Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Бөрүбашев: Конституциялык кеңешме юристтердин сунуштарын карап жатат


Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Кыргызстанда Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган долбоорун карап жаткан Конституциялык кеңешме «Адилет» укуктук клиникасынын жана юристтердин берген сунушун караштырып жатат.

Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев бүгүн, 9-декабрда «Азаттыктын» түз ободогу «Ыңгайсыз суроолор» телепрогрограммасына катышкан учурда билдирди.

Анын айтымында, бардык жараян мыйзам чегинде жүрүп, долбоор талкууланууда.

«Бизге «Адилет» укуктук клиникасы абдан жакшы сунуштарды бериптир. Юристтер бирикмеси да сунуш жана сын айтты. Башка сунуштар да түшүп жатат. Биз аны карап, керектүүсүн алып жатабыз», - деди Бөрүбашев.

Жогорку Кеңеш 9-декабрдагы сессиясында 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Парламент жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова «каршы» добуш беришти. Жыйынга катышкан башка депутаттар документти колдоду.

Буга чейин «Адилет» укуктук клиникасы коомдук талкууга коюлган «Конституция жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча кеңири талдоосун жарыялап, документти чийки жана кайра иштеп чыгууга муктаж деп баалаган.

Кыргызстандын медиа коомчулугу, «Медиа полиси институту» уюму жана бир катар юристтер Баш мыйзамдын жаңы долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, парламентке кайрылган, долбоорду кайра чакыртып алууну сунуш кылган.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ишин баштаган.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп жооп кайтарган.

Мыйзам долбоорун парламент үч окууда кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өткөрүлөт. Өлкөдөгү башкаруу ыкмасы президенттик же парламенттик болушу керек экендиги аныкталат. (NT)

XS
SM
MD
LG