кошо башка түпкүлүктүү мусулмандар атайын лагерлерге айдалган. Жабык жайларды Кытай бийлиги «экстремизмге каршы күрөш үчүн түзүлгөн, кесипке жана тилге үйрөтүү борборлору» деп атап келет.

XS
SM
MD
LG