Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Новиков: Бизнести коркуткан кримтөбөлдөр кармалды


Артем Новиков
Артем Новиков

Кыргызстандагы экономиканын абалы, бажыдагы коррупция, бизнеске криминалдын таасири жөнүндө суроолорго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жооп берди.

"Азаттык": - Сиз кыргыз экономикасынын учурдагы абалын кандай мүнөздөйт элеңиз? Дүйнөлүк банктын адистери быйыл Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан чейрек кылымда биринчи жолу экономикалык рецессияны башынан өткөрүп жатканын жазып чыкты. Кыргызстандын экономикасы стагнацияга туш келген жокпу?

Артём Новиков: - Азыркы кырдаал жалгыз эле Кыргызстан үчүн эмес, жалпы дүйнө үчүн да оор болуп турат. Коронавирус пандемиясы бардык өлкөлөрдүн экономикалык активдүүлүгүн басаңдатты, инфекцияны жайылтпоо үчүн жарыяланган карантиндер, өлкөлөр ортосундагы чек аралардын жабылышы, анын айынан жарандардын каттамы менен жүк ташуунун токтогону көпчүлүк мамлекеттерге таасирин тийгизди. Ал эми Евразия Экономикалык Биримдигине кирген, КМШга мүчө бир катар өлкөлөрдүн экономикасында басаңдоо байкалат.

Быйылкы жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономика 8 пайызга төмөндөдү. Ачыгын айтканда, мындай терс көрсөткүчтөр өлкөбүз эгемендик алган 1990-жылдардан бери каттала элек болчу.

Кыргызстандык дарыгерлер
Кыргызстандык дарыгерлер

“Азаттык”: - Ошол эле учурда инвестициянын кыскарышы менен катар өлкөдөн чыгарылган капиталдын көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп экени айтылып жатат. Өлкө ичиндеги каражаттын сыртка чыгышы экономикадагы абалды дагы начарлатпайбы?

Артём Новиков: - Кырдаал оңой эмес, бизде эле эмес, жалпы жагдай ошондой. Кыргызстанда социалдык-экономикалык туруктуулукту кармоо үчүн болгон аракетти көрүп жатабыз. Октябрь айында чукул жасалчу иш-чаралардын планын бекиткенбиз. 50 пункттан турган планда инвестордун коопсуздугун, кол тийбестигин камсыздоо да каралган. Октябрдагы окуялар инвестордун, ишкерлердин маанайына таасирин тийгизди. Бир катар инвесторлор менен финансы институттары кандайдыр бир күтүү режимине өтүп алышты.

Бактыга жараша, Кыргызстан конституциялык жолго түшүп, мыйзам талаасында иштеген өкмөт дайындалды. Мөөнөтсүз президенттик шайлоо жарыяланып, ушул тапта шайлоо өнөктүгү өтүп жатат. Албетте, мунун баары инвестордун, ишкерлердин маанайына таасир этпей койбойт.

Мен өлкөдөгү инвесторлор иштеп жаткан, анын ичинде чет элдик капитал салынган объекттерди кыдырып келдим. Алар менен баарлашканда көптөрү инвестициялык программаларын улантарын билдиришти. Мындан сырткары салык саясатында да бир топ өзгөртүүлөр каралууда.

Коррупцияга каршы күрөш, өлкө аймагына аткезчилик аркылуу кирген товардын агымын тыюу багытында иштер жүрүп жатат. Азыр Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагында товарды көзөмөлдөө үчүн “Бириккен өткөрмө бекет” деген долбоор башталып жатат. Кыргызстанга үчүнчү өлкөдөн кирген товардын кайда баратканына, айрыкча бажы бекеттеринен кирген-чыккан кыймылга көз салып туруу үчүн системаны толук автоматташтыруу жана модернизациялоо жүрүп жатат.

"Азаттык": - Адистер белгилегендей, ушул тапта Кыргызстандан капитал сыртка агылып жатат. Быйыл өлкөдөн мурдагы жылдарга салыштырмалуу жүздөгөн миллион доллардан ашык каражат чыгарылып кетти. Мындай кырдаалга эмне себеп болууда жана өлкөдөгү ишкерлердин ишенимин кайтаруу үчүн эмне кылуу керек?

Артём Новиков: - Быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандан чыгарылган инвестициянын көлөмү 720 миллион долларды түзүп жатат. Бул албетте, мурда болуп көрбөгөндөй көрсөткүч. Мындай бизде эч качан болгон эмес. Бул кырдаал биринчи кезекте пандемияга байланыштуу болуп жатат. Эл аралык чектөөлөрдөн улам биздин рынокто иштеген көптөгөн адистер келе албай жатышат. Айрыкча бул кендерди чалгындоо, кен иштетүү тармагындагы адистерге тиешелүү. Өлкөбүздө буга чейин иштеп келген ири долбоорлор, курулуп жаткан өндүрүшкө ар кандай жабдык чет өлкөлөрдөн ташылат. Алар пандемиялык чектөөлөрдөн улам азыркыга чейин келбей турат.

Чет өлкөлүк базарларда иштеген көптөгөн компаниялар өздөрүнүн инвестициялык-финансылык пландарын өзгөртүп, бул жакка каражат салуудан карманып турушат. Жалпы чыгарылган каражаттын 320 миллион доллары кайра инвестицияга тиешелүү. Ошондуктан акыркы кырдаал пандемияга, ошондой эле башка өлкөлөрдүн экономикасына жана сыртта турган бир катар ишканалардын ички саясатынан да көз каранды болуп жатат.

“Азаттык”: - Мен бул жерден жергиликтүү ишканалардын өз каражаттарын чыгарып кетип жатканы боюнча сурап жатам. Мисалы, бир катар атамекендик ишкерлер, ишканалар акчасын, компанияларын коңшу өлкөлөргө чыгарып кеткени боюнча маалыматтар көп айтылып жатат. Дал ушундай тендеция байкалуудабы жана өкмөт ушул маселенин үстүнөн иштеп жатабы?

Артём Новиков: - Албетте, өкмөт бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Сиз айткан тобокелдиктер октябрдагы окуялардын алгачкы күнүнөн тартып эле башталган. Себеби, көптөгөн ишкерлер окуялар кандай өнүгөт, өлкө качан мыйзамдык талаага, конституциялык нукка түшөт деп чочулашкан. Өкмөт ишке киришкен биринчи күндөн тартып эле Улуттук банк болуп бир катар тиешелүү чараларды көрүп, кырдаалды турукташтыруунун үстүнөн, анын ичинде эл аралык акча которуулар боюнча бир топ аракет жасады. Азыркы тапта өкмөт инвесторлордун жеке менчигинин коопсуздугун сактоого толугу менен кепилдик берет.

Бул жаатта жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын капиталы менен мүлкүн легалдаштырууга мунапыс берген мыйзамга кол коюлду. Ушул тапта Жогорку Кеңеште өз ыкласы менен байлык-мүлкүн декларация кылып, легалдаштырса, жоопкерчиликтен куткарган мыйзам долбоору жатат.

Мындан сырткары өкмөт укук коргоо органдарынын ишкерлерди текшерүүсүнө тыюу салган токтом кабыл алдык. 2021-жылдын жарымына чейин салык органдарынын текшерүүсүн токтоттук. Ал эми башка тиешелүү мекемелердин бизнести текшерүүнү 2022-жылга чейин чектөөнү узарттык. Ушунун баары жалпы абалды оңдоого жардам берет деп ойлойм.

"Азаттык": - Айрым эксперттер жергиликтүү ишкерлерге уюшкан кылмыштуу топтор катуу басым-кысым көрсөткөнүн айтып жатышат. Өкмөттө мындай маалымат барбы?

Артём Новиков: - Ушул тапта бизнести бутага алып, басым көрсөтүп жатканы тууралуу маалыматыбыз жок. Мен жогоруда айтып кеткендей, биз ишкердикти жана инвестицияны коргоо үчүн колдо болгон аракеттин баарын көрдүк.

Тоо-кен ишканалары тууралуу айтсам, алардын ичинен алтоо ишин кайра жандандырды. Анын ичинде чет элдик капитал менен иштеп жаткандары да бар. Ал эми жергиликтүү компаниялар тууралуу айтсам, өзүңүздөргө маалым болгондой, жакында мыйзамсыз иштерди жасоону көздөгөн таасирдүү криминалдык лидерлер кармалды. Балким жер-жерлерде майда чыр-чатак болушу мүмкүн, бирок ал тууралуу маалымат чыгары менен өкмөт жана укук коргоо органдары ыкчам түрдө чара көрүүгө аракеттенип жатат.

“Азаттык”: - Кыргызстандын бюджети негизинен салык жана бажы төлөмдөрүнөн куралат эмеспи. Сиз жакында эле бир нече чек ара, бажы өткөрмө бекеттеринде болуп, бир катар кемчиликтерди ачык айттыңыз. Кыргызстандагы бажы системасындагы коррупция боюнча абдан көп фактылар айтылды, журналисттик иликтөөлөр жасалды. Бажы тармагындагы дал ушундай коррупциялык схемалар дале болсо иштеп жатканы боюнча маалыматтар көп. Эмне себептен жоюлбай жатат жана дегеле бажыдагы коррупция боюнча кандай комментарий бере аласыз?

Артём Новиков: - Чынын айтсам, эмнеге таянып дал ушундай сөздөр жүрүп жатканына көп түшүнбөй турам. Сиздер Кытай менен соода жүгүртүүнүн көлөмү пандемияга чейинки учурга салыштырмалуу 10 эсе кыскарып кеткенин билесиздер. Айына көп болсо 100 эле машине кирип жатат. Дал ушундай импорттун көбөйбөгөнүнө карабай ноябрь айында бажы төлөмдөрү өткөн айларга салыштырмалуу жалпысынан 13,7 пайызга көбөйдү. Айрым тармактар боюнча 30 пайызга чейин өсүү байкалууда. Ноябрь айында Бажы кызматы быйылкы жылдын эсебинен алгачкы жолу бюджетке толтуруу боюнча планды 100 пайызга аткарышты.

Салык кызматы боюнча айта турган болсок, учурда биздин эң башкы милдетибиз ЕАЭБден келген товарларды каттоого алган “Бириккен өткөрмө бекет” аттуу автоматташтырылган системаны ишке киргизүү болуп турат. Бул системанын кемчиликтерин Салык кызматы билет, күн сайын аны ишке ашыруунун жүрүшүн көзөмөлдөп жатышат. Бүгүнкү күндө товарды коштоп жүрчү документтерди сканирлөө, тиешелүү органдар ортосундагы документ алмашуу системалары ылайыкташтырылып жатат. Биз бул система 20-декабрдан тартып адаптацияланып, иштей баштайт деп үмүттөнүүдөбүз.

“Азаттык”: - Демек, сиз бажы өткөрмө бекеттери ачык-айкын иштеп, калктагы жана сырткы өнөктөштөр буга чейин айтып келген күмөн саноолор жокко чыкты деп айткыныңыз келип жатабы?

Артём Новиков: - Сөзсүз түрдө ошондой болот. Андан башка жол жок. Учурда өкмөттүн алгачкы планы сырттан келген товарлардын максималдуу түрдө каттоого алынышын камсыз кылуу. Мен буга чейин “Эркештам”, “Торугарт”, кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларындагы өткөрмө бекеттерге барып, иши менен таанышып келдим. Дал ушул сапарлардын жыйынтыгында бажы көзөмөл бекетинин, салмак-габариттик көзөмөл мекемелеринин бир нече жетекчиси кызматтан алынды. Мындан сырткары Салык кызматындагы кызматтык иликтөө аяктап жатат.

Мамлекеттик чек арадан өткөн товарларды толук кандуу каттоого алып, ачыктыкты камсыз кылуу толугу менен жолго коюлат. Өлкөгө жүк ташып кирген ар бир автоунааны каттай турган автоматташтырылган система ишке кирет. Дал ушундай эле система аэропорт жана темир жол аркылуу кирген товарларга да киргизилет.

“Азаттык”: - Сиз бир нече жетекчи иштен алынганын айтып жатасыз. Алардын аракеттерине укуктук баа берилеби?

Артём Новиков: - Бул маселе компетенттүү органдардын кароосуна коюлат. Биз конкреттүү чараларды сунуштадык, учурдагы курам боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми кимде ким жаңы принципке, жаңы эрежелерге ылайык иштегиси келбесе аларга башкача мамиле болот.

“Азаттык”: - Жогоруда сөз болуп жаткан инвестициянын азайышы, өлкөдөн иштеп жаткан компаниялардын чыгып кетиши пандемиялык шартта жумуш орундарынын кыскарышына алып келип жатат. Мисалы, жакында эле тоо-кен тармагындагы бир нече ишкана токтоп калганда 1000дей адам ишсиз калганы айтылган. Учурда канча адам жумушун жоготту?

Артём Новиков: - Чынында, октябрь айындагы окуялардан соң тоо-кен тармагындагы 1000 эмес, 3000ден ашык жумушчу орун убактылуу токтоп калган. Азыркы күндө дээрлик 3000дей жумуш орду калыбына келип, иштей баштады. Алар “Алтын кен”, “Солтон-Сары”, “Эти-Бакыр Терексай”, Жамгыр, Кичи-Чарааттагы ишканалар өз ишин улантып жатат.

Учурда Жерүй кенин иштеткен “Альянс-Алтын” ишканасынын ишин жандандыруу боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Дагы бир нече объект бар. Анда иштеген жумушчулар акы төлөнбөгөн эс алууда болуп жатат. Биз бул боюнча күн сайын иштеп, компаниялардын жетекчилиги, жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Азыр мен сизге маек берип жаткан учурда өкмөттүн тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү кендерге барып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүп жатат. Жылдын аягына чейин бардык компаниялардын ишин жандандырабыз.

“Азаттык”: - Сиз тоо-кен тармагындагы абалды гана айтып жатасыз. Ал эми пандемиядан улам канча адам жумушсуз калды жана аларга жардам көрсөтүү жагы каралабы?

Артём Новиков: - Пандемия учурунда канча адам ишсиз калганы боюнча эсептер жүрүп жатат. Бир катар ишканалар өз адистеринен ажырабаш үчүн иши токтоп турса да айлык төлөп берип жатат. Ал эми патенттик негизде иш кылган адамдар жөнүндө айта турган болсок, пандемияга чейин 80 миңдей адам катталып, уруксат алчу. Быйыл апрель-май айларында, чектөөлөр болуп жатканда 20 миң адамга чейин кыскарып кеткен. Ал эми ноябрдын аягында кайрадан патент алгандардын саны 80 миңге жакындаптыр. Бирок маселе бар. Аны жок деп көз жуумп коюу туура эмес.

“Азаттык”: - Чынында эле экономикалык абал жакшы эмес экенин айтып жатасыз. Дал ушундай кырдаалда жарандарыбызга айлык, пенсия, жөлөкпул төлөө жаатында маселе чыкпайбы?

Артём Новиков: - Бюджеттин корголгон беренелерин төлөө боюнча эч кандай маселе болбойт. Биз өткөн аптада эле 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргиздик. Анда толугу менен бюджеттин корголгон бөлүгүнүн чыгымдарын аныктадык. Ноябрь, декабрь айларына кассалык пландар түзүлдү. Айлык акылар боюнча каражаттар бөлүнүп жатат жана жыл аягына чейин өз тартиби менен төлөйбүз. Пенсия, жөлөкпул, дегеле өкмөт бардык социалдык милдеттенмелерин толугу менен аткарат. Буга кошумча тышкы карызды төлөө боюнча да маселе болбойт. Ошондой эле биздин өнөктөштөр менен карызды кечүү жаатында иштерди жүргүзүп жатабыз.

“Азаттык”: - Өкмөт 2020-жылдан эмне сабак алды? Акыркы кризис, кыргыз экономикасынын көйгөйлөрүн дагы ашкерелеп көрсөттүбү?

Артём Новиков: - Азыркы кырдаалдан алган эң чоң сабагыбыз - өз каражатыбызга жараша жашоону үйрөнүшүбүз керек. Дал ушул максатта бюджет мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү пландап жатабыз. Анда бюджеттеги социалдык милдеттенмелерди чогултулган салыктын көлөмүнө байлап коёлу деп жатабыз. Ал эми калган каражатты экономиканы өнүктүрүүгө жумшашыбыз керек.

Экономика канчалык күчтүү, бизнес туруктуу болсо быйылкыдай кризистерди ошончолук жеңил жеңип чыга алабыз. Биз саламаттык сактоо, билим берүү, чукул кырдаалдар тармактарын кризистик көрүнүштөргө туруштук бергендей кылып өнүктүрүшүбүз керек.

Новиков: Акчабызга жараша жашаганды үйрөнүүбүз керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:15 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG