Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:59

Кытайдан карыз алууну токтотуу сунушталды


АКШ доллары жана Кытайдын юаны.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев мындан ары Кытайдан карыз алууга тыюу салууну сунуштады. Ал коңшу өлкөдөн алынган бересе өсүп кеткенин кабарлап, арты эгемендикке коркунуч алып келерин эскертүүдө. Бул демилгени сынга алгандар да, колдогондор да бар.

Бир депутаттын долбоору

Депутат Марлен Маматалиев тыштан карыз алууну чектөө механизмин Бюджеттик кодекске киргизүү боюнча долбоор сунуш кылды.

Тагыраагы ал «бир булактын насыясы жалпы аласанын 50% ашпаш керек» деген норма сунуштап жатат. Ага ылайык, Кытайдан алынган карыз жалпы тышкы карыздын 42,5% түзөт жана акчанын кунуна байланыштуу ал өссө, автоматтык түрдө бул өлкөдөн карыз алуу тыйылмакчы.

Эл өкүлү бул демилгесин каржылык көз карандылык коркунучу менен түшүндүрүүдө:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Бюджет кодексинин 59-беренесине бир пункт сунушталып жатат. Бул жерде бир булактан 50% ашпасын деген мааниде айтканыбыздын себеби, биз бир топ эл аралык институттардан карыз алабыз. Бирок анын эң оңою Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы (Эксимбанк), анын бюрократиясы жок, шарттары жеңил, бат беришет. Ошол эле учурда алар менен болгон макулдашууларда Кыргызстандын эгемендигине доо кетире турган, келечегибизге кооптуу пункттар жазылып калган. Ошондуктан, эгер карыз ала турган болсок, Эксимбанктан эле ала бербей, башка булактардан алууга аракет кылсын деп жатабыз», - деди Марлен Маматалиев.

Депутат сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында биринчи окуудан кабыл алынды. Ал күнкү жыйында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков долбоордогу айрым нерселерди карап чыгуу керектигин билдирип, чектөөнү негизинен колдой турганын маалымдады.

Эми тармактык комитеттер карап чыкса, документ жалпы палатага экинчи-үчүнчү окууга чыгарылмакчы.

2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 827 млрд. долларды түзгөн. Анын 646 млн. доллары ички карыз, 4,180 млрд. доллар тышкы карыз.

Мунун 1,778 млрд. доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет. Демек, төлөөгө келгенде да Бишкек Бээжинге карата жылына көбүрөөк сумма чыгарууга аргасыз. Бул өзгөчө быйылкыдай кризистик абалда өлкө казынасына кыйла оордук келтирди.

Ошол себептүү айрымдар Маматалиевдин жаңы демилгесин колдоп чыгышты. Жарандык активист Нурбек Муктардын оюн угалы:

«Биздин азыркы абалыбыз аябай оор. Жылдан-жылга дефицит көбөйгөн чакта муну келерки жылдары төлөө дагы кыйынга турат. Маселен, 2024-2025-жылдары жылына 400-500 млн. доллардан тышкы карызды төлөөгө жумшайбыз. Ошондуктан, карыз алууну мүмкүн болушунча азайтуу керек. Ал эми Кытайдын Эксимбанкы карызды кеминде 2% менен берет. Башка уюмдардан бизге 0,2-05% менен берилет. Ошондон улам мен бул мыйзамды колдойм, Кытайдан карыз алуу тыйылышы керек. Эгер өтө зарыл болсо башка булактардан, ар кандай жеңилдиктери менен бериле турган карыздарды алууга аракет кылган оң», - деди ал.

Ошентсе да бир өлкөдөн карыз алууну чектөөгө байланыштуу башка да ойлор бар. Экономист Айылчы Сарыбаев соңку чектөөнү мыйзамдык жактан туура эмес деп эсептейт:

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

«Маматалиев бюджетти жана ички-тышкы карызды түшүнбөгөн жигит окшойт. Карыз алуу-албоо жыл сайын парламенттин чечими менен бекитилет. Анан аны Кытайдан алабы же Африкадан алабы, Жогорку Кеңеш чечет. Бюджеттик процедуралык маселени түшүнсө, мындай карама-каршы мыйзамды үстү-үстүнө кабыл алмак эмес. Антип ылдый түшүрүү, чектөө коюу деген нерсе болбойт. Бүткүл дүйнөдө бардык өлкөлөр бири-биринен карыз алат, карыз алса ошо бюджетти бекитип жатканда чечет. Азыр мына бул жерде кайра Кытайдын ишкерлерин сабап жатасыңар да, Кытайдан алган 2 миллиардга жакын доллар карызды, кайра «кечип бергиле» деп атасыңар. Ушул логикага эч түшүнбөйм. Керекпи, инфраструктура үчүн алынганбы? Эми төлөш керек. Кайра инфраструктура куруш үчүн керек болсо, кайра алышат. Анткени, инфраструктурасыз бир да өлкө өнүкпөйт. Төлөй албайм десең, алба! Сени Кытай "карыз ал" деп кыйнап жаткан жок да. Кыргызстан өзү жалдырап барган, жол курулган, башка кылган, анан эми төлөбөйүз деп качып жатышат».

«Алган карызды деле жеп коюп жатышат»

Кыргызстан быйыл коронавирус менен күрөшүү жана экономиканы колдоого алууга байланыштуу чет элден 774 млн. доллар жардам сураганы белгилүү. Акыркы маалыматтарга ылайык, анын 343 млн. доллары келди жана ал негизинен бюджеттин дефицитин жабууга жумшалды. Себеп 2020-жылкы бюджеттин дефицити рекорддук көрсөткүчкө жетип, 35,6 млрд. сомду түзгөн.

Адистер мына ушундай жагдайларда өлкө баары бир сырттан жардам алууга аргасыз болорун белгилешет. Коомдук ишмер Жылдызбек Тургановдун пикирине орун берели:

Жылдызбек Турганов.
Жылдызбек Турганов.

«Дүйнөдө насыя албаган мамлекет жок. Ошол эле АКШ же башка өнүккөн мамлекеттердин да карызы бар. Менин оюмча карыз алгандан коркпош керек. Бирок башка маселе, акчаны кантип, кайсы багытта коротуп жатабыз? Башка мамлекеттен алган күндө деле, азыр эмне коррупциядан кутулдукпу? Акчаны алат, тендер дегени бар, башкасы бар, ошо менен алган акчаны ортодон жеп, кымырып кетип жатышат. Мына ушуну тыйыш керек. Кытайдан алсак антет-минтет деп, эмне башка мамлекеттен алсаң кечип коёбу? Бардыгынын өзүнүн шарты, талаптары бар. Мунун баары куру сөз. Эң башкысы Кытайдан болобу, башкадан болобу, алган карызды максаттуу, туура иштеткенди өздөштүрүшүбүз керек».

Кыргызстан жыл башынан бери быйылкы төлөмдү кийинкиге жылдырып турууну суранып келди, бирок андан жыйынтык чыга элек. Бул жөнүндө азыр өкмөт башчылык милдетти аткарып жаткан Артем Новиков да парламентте билдирген:

«Буга байланыштуу сүйлөшүүлөр уланып жатат. Кытай Эл Республикасынан карызды төрт жылга пролонгация (жылдыра туруу) сунушталууда. Муну траншка бөлүп, 2% үстөк коюуну карап жатышат. Бул белгиленген жеңилдиктердин чегинде эле, бирок биз төлөөнү жылдырсак 2,9 млрд. сом ашыкча төлөп калат экенбиз».

Өкмөт башчылык кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаров мурдараак президенттин милдетин аткарып турган учурда тышкы карызды төлөөгө элден акча чогултуу үчүн атайын эсеп ачыларын билдирген. Финансы министрлиги азырынча эсепти ачуу боюнча токтом чыга электигин кабарлады.

25-ноябрда парламентте бюджет маселеси талкууланган учурда финансы министри Кыялбек Мукашев карызды тейлөөгө бюджеттен жылына канча сумма кетип жатканын айтып берген:

Кыялбек Мукашев.
Кыялбек Мукашев.

«Мамлекеттик карызды тейлөө 2019-жылы иш жүзүндө 28,1 млрд. сомду түзгөн. Мунун жарымы сырткы карызды, жарымы ички карызды төлөөгө жумшалган. Ал эми быйылкы жылкы бюджетте мамлекеттик карызды тейлөөгө 28,8 млрд. сом каралган. Анын 16,1 млрд. сом тышкы карызды жабууга, 12,7 млрд. сом ички карызды төлөөгө жумшалып жатат».

2019-жылы ушул эле депутат Марлен Маматалиев карыз алууну чектөө үчүн башка мыйзам долбоорун алып чыккан. Ал кезде мамлекеттик карыз алуунун чегин ички дүң өнүмдүн 70% чейин көтөрүүнү сунуш кылган. Бирок ал демилге кылган мыйзам толук кабыл алынбай калган.

Акыркы эсептерде мамлекеттик карыз алуунун чеги ички дүң өнүмдүн 55-65% түзүп келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG