Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Дыйканбаевди камакка жетелеген шайлоодогу иш


Курманбек Дыйканбаев «Биримдик» партиясынын үгүт иштерин жүргүзүп жаткан учуру. Шайлоо өнөктүгү учурунда тартылган сүрөт.
Курманбек Дыйканбаев «Биримдик» партиясынын үгүт иштерин жүргүзүп жаткан учуру. Шайлоо өнөктүгү учурунда тартылган сүрөт.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев соңку парламенттик шайлоодо партиялардын бирине мамлекеттик ишканадан акча өндүргөн деп шек менен кармалды.

Дыйканбаев бул кызматка Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кезде келген жана шайлоого «Биримдик» партиясынын атынан катышкан эле. Бул жагдай түрдүү жоромолдорго жем таштады.

«Шайлоо үчүн акча алган»

Курманбек Дыйканбаев кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-ноябрь күнү кечинде кабарлады. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айыпталып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.

УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов 25-ноябрда «Азаттыкка» иштин чоо-жайы тууралуу атайын кызматтын версиясын айтып берди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«УКМК президенттин аппаратынын орун басары рангындагы, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнө карата сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо өнөктүгүнүн убагында ал саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисинен 7 миллион сомдон ашык акча каражатын которууга мажбурлаганы аныкталды. Эгерде баш тартса ээлеген кызматынан бошотуу менен коркуткан».

Атайын кызмат тараткан тергөөнүн маалыматына ылайык, Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган каражатты шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгон. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

УКМК акча өндүрүлгөн мамлекеттик ишкананын жана партиянын аталышын тактаган жок. Бирок айрым басылмалар ишкана «Дастан» ачык акционердик коому болушу мүмкүн экенин, ал эми партия «Биримдик» экенин жазып жатышат.

Арийне, Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн кызматын убактылуу токтотуу менен быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынан катышкан болчу. Тизмеде ал 58-катарда турган жана өзү төрөлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунда үгүт иштерин жүргүзгөн.

Айыптоого байланыштуу Дыйканбаевдин өзүнөн же жактоочусунан маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

«Биримдик» партиясынын жетекчилиги да маселеге комментарий бере элек. Партиянын төрагасы Марат Аманкуловго, негизги талапкерлери Төрөбай Зулпукаров менен Улукбек Кочкоровго чалып, жооп ала алган жокпуз. Шайлоо өнөктүгү учурунда партиянын басма сөз катчысы болуп иштеген Адилет Султаналиев жумуш келишими бүткөнүн билдирип, жагдай жөнүндө позициясын айта албай турганын белгиледи.

Шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болуп чыккан депутат Евгения Строкова Дыйканбаевге коюлган айып тууралуу кыскача мындай деди:

Евгения Строкова.
Евгения Строкова.

«Бул жөнүндө комментарий бере албай калам го. Өзү айтса болмок. Жеке мен буга ишенгим келбейт. Сиз акча боюнча менден сурап жатасыз, маселен мен шайлоодо эч кандай акча колдонгон жокмун. Менден эч ким акча алган эмес. Анан мен эмнени айта алмак элем? Азыр ансыз да «Биримдикке» аябай көп чабуул болуп жатпайбы. «Биримдикти» айыптап кыйкырып жаткандардын көбү «ушул партияга кирем» деп чуркаганын мен жакшы билем. Бийликчил деп жаткан ушул «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынын штабында ошолордун көбү кезекте турушкан. А мага бир нече партиядан сунуш болгон, мен болгону тандап алгам».

Темага байланыштуу президенттик аппарат үн каткан жок. Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов тактап көргөндөн кийин жооп берерин айтты.

Кармоонун төркүнү

Мурдараак айыл чарба жана өз алдынча башкаруу органдарында иштеп келген Курманбек Дыйканбаев 2011-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынан депутат болгон. Ортодо ишкерчиликте жүрүп, 2018-жылдын 14-февралында, ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалган.

Быйыл октябрдагы массалык баш аламандыктан кийин бийлик жарым-жартылай алмашып, президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппаратындагы жооптуу кызматкерлери иштен кеткени менен Курманбек Дыйканбаев ордунда калган.

Ал жаңы өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп калгандан кийин парламентте анын позициясын жактап турган. Жапаров президенттик шайлоого аттанып, президенттин милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарып жаткан учурда камалып олтурат.

Саясий талдоочу Мүсүркул Кабылбеков Дыйканбаевдин кармалышы мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго жана анын командасына ыргытылган укурук деп боолголойт.

Мүсүркул Кабылбеков.
Мүсүркул Кабылбеков.

«Менин оюмча бул жөн эле катардагы кармоо эмес, бул көп тараптуу максатты көздөгөн жана кайсы бир негиздерге таянган кармоо. Мунун артында балким Сооронбай Жээнбеков менен кайсы бир маселе боюнча соодалашуу турушу мүмкүн. Анткени Дыйканбаев «кимдир-бирөө көрсөтмө берди» деп айтып бериши ыктымал, мындан башка да көп нерсени билсе керек. Башкача айтканда муну менен шайлоого байланыштуу алардын колу-бутун байлап коюуну көздөп жатышат. Башкалар утуп кетеринен чочулап, алар толугу менен Садыр Жапаровго иштеп беришин камсыз кылыш үчүн ушундай ыкманы колдонуп жатышкандыр. Экинчи жагынан алганда, жаңы бийлик элге өзүн көрсөтүш үчүн кандайдыр бир жыйынтыктарды бериш керек болуп жатпайбы. «Коррупция боюнча мынча иш козгодук, мынча акчаны калыбына келтирдик» деш үчүн болгон иштерди казып жатышы да мүмкүн», - деди серепчи.

Экс-депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков УКМК Дыйканбаевге коюп жаткан айыптоолордо негиз бар деп эсептейт. Ал ошол эле учурда бул ишке кириптер болгон башка кишилердин да жоопкерчилигин кароого чакырды:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«Шайлоо убагында бир эле бийликтин партиясында эмес, көп партияларда ошондой каражатка байланыштуу чатактар болуп жатканын баарыбыз билебиз. Ошонун ичинде буга мамлекеттик жогорку кызматта турган көпчүлүк адамдар аралашты. Негизинен президенттин айланасындагы адамдар бийликтин партияларына керектүү талапкерлерди, акчасы барларды тартып, мамлекеттик ишканалардан, акционердик компаниялардан акча чыгаруу менен алектенишет. Ошондуктан Курманбек Дыйканбаевдин соңку шайлоодо өзү иштеген партияга акча тартып, ушундай аракеттерге барганы чын деп айта алам. Дыйканбаев менен Сооронбай Жээнбеков экөө 20 жылдан бери айыл чарба тармагында чогуу иштеген киши катары мамилеси бар экенин, дос экенин мен жакшы билем. Керек болсо Кой-Таш окуясы боюнча да мен кармалган учурда да Дыйканбаев мага Сооронбай Жээнбековдун атынан чыгып, «Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, качып кет» деп сунуш кылган. Мен андан баш тарткам. Ал президенттин атынан парламентте жашыруун көрсөтмөлөрдү берип, депутаттарга таасир этүү менен алектенгенин да тана албайбыз. Бирок ошол эле «Биримдикке» акча алып келүүнү Дыйканбаев өз алдынча кыла алмак эмес. Аны Сооронбай Жээнбековдун жана Асылбек Жээнбековдун уруксаты менен кылган деп эсептейм. Демек бул жерде алардын да жоопкерчилиги да каралышы керек».

Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп турганда анын басымына кабылганы тууралуу бир нече депутат даттанып чыкканы бар.

Анын ичинде депутат Ирина Карамушкина өзүн жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерин Сооронбай Жээнбековдун атынан Дыйканбаев коркутканын 2018-жылы билдирген. Ушул эле жылы дагы бир депутат, азыркы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөнү үчүн аны Курманбек Дыйканбаев опузага алганын айткан эле.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Палатанын ичинде кызматташтар ортосунда бир кырдаал жаралып калды. Ошону такташып жатканда президенттин парламенттеги өкүлү эки кызматташымдын көзүнчө үнүн бийик чыгарып, ачык эле коркутуп калды. Ал киши бир нече маселени көтөрбөөнү суранган. Мен болбой эле комитеттен да көтөргөм. Ал кишинин ачуусу келди окшойт. Биз комитеттен «Росинбанкка» тиешелүү маселени карап жатканда да ал адам аны көтөрбөй эле коюуга чакырган. Ал боюнча туура эмес нерселер чыгып жатат. Биз аны прокуратурага текшерүүгө жөнөттүк. Улуттук банктын иштери жана «Кыял» мамлекеттик ишканасына тиешелүү деп ойлоп жатам. Биз эмнеге мындай реакция болуп жатканын түшүнбөй калдык. Кийин ойлосом ал бир нече жолу эскерткен. Бул маселе өлкө жетекчисине жетишин каалаган эмес», - деген Элвира Сурабалдиева 2018-жылдын 23-декабрында «Азаттыкка» берген комментарийинде.

Курманбек Дыйканбаев анда бул тамаша сөз болгонун, «курч маселелерди көтөрүүдө этият бол» деген мааниде айтылганын «Азаттыкка» айткан болчу.

Курманбек Дыйканбаев.
Курманбек Дыйканбаев.

«Ал тамаша сөз болчу. Төрт киши отурганбыз, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп жөн эле сөз чыгып калды. Өзү катуу сын айтып жатпайбы. «Жаш депутатсың, этият бол» деген мааниде эле карындашыма кайрылгандай эле айткам. Мен да окуп алып таң калдым», - деген ошол учурда Дыйканбаев.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого жалпы 16 партия катышкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, анда «Мекеним Кыргызстан» партиясы 142 млн. 503 миң сом коротуп, эң бай партиялардын биринчи тизмесине жазылган. Андан кийин эле «Кыргызстан» партиясы шайлоого 123 млн. 666 миң сом жумшаса, «Биримдик» партиясы 104 млн. 664 миң сом жумшаган.

Шайлоо жыйынтыгында ушул үч партия жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясы гана босого чектен өтүп, парламентке кирген. Бул жыйынтыкка калган партиялардын өкүлдөрү нааразы болуп 5-6-октябрда митингге чыккан, анын соңунда Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имараты талкаланган. Шайлоонун жыйынтыгы да жокко чыккан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG