Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:59

АКШнын Соода комиссиясы «Facebook» компаниясын сотко берди


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Соода комиссиясы (Federal Trade Commission, FTC) жана 46 штаттын, Колумбия, Гуам округдарынын прокурорлорунан турган топ 9-декабрда «антимонополиялык мыйзамдарды бузду» деп «Facebook» компаниясына каршы сотко кайрылды.

Соода комиссиясы тараткан маалыматта доо арызда компания «активдерин, анын ичинде «Instagram» менен «WhatsApp» социалдык тармактарын да сатышы керек» деген талап жазылганы айтылган.

Арыздануучулар компания «WhatsApp» менен «Instagram» сервистерин мыйзамсыз сатып алган, «Facebook» дээрлик он жыл бою атаандаштарына бут тоскон, аларды баш көтөрткөн эмес, монополияны пайдаланган, муну менен мыйзам бузган деп эсептешет.

«Facebook» компаниясы өзүнө каршы жазылган доо арызды талдап жатканын билдирди.

«Facebook» компаниясы «WhatsApp» мессенжерин 2014-жылы, «Instagram» сервисин 2012-жылы сатып алган.

XS
SM
MD
LG