Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Хабаровскиде чагымчылар көбөйдү


Каршылык акцияларында.
Каршылык акцияларында.

Орусиялыктардын дээрлик жарымы Хабаровскидеги нааразылык жүрүштөрүн колдойт.

«Левада» борборунун сурамжылоосуна катышкан орусиялыктардын 45% Ыраакы Чыгыштагы акцияларга «түзүк караарын», ал эми 17% каршы экенин айткан. 83% Хабаровскиде болуп жаткан окуялардан кабардар экенин, 26% кунт коюп көз салып турганын белгилеген.

Саясат таануучу Константин Калачев Хабаровскидеги акцияларды «элдик каяша» деп атап, анын мааниси 2011-2013-жылдардагы Москванын Болотная аянтындагы каршылык акцияларына жакын болгонун белгилейт:

«Болотная аянтындагы окуялардан кийин нааразылык акциялары менен көчөгө чыккандарга каршы болгондор бир нече эсе азайганы көрүнүп турат. Бул маанилүү нерсе. Адамдардагы каршылык маанай менен каршылык аракеттер ар башкача тышка чыгат. Мисалы, нааразылык маанай менен үйдө отура берсе болот. Хабаровскиде шаар тургундарынын аракеттери жектөөнү эмес, тилектештик, ортоктоштук маанайын жаратууда. Бул өлкө өзгөргөнүн көрсөтүүдө».

Хабаровскиде мурунку губернатор Сергей Фургалдын камалышына каршы нааразылык акциялары 19 күндөн бери уланып жатат. 9-июлда кармалган Фургал «2004-2005-жылдары ишкерлерге кол салууну уюштурган» деп айыпталып, андан бери Москвада камакта отурат.

Хабаровскинин миңдеген жашоочулары Фургалга козголгон кылмыш ишин «саясий буюртма» катары баалап, анын жергиликтүү сотто каралашын талап кылып келишет.

Көчө жүрүштөрүнө кеминде 30-50 миңдей адам катышып, Хабаровскиге Владивосток, Биробиджан сыяктуу бир катар шаарлар тилектештик билдирип, ал жактарда да жүрүштөр өтүп жаткан чагы.

Алгач Фургалга боштондук сурап шаар борборуна чогулгандар эми «Путин кетсин!», «20 жыл - ишеним жок!» деген ураандарды чакырып турушканын Интернеттеги видеолордон көрүүгө болот. Алар Путиндин буйругу менен Фургалдын ордуна дайындалган Михаил Дегтярёвди «Чемодан, билет, Самараңа кет», «Кышкы кийимдериңди алба» деп тосуп алышкан.

Интернетте ЛДПР партиясынын башчысы Владимир Жириновский менен мончодо чогуу түшкөн сүрөттөрү менен таанылган депутат, 39 жаштагы Дегтярёв массалык акциялар уюштурулганы үчүн «чет жактардагы күчтөрдү» айыптап келет.

«Ал жакта басымдуу бөлүгү - Хабаровскинин тургундары. Бирок башка шаардан келгендер менен чет өлкөлүктөр жүрөт. Алар мурда Москвада акцияларды, башаламандык уюштуруп келишкен. Эми Хабаровскини «көтөрүүгө» келе жатышат», - деген Дегтярёв.

Ал колунда тартип коргоо органдарынан алынган фактылар бар экенин, бирок «ыкчам маалыматтардын» чоо-жайын айтып бере албай турганын кошумчалаган.

Ошол эле учурда Хабаровскиде акцияларга катышып жүргөн жергиликтүүлөр шаарда чоочун адамдар көбөйүп, жүрүштөрдө активисттерге кол салуу болуп, акцияга акча үчүн чыкканын айткан бейтааныштар Интернетке ар кандай видеолорду таркатып жатканын айтып жатышат.

«Биз аларды чагымчы же бир атайын кызматтардын жумушчулары дейбиз. Бул келгин бейтааныш адамдардын же аларды жөнөткөндөрдүн башкы максаты - бул каршылык жүрүштөрүн басып коюу, андай болбосо ар кандай амалдар менен анын кадыр-баркын, маанисин түшүрүү, каралоо», - дейт шаар тургуну Екатерина Бияк.

Өткөн ишембиде Хабаровскиге тилектештигин билдирип Москвада акцияга чыккан 20дай адамды полиция кармап кеткен. Шаршембиде Москва райондук соту «Левый фронт» кыймылынын лидери Сергей Удальцовду акцияны мыйзамсыз уюштурган деп айыптап, он күнгө камакка алганы маалым болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG