Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Путин: Кыргызстанда саясий түшүнүк өнүгө элек


Путиндин басма сөз жыйыны, Москва. 17-декабрь, 2020-жыл.
Путиндин басма сөз жыйыны, Москва. 17-декабрь, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембиде салттуу басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Орус президенти Владимир Путин карантиндик чектөөлөрдөн улам бул ирет журналисттердин суроолоруна Москванын четиндеги Ново-Огареводогу резиденциясынан онлайн жооп берди.

Башкы телеканалдар менен «YouTube» каналдарда көрсөтүлгөн Путиндин түз эфири Интернет колдонуучулардын терс ой-пикирлери, дизлайктар менен коштолду.

Мисалы, «РИА Новости» агенттигинин «YouTube» баракчасынан Путинди 46 миңдей адам угуп көрсө, 909 адам «лайк», 5700 «дизлайк» баскан. ТАСС агенттигинин баракчасында 1000 «лайк», 2700 «дизлайк» басылган. Ал эми «Первый канал» эки сааттан кийин көрөрмандар үчүн ой-пикир калтыруу, баалоо функцияларын өчүрүп коюуга мажбур болгон. Ой-пикирлердин арасында «кет», «тажаттың», «алдамчы», «ууру» деген сөздөр басымдуулук кылган.

Путин өзү да адатынча суроолорго мыскыл жана шакаба менен жооп кайтарды.

Тышкы саясаттагы «салмактуу өнөктөштөр»

«Дүйнөлүк лидерлердин ичинен ким менен сүйлөшүү жүргүзүү оор?» деген суроого жооп берип жатып Путин Кытай лидери Си Цзиньпиң менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга токтолду. Ал Си Цзиньпиң менен «ишенимдүү достук мамиле» түзүлгөнүн белгилеп, Эрдоганды көз караштары көп учурда төп келбесе да, «куулук-шумдугу жок, убадага бекем эркек» деп баалады.

Басма сөз жыйынында Путин АКШнын жаңы президенти Жо Байден тууралуу учкай «иштин көзүн таап кете турган тажрыйбалуу киши» деп, ал эми Молдованын жаңы шайланган президентин «Майа Сандра» деп атап, аны «Румыниянын жараны» деди.

Тоолуу Карабак боюнча «көп жылдык тирешүү көзөмөлдөн чыгып кеткенин» белгилеп, Москванын арачылыгы менен кабыл алынган орток келишимди Армения менен Азербайжан бирдей колдоп кабыл алганын кубаттады.

Беларустагы элдик толкундоону, Кыргызстандагы бийлик алмашууну, Молдовада жаңы шайланып келген бийлик орус аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылып жатканын мисал келтирип, «Москва жакынкы өнөктөштөрүн жоготуп алуудан чочулабайбы?» деп сураган журналистке «өлкөлөр өз жолун издеп жатканын» айтты.

«Бул сиз айткандай «орто жаштагы кризис» эмес. Кыргызстанда бийлик алмашуу дайыма башаламандык менен коштолот. Дайыма ички саясий турмушун айрым Батыш өлкөлөрүнүн бычымына ылайыктоого аракеттенип алдыга чуркашат. Бирок Кыргызстанда саясий түшүнүктүн деңгээли, саясий институттардын өнүгүшү маселен, Франциядагыдай же Германиядагыдай эмес да. КМШ өлкөлөрүндө болуп жаткан көрүнүштөр - бул өз жолун издөө аракети», - деди Путин.

Ал эми Беларустагы саясий кырдаал тууралуу Лукашенко сунуш кылып жаткан Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдой турганын айтып, «беларус элине ич ара тынч жана жай чечишип алууга мүмкүндүк бериш керек» деди.

Навальный тууралуу

Ал оппозициячы Алексей Навальныйды атынан атабастан, «Берлин клиникасынын бейтабы» деп тергеп, «саясатчыны ууландырууга Федералдык коопсуздук кызматынын катышы бар» деген журналисттердин соңку иликтөөсүндөгү дооматтарды четке какты.

«Бул иликтөө эмес. Ал америкалык атайын кызматтардын материалдарын легалдаштыруу, - деди Путин. - Ал кимге керек? Эгер кааласа, бул ишти аягына чыгарып коюшмак».

Ал ошондой эле акыркы иликтөө Навальныйдын АКШнын атайын кызматынын колдоосуна ээ экенин көрсөтөт деген пикирин да кошумчалады.

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөөсүн чыгарган. Материалда кол салууга аралашкан болушу керек деген божомол менен орус атайын кызматында иштеген бир нече адамдын аты аталган.

Ким аппак жана үлпүлдөк?

Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын кабарчысы Стив Розенбергдин: «Ушунча жыл бийликте туруп Орусиянын Батыш менен алакасы начарлап кеткенине жеке өзүңүздүн жоопкерчилигиңизди сезбейсизби?» деген суроосуна Путин «силерге салыштырмалуу биз аппак жана үлпүлдөкпүз» деди.

«Биздин аскердик бюджет канча экенин билесиңерби? 46 миллиард. Британияныкы алда канча көп. АКШныкы 770 миллиард. Орусия аскердик чыгымдар боюнча алтынчы орунда. АКШ, Кытай, Сауд Арабиясы, Британия, Франция, Жапония - баары бизден алдыда. Анан ким аппак жана үлпүлдөк, ким агрессивдүү?» - деген Путин өз жообун: «Эмне үчүн бизди кеңкелес ойлой бересиңер?» деген риторика менен бүтүрдү.

Ал быйыл АКШнын «Ачык асман келишиминен» чыгып кеткенин кекетип, дүйнөдө аскердик куралдануу боюнча жарыш жүрүп жатканын белгиледи.

Ошол эле кезде Путиндин сөздөрүнө сереп салган «Настоящее время» телеканалы Дүйнө маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм институту (SIPRI) менен Стратегиялык иликтөөлөр институту (IISS) Орусиянын аскердик чыгымдарын өткөн жылы 61-65 миллиард долларга баалашканын маалымдайт.

ТАСС агенттигинин «YouTube» каналында.
ТАСС агенттигинин «YouTube» каналында.

Орусиядагы ички абал

68 жаштагы Владимир Путин Орусияны 1999-жылдан бери президент, өкмөт башчы катары башкарып келет. Бул анын бийликтеги он алтынчы басма сөз жыйыны.

Быйыл жыл башында Путин конституциялык өзгөртүүлөрдү сунуш кылып, жалпы элдик добуш берүү июндун соңунда бир жума бою өткөрүлгөн.

Путиндин мурдагы президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, анын 2024-жылдан кийин да эки жолу президенттикке шайланышына жол ачып, орус президентинин ыйгарым укуктарын да кыйла кеңейткен бул өзгөртүүлөр жер-жерлерде тынбай өткөн массалык митингдер менен коштолгон.

Жыйынтыгында Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 65% катышып, алардын дээрлик 78% Путиндин конституциялык түзөтүүлөрүн колдогонун жарыялаган.

«Пандемия маалында Баш мыйзамды чукул өзгөртүүгө муктаждык бар беле?», «Эмки президенттик шайлоого катышасызбы?» деп кызыккандарга ал дагы бир президенттик мөөнөткө калууну ойлоно элек экенин, бирок мындай мүмкүнчүлүктү эл колдоп, түзүп бергенин баса белгиледи.

АКШ жана Британия чечен лидери Рамзан Кадыровго каршы санкцияларды кеңейтип, аялы менен кыздарын «кара тизмеге» алганын айткан журналистке Путин: «Менин досторум Батыш аларга санкция киргизбесе, аны кемсинтүү катары баалайт», - деп жооп берди.

Путин Хабаровски крайынын губернатору Сергей Фургалдын тагдырына да токтолду. «Бул саясий куугунтук эмес, оор кылмыш иши» деп баалады ал. Хабаровскиде Фургал июлда камакка алынгандан бери аны бошотууну талап кылган жергиликтүү тургундардын көчө жүрүштөрү токтобой келет.

Бул ирет Орусиянын аймактарында жумушсуздук, жакырчылык, өлүм-житим күчөп, рублдун куну түшүшү менен калктын чөнтөгү жукарып, азык-түлүк кымбаттаганы жөнүндө федералдык медиалардын кызматкерлери ачык арызданышты.

«Биринчи каналдын» журналисти Михаил Мишустин өкмөткө келгенде «мамлекеттик долбоорлор экономикада чоң секирик жасоого шарт түзөт» деп айтылган убадаларынын аткарылышын, өкмөттүн ишин сурады.

Путин «коронавирус бардык пландарга өз түзөтүүлөрүн киргизгенин» айтып, «статистикалык көрсөткүчтөр үчүн бийликке доомат артпоого» чакырды.

Ал орус өкмөтү жана саламаттык сактоо системасы дүйнө өлкөлөрүнө салыштырмалуу коронавирус коркунучу менен натыйжалуу күрөшкөнүн белгилеп, орус вакциналары иштелип чыгып, жалпы вакцинация башталганын чоң жетишкендик катары баалады.

Ошол эле кезде ал коронавируска каршы вакцина өзүнө жете элек экенин, өзү адистердин кеңеши боюнча эмдөөдөн өтө элек экенин айтты.

Кремлдин расмий сайтындагы маалымат боюнча быйылкы басма сөз жыйынына 774 журналист каттоодон өткөн. Бул сан мурдагы жылга караганда эки эсе аз.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG