Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Хабаровск менен Владимирди ЛДПРдин өкүлдөрү башкарат


Сергей Фургал.
Сергей Фургал.

Орусияда жекшемби күнү эки аймакта жетекчи шайланды. Хабаровск крайынын башчысы болуп, шайлоонун алдын ала жыйынтыгына караганда, ЛДПР партиясынан талапкер Сергей Фургал шайланды. Ал добуштардын 70% алды. Ал эми бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлү, буга чейин аймактын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Вячеслав Шпортко шайлоочулардын добушунун 28% тийди.

Ал эми Владимир облусунда губернаторлук кызматка ат салышууда да ЛДПРдин өкүлү жеңди. Владимир Сипягинде 57%, ал эми “Бирдиктүү Орусиянын” талапкери, облустун буга чейинки башчысы Светлана Орловада 37%.

Орусияда төрт аймактын губернаторлорун шайлоонун биринчи туру 9-сентябрда өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG