Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Хабаровскиде башталган митингдер Орусияга жайылды


Сергей Фургалдын камалышына каршы чыккан Санкт-Петербург шаарынын тургунун полиция кармап баратат. 1-август, 2020-жыл.
Сергей Фургалдын камалышына каршы чыккан Санкт-Петербург шаарынын тургунун полиция кармап баратат. 1-август, 2020-жыл.

2-августта Хабаровск шаарында мурдагы губернатор Сергей Фургалдын камалышына каршы акция уланды. Бул ирет демонстранттарга аба-десант күчтөрүнүн ардагерлери да кошулду. 1-августта Орусия аймагында өткөн өкмөткө каршы демонстрацияларда 70тей киши кармалган.

Хабаровск шаарынын өзүндө 1-августта тынбай жааган нөшөргө карабай миңдеген киши көчөгө чыкты. Жергиликтүү бийлик бул жолу үч жарым миңдей адам чыкканын билдирсе, ал эми маалымат каражаттары 10 миңдей киши катышканын жазышты.

Демонстранттар мурдагы губернатор Сергей Фургалдын гана бошотулушун талап кылбастан, «Эркиндик», «Путин, кет!» деп ураан чакырып турушту. Алардын арасында «Путинсиз Орусия» деген жазуусу бар кагазды көтөрүп жүргөндөр да болду.

«Өкмөт бизди киши катарынан чыгарып койгон. Биз алар үчүн эч ким эмеспиз. Биз дүйнөнүн четинде жашайбыз. Бул бай аймак болуп саналганы менен жакыр жашайбыз. Ошондуктан бизге, пенсионерлерге да иштегенге туура келип жатат», - дейт митингге чыккандардын бири.

Ушуну менен Хабаровскиде нааразылык акцияларынын башталганына төртүнчү жума болду. Буга чейинки митингдерге түмөндөгөн адамдар чыккан.

1-августта Хабаровскинин өзүндө митингге чыккандардан эч ким кармалган жок. Анткен менен Хабаровск шаарынын тургундарына тилектештик билдирип чыккан Санкт-Петербург, Москва, Владивосток, Комсомольск-на-Амуре шаарларындагы демонстранттарды полиция кармап кеткени маалымдалды. Жалпы эсеп менен 70тен ашуун адам кармалганын митингдерге байкоо салган ОВД-Инфо тобу билдирди.

Нөшөрлөгөн жаанда акцияга чыккан Хабаровск шаарынын тургундары. 1-август, 2020-жыл.
Нөшөрлөгөн жаанда акцияга чыккан Хабаровск шаарынын тургундары. 1-август, 2020-жыл.

Сергей Фургал деген ким?

Орусиясынын Ыраакы Чыгыш аймагындагы митингдердин башталышына Хабаровск крайынын мурдагы губернатору Сергей Фургалдын 9-июлда камалышы түрткү болду.

Ал «15 жыл мурун киши өлтүргөн», «эки адамды өлтүрүүнү уюштурган» деп айыпталууда. 40 жаштагы Фургал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып жатат.

Ал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо бийликтин партиясынан чыккан Вячеслав Шпортту жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири болчу.

Фургал кызматка киришкенден кийин кабыл алган бир катар чечимдери менен элге жаккан. Маселен, үч айдан кийин аймактагы аткаминерлердин жана депутаттардын пенсиясына кошумча төлөнчү каражатты эки эсе азайткан. Былтыр аймактык бийликтин өкүлдөрүнө бизнес-класс менен учууга тыюу салган.

Ошондой эле мектеп окуучуларына алардын ата-энесинин макамына карап, бөлүп тамак бергенди токтоткон. Ага чейин жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына арзан, ал эми колунда барлардын балдарына кымбат баадагы тамак берилчү экен.

Фургал 1990-жылдардын аягына чейин врач-невропатолог кесибин аркалап, кийин ишкерликке өтүп кеткен. Башында Кытайдан товар ташып иштеген, кийин түстүү жана кара металл саткан бизнеске өткөн. Андан соң ЛДПР партиясына мүчөлүккө өтүп, Мамдуманын үч жолку чакырылышынын депутаты болгон.

Хабаровск крайынын мурдагы губернатору Сергей Фургал. 10-июль, 2020-жыл. Москва.
Хабаровск крайынын мурдагы губернатору Сергей Фургал. 10-июль, 2020-жыл. Москва.

Кремль Фургалга кантип кастарын тикти?

Айрым байкоочулардын айтымында, Фургалдын камалышынын себеби анын 2018-жылы губернаторлукка шайланышына барып такалат. Кээ бир талдоочулардын пикирине караганда, ал «шайлоого баратканда жеңилип берүүгө убада берип, кийин өз сөзүнө турбай койгон». Ошол себептен бийлик ал шайлангандан тартып эле басым көрсөтө баштаган. Башка байкоочулар Фургалдын камалышын анын рейтинги аймакта Путиндикинен жогору болгону менен байланыштырышат.

Былтыр «Коомдук пикир» фонду жүргүзгөн фонддун жабык сурамжылоосуна караганда, президент Владимир Путиндин рейтинги аймакта 48% түзгөн. Бул башка аймактарга караганда кыйла төмөн көрсөткүч эле.

Фургал камалгандан кийин Путин аны «ишенимден кетти» деген жүйө менен кызматтан алды.

Анын ордуна 20-июлда ЛДПР партиясынын депутаты, 39 жаштагы Михаил Дегтярёв губернатордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG