Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Активисттер депутаттарга «Маскарачылык жолун» уюштурушту


Жарандык активисттердин «Маскарачылык жолу» акциясы.
Жарандык активисттердин «Маскарачылык жолу» акциясы.

Бишкек шаарындагы жарандык активисттер жана укук коргоочулар Жогорку Кеңештин кире беришинде парламенттин депутаттарына «Маскарачылык жолун» («Дорожка позора») уюштурушту. Алар имаратка кирип жаткан депутаттарга «Наалат!» деп кыйкырып турушат.

Акциянын катышуучулары имараттын кире беришинде эки жакка тизилип, коридор кылып, депутаттарды сынга алган плакаттарды кармап турушту.

Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров жана башка жарандык активисттер VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөнүн, референдум тууралуу мыйзам долбоорун кароого жана кабыл алууга укуксуз экенин айтышууда.

Жарандык коомдун жоон топ өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы чыгып, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 9-декабрда биринчи окууда кабыл алды. Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Мирлан Бакиров 62 депутат каттоодон өткөнүн билдирген. Алардын ичинен долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко «каршы» добуш берди.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун кабыл алуунун өзү мыйзамсыз экенин билдирди. Анын айтымында, «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору тиешелүү жол-жоболордон өтүп, коомдук талкууга коюлгандан кийин гана парламентке келип түшүүгө тийиш.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сунуш кылган. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга алып чыкканын маалымдаган.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан. Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген жана алдыдагы президенттик шайлоого катышканы жаткан Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун билдирген.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өткөрүлөт. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG