Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Депутат Акылбек Жапаровдун аялы салык жашыргандыгы үчүн бюджетке 28 млн. сом төктү


Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты.
Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун аялы Анара Жапарова ээлик кылган компанияларынан жашырылган салыктары үчүн бюджетке 28 млн. сом төгүп берди. Бул тууралуу коррупцияга каршы туруу боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Жалгасынов Башкы прокуратурага караштуу Координациялык кеңештин жыйынынан кийин журналисттерге билдирди. Анын айтымында Жапаровдун аялына таандык компаниялар мамлекетке «90 миллион сом зыян келтирген, анын 28 миллион сому кайтарылды».

Ага чейин Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Жапарованын ишканалары мамлекетке 1 млн. долларга жакын чыгым келтиргенин, анын 200 миң долларга жакыны төлөнгөнүн билдирген.

Маалыматтарга караганда, Анара Жапаровага «МИС» аттуу фирма жана башка компаниялар карайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров бийлик алмашкандан кийин өкмөт башчы Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгон. Коомчулуктун сынынан соң кызматтан кайра бошотулган. Бирок айрым маалыматтарда депутат дагы эле Садыр Жапаровго консультациялык көмөк көрсөтүп келатканы айтылууда.

Учурда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзам долбоорунун автору катары чыгып жатат. (KJ/ErN)

XS
SM
MD
LG