Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Эркебаев: Конституцияны сыйлабасак башаламандык улана берет


Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

9-декабрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Саясатчы Абдыганы Эркебаев конституциялык мыйзамдар сакталбай кабыл алынган мыйзамдын келечеги болбойт деп эсептейт.

- Абдыганы мырза, Конституцияны өзгөртүүчү кеңешменин тузүлгөнүнө бир айга чукулдап калды. Алгачкы Баш мыйзамдан тартып, 2010-жылкы Конституцияга чейин салымыңызды кошкон саясатчы катары азыркы киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө кандай баа берүүдөсүз?

- Мен азыркы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы эмесмин, буга чейин да ага канааттанбасымды билдиргем. Анткени, анда бийлик туура эмес бөлүштүрүлүп калган. Үч бийлик: президент, парламент жана өкмөт да өзүнчө бийлик берилгени менен, парламент менен өкмөт аны пайдалана алышкан жок. Мурункудай эле экөө тең өздөрүнүн чабалдыгынан, абсолюттук реалдуу бийликти мурдагыдай эле президентке берип коюшкан.

Азыркы Конституциянын 64-беренесинде президенттин укуктары так жазылган, бирок тилекке каршы Алмазбек Атамбаев да, андан кийинкилери деле өздөрүнүн укугунан аша чаап, каалаган жагына кийлигишип, ички саясатка, социалдык-экономикалык маселелерге, ал аз келгенсип, билим берүү менен саламаттык сактоо тармактарына чейин аралашып, башкарып жатат. Андай болбошу керек.


- Азыркы иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жаңы Баш мыйзамда бийликтин үч бутагына тең укук менен чогуу эле бирдей жоопкерчилик берилет деп билдирип жатышат. Кайра эле иш жүзүндө абсолюттук бийлик бир эле кишинин колуна өтүп кетпейби?

- Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү элдин атынан сүйлөгөнүн угуп калып жатам. Бизде элдин атынан парламент менен президент гана сүйлөөгө акысы бар. Элдин атынан айтуу үчүн жок дегенде алдын-ала иликтеп, социологиялык иликтөө, сурамжылоо жүргүзүш керек.

Азыркы Конституцияда кемчиликтери бар, оңдой турган жерлери бар, бирок аны толук бойдон жараксыз кылуу туура эмес. Булар жаңы Конституция деп атышат. Долбоор деп да айтышкан жок. Баш мыйзамды өзгөртүп, жаңылоо үчүн мыйзамдык жол-жоболору бар. Конституциялык палатанын тыянагын алуу керек эле. Жогорку Кеңеш аркылуу коомчулуктун талкуусуна коюлууга тийиш болчу.

Биз 1993-жылкы Конституцияны үч жыл бою жазганбыз. Кеңешмедеги мүчөлөрдүн компетенттүүлүгү да белгисиз. Мамлекеттик түзүлүштү түшүнгөн, конституциялык иштерге, сотто иштеп жүргөн адамдар камтылышы керек эле. Андай болгон жок да. "Ураалаган" боюнча эле кирип кетишти.


- Алгач Баш мыйзамдын жаңы долбоорун президенттик шайлоо менен чогуу референдумга алып чыгабыз деген дымагын бир катар сын-пикирлерден кийин Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруунун формасын тандоону элге коёлу деп чыкты. Бирок бул тууралуу мыйзам долбоорунун айланасында да алешемдиктер болуп, "Референдум тууралуу" конституциялык мыйзамдар сакталбаганын жарандык активисттер, айрым депутаттар айтып жатышат. Ага карабай, 9-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасы тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алып берди. Бул кайдыгерлик эмеспи?

- Садыр Жапаровдун мурдагы оюнан кайтып, "адегенде элге кайрылып, кандай башкаруу формасы керектигин" билип алуу пикирин түпкүлүгүндө колдойм. Элдин мүдөөсүн билип алып, ошого жараша Конституция жазышы керек. Маселе туура, ой туура. Бирок бүгүн да "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев айткандай, жол-жоболор сакталган жок. Конституциялык мыйзам сакталган жок. Конституциялык палатанын корутундусу жок.

Референдумга байланыштуу мыйзамга Конституциялык палата оюн билдирүүгө тийиш эле. Анын пикирин алып туруп, андан кийин гана Жогорку Кеңеш өздөрүндөгү регламенттен чыкпай, мыйзамды жол-жоболорго ылайык карап, кабыл алышы керек болчу. Тилекке каршы, азыркы парламент "ал" десе алып, "кой" десе коюп жүрүп, канча өкмөт башчыны кетирип, башкаларын коюшту. Азыр деле ошол калыбынан жазган жок.


- Сиз айткандай кайдыгерлик, ура-ура менен кабыл алынган Баш мыйзам, өткөрүлгөн референдум Кыргызстандын эртеңки саясий келечегин аныктайт. Ушундай жол менен бара берсек, кандай өзгөрүүлөр күтүп турушу мүмкүн?

- Тилекке каршы келечекти алдын-ала болжоп, талдап, көрө билбегендиктен улам Кыргызстанда бүгүнкү күндөгүдөй башаламандык болуп жатат. Акыл-эстүүлүккө, мыйзамды, Конституцияны сыйлоого ар бир кыргызстандык үйрөнмөйүнчө, ага жоопкерчилик мамиле жасамайынча, мындай башаламандык улана берет. Тилекке каршы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө эмес, талаш-тартышка алып келет.

Албетте бүгүнкү "Референдум жөнүндө" мыйзам да талаш-тартыш туудурат. Кабыл алынса да чыр-чатак улана берет. Ошондуктан ага жеткирбеш үчүн мыйзам менен, Конституция менен жашасак жакшы болмок.

- Абдыганы мырза, маегиңиз үчүн рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG