Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Камактагы саясатчылардын бийликти сынаган иши


Ала-Тоо аянтындагы нааразылык акциясы. 9-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы нааразылык акциясы. 9-октябрь, 2020-жыл.

Экс-президент Роза Отунбаева жаңы бийлик келгени саясий куугунтукка кабылгандардын бир бөлүгү акталып, башкалары акталбай турушун «саясий парадокс» деп атады.

Экс-президент Роза Отунбаева мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда саясий буюртма менен камалган жана соттолгон саясатчылардын баарынын ишин сотто кайрадан калыс карап чыгууга чакырды. Бул тууралуу пикирин ал 15-ноябрда «АКИpress» маалымат агенттиги менен болгон маегинде билдирди.

Отунбаева 5-6-октябрдагы өлкөдө болгон окуяларга комментарий берип жатып, анын бир нече себеби болгонун, анын ичинде саясий негизде камалгандар көбөйүп кеткенин да белгиледи.

«Мурдараак «New York Times» басылмасы «Жапаров түрмөдөн чыгары менен дароо премьер-министр болуп калды» деп жазганын билесиздер да. Бул фраза дүйнөгө тарап кетти. Кыргызстан дагы бир жолу үрөй учурган саясий парадокстор менен таанылды», - деди ал.

Отунбаева Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талантбек Мамытов бийликке бараткан жолдо соттогу маселесин чагылгандай ылдам чечип алганын, аларга карата бардык соттук чечимдер жокко чыгып, ошондой эле абалдагы башка саясатчылардын иши каралбай жатканын сынга алды:

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

«Текебаев, Чотонов, Салянова, Сарыгулов, Асанов, Султанов, Талгарбеков, Кадыров, Калматовдун чечимдери ошол боюнча эле калды. Муну кандай түшүнсө болот? Атамбаев соттогон ондогон адамдар бар. Алардын бардыгы акталган эмес. Алардын соту жабык өткөн. Айыптоолор токулган, саясий жүйө менен, керек болсо негизсиз десе да болот. Эгер биринчи үчилтик бийик кеңселердеги башкы кызматтарга жете алса, анда бул жарандарыбыздын баарынын ишин тез арада ачык жана калыс каралышын камсыз кылып бергиле. Акыйкат аларга да жетиш керек! Жаңы бийлик убада берген жеке өч алуудан кол үзүү так ушундай болушу керек».

14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучулук кызматын өткөрүп, премьер-министрликти убактылуу токтоткон Садыр Жапаров кызматта турган учурунда мындан ары саясий куугунтук болбой турганын бир нече ирет кайталады.

Ал 16-октябрда жалпы кыргызстандыктарга кайрылуусунда саясий мотивдер менен соттолгондорго өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүнө убада берген. Жапаров 14-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда парламенттин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып, өзү да саясий куугунтуктун курмандыгы болгонун баса белгилеген:

«Саясий куугунтукту мен жана менин үй-бүлөм, бир туугандарым көрдү. Бизчелик жон териси менен сезген адилетсиздикти башынан өткөргөндөр араңыздарда жок болушуңар керек. Саясий куугунтукту өз башымдан өткөргөн адам катары мен мындай кадамга барбайм».

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып коюлуп, 2017-жылы 11 жыл алты айга кесилип, 2019-жылы ал жазаны сот бир жыл алты айга кыскарткан. Түрмөдө жаза өтөп жаткан Жапаровду тарапташтары 5-6-октябрдагы тополоңдо бошотуп, кийинчерээк, бир айга жакын өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп турду. Бул аралыкта Садыр Жапаровду жана анын саясий санаалаштары Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовду сот чукул арада актады.

Атамбаевдин бийлигинин тушунда «2016-жылы бир нече саясатчы менен кошо бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалып, түрмөгө олтуруп чыккан саясатчы Бектур Асанов сотто акталарына үмүт кылып турат.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Биздин иш ушул жылдын 25-ноябрында Жогорку сотто каралат, - деди ал. - Сот бизди толук актайт деп ойлойм. Саясий, коомдук ишмерлер жана Садыр Жапаров саясий куугунтук тууралуу ойлорун билдиришти. Бул сөздөргө биз да ишенип турабыз. Буга чейинки соттун өкүмдөрү жокко чыгат деген үмүтүбүз бар. Ишти кароого жөнөтөт. Себеби мен да президенттикке талапкер катары шайлоого баратам. Соттун өкүмдөрү жокко чыкса шайлоого катышканга толук укугум болот. Эгер мени актабай койсо анда Садыр Жапаровдун да шайлоого барганга моралдык укугу жок болуп калат. Ошондо азыркы бийликтин чыныгы жүзү ачылат».

2016-жылдын мартында «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалган төрт саясатчынын бири, төрт жылга шарттуу кесилген Дастан Сарыгулов соттордун калыс болушунан күмөн санап турат.

Дастан Сарыгулов.
Дастан Сарыгулов.

«Мени актамак тургай мунапыс тууралуу мыйзам үч жолу чыкса да мага колдонулган жок, - деди ал. - 5-6-октябрдагы окуялардан кийин тогуз киши чогулуп Садыр Жапаровдун атына кат жөнөткөнбүз. «Комиссия түзүп, биздин ишти карап, мыйзамдын негизинде чечим кабыл алгыла» деп жаздык эле. Андан бери жооп болгон жок. Мен буга чейин Жогорку сотко даттанган эмесмин. Бирок жакында эле кайрылдым. Бирок ал каралабы-каралбайбы, белгисиз. Атамбаев мыйзамды одоно бузду, Сооронбай Жээнбеков аны улап, көрмөксөнгө салып койду. Ал эми азыркы бийлик өздөрүн актап, калгандарына тандалма иш кылып жатат. Биздин иш эми калыс каралат деп айтуу кыйын».

27-октябрда «Саясий туткундарды коргоо комитети» 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган жана ага чейин президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылды. Комитет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда анын режимине каршы чыгып, соттолгон саясатчылардын ишин кайра кароого чакырган.

Комитеттин жетекчиси Адил Турдукулов буларга токтолду:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Саясий туткундар - бийликке каршылык көрсөткөн, акарат келтирген адамдар. Ошонун айынан камакка алынгандар десек болот. Азыркы учурда саясий туткундардын эң башкы фигурасы - Атамбаев жана Кой-Таш окуясы үчүн шек саналып жаткандар. Алар - Канат Сагымбаев, Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев жана Дамир Мусакеев. Булар өз кызматын аткарышкан. Башаламандык болуп кетпесин дегендерди «Атамбаевдин кишиси» деп камакка алып коюшканы туура эмес. Паракорлор эркиндикте жүрүп, саясий негизде камалгандар абакта отурганы - кош стандартуулуктун белгиси».

«Саясий туткундарды коргоо комитетинин» эсебинде, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 30дай саясатчы саясий буюртма менен камалган. Кийин Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин алардын бир тобу акталган же иштери кайра кароого жиберилген.

Ошол эле учурда Жээнбековдун тушунда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган бир топ саясатчылар камалган.

6-октябрдагы башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып кеткен он чакты саясатчынын көбү кайра кармалды. Айрымдары өздөрү абакка кайтты. Ибраимов менен Исаков дайынсыз болуп жатса, Равшан Жээнбеков үй камагына чыкты.

XS
SM
MD
LG