Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:37

«Эркелеткен» экономикалык мунапыс


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзамга парламент сунуш кылып жаткан өзгөртүү киргизилсе, 1300дөй адам экономикалык кылмышка байланыштуу келтирген чыгымды төлөп, камактан кутулушу мүмкүн.

22-декабрда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Экономикалык мунапыс маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи, үчүнчү окууда кабыл алууну Жогорку Кеңешке сунуш кылды.

«Чыгымды төлөсөң камалбайсың...»

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Гүлшат Асылбаева бул мыйзам долбоорун өлкө казынасында каражат тартыш болуп турган учурда экономикалык кылмыш кылгандардан чыгымдарды төлөтүп алуу аракети катары баалады. Ал сөз болуп жаткан долбоор коронавирус жайылып жаткан шартта абактагыларга гумандуу мамиле кылууга багытталганын билдирди.

Мыйзам долбоорун сындаган кызматташы Дастан Бекешевге Асылбаева мындай мисал менен түшүндүрүүгө аракет кылды:

Гүлшат Асылбаева.
Гүлшат Асылбаева.

«Мисалы, сиздин машинеңизди талкалап кетишти дейли. Ал түрмөдө отуруп, аны мамлекет бакканынан сизге кандай пайда? Ал чыгымды эки эсе төлөп берсе, сиз тескерисинче сүйүнмөксүз. Анда эмнеге мамлекет кожоюн субъекти катары чыгымдарды төлөтүп ала албайт?»

Буга депутат Дастан Бекешев да мисал менен жооп кайтарды:​

«Бул жакта МАИчилердин принциби болуп жатат. Бирөө кармалса ал: «казынага эки эсе төлөп эмне кыласың, анда көрө менин чөнтөгүмө төлөбөйсүңбү» дейт. Же болбосо ал казынага төлөп кутулуп кеткенин түшүнүп, экинчи жолу да аткезчилик кыла бериши мүмкүн. Ушундай болуп жатпайбы, туурабы?»

Бекешев мыйзам долбоорунун түпкү идеясы жакшы экенин белгилеп, бирок кылмышты төлөп кутулуу мүмкүнчүлүгү коррупцияга жол ачарын айтты. Ошентип, эки эл өкүлүнүн сөз талашы бир топко созулду.

Казынага канча каражат түшөт?

Дагы бир депутат Айнура Осмонова укук коргоо органдарынан мыйзам долбоору ишке кирсе, казынага канча каражат түшөөрү болжолдонуп жатканына кызыкты.

Азизбек Шүкүрбеков.
Азизбек Шүкүрбеков.

Башкы прокуратуранын өкүлү Азизбек Шүкүрбековдун маалыматы боюнча, учурда экономикалык кылмыштарга байланышкан 1332 иш тергелип жатат. Анын чыгымы 175 млн. сом деп эсептелген. Шүкүрбеков мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр жогорудагы кылмыш иштерине колдонулушу мүмкүн экенин билдирди.

«1332 иш боюнча болжолдуу чыгым 175 млн. сом. Ошол чыгым төлөнөт деп үмүттөнүп жатабыз», - деди башкы көзөмөл органынын кызматкери.

6-октябрдагы окуялардан кийин келген жаңы бийлик мыйзамсыз байыгандарды мамлекет казынасына каражат төктүрүү саясатын жүргүзүүгө аракет кылууда. Коомчулукта бул аракетти «кустуруу» деген термин менен атап, демилгени сындагандар да, колдогондор да арбын.

Саясат талдоочу, журналист Айданбек Акмат уулу экономикалык мунапыс тажрыйбасы айрым өлкөлөрдө ийгиликтүү болгонун белгилейт. Бирок журналист Кыргызстанда жаңы бийликтин каалоосуна шайкеш келген мыйзамдар кабыл алынып жатканы бир топ суроолорду жаратканын айтты.

«Райымбек Матраимовдун 2 миллиард сом төлөп беришин мисалга алалы. Биринчиден, бул сумма каяктан чыкты, эмнеден улам алынды? Аныктамасы, так эсеп болушу керек. Ага бажыдан мындан да көп каражат мыйзамсыз түшүп турганы айтылып жатат. Негиздемелери так болушу керек. Кээ бирлери «200 миллион сом өндүрөбүз» деп жатат. Казына үчүн 200 миллион сом анча деле чоң акча эмес. Бул жемкорлорду актап коюу аракетиндей сезилет».

Өкмөттүн аппаратынын өкүлү Тилек Сарбагыш уулу мыйзам долбоору экономикага оң таасирин тийгизет деп ишенип турат. Ал бул мыйзам киши өлтүрүү, коррупция, кызмат абалынан пайдалануу боюнча беренелерге колдонулбай турганын белгиледи. Өкмөттүн өкүлү экономикалык кылмышка тиешеси бар киши мамлекетке же жабырлануучу тарапка келтирген зыянды төлөп берген учурда кандай шартта жазадан кутуларын түшүндүрдү.:

«Жазык кодексинин 60-беренеси бар. Ага ылайык, өзгөчө шарт менен кылмыш жоопкерлигинен бошотулат. Зыяндын ордун толтургандан кийин тергөөчү кылмышты кыскартат. Кылмыш жоопкерчилигине тартылган деп эсептелет. Ал эми түрмөдөгү адамдар болсо соттолгон, бирок кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган болуп калат. Азыр экономикалык кылмыш менен 22 киши түрмөдө отурат».

Мыйзам долбооруна ылайык, Жазык кодексинин 15 беренесине өзгөртүү киргизилет. Долбоордун мазмунун кыскача айтканда, айыбын мойнуна алып, келтирген чыгымды төлөп берген адамдар түрмөгө камалбайт. Ал эми экономикалык кылмыштарга салыктан качуу, аткезчилик, мүлккө байланыштуу алып-сатуудагы мүчүлүштүктөр сыяктуу мыйзамсыз аракеттер кирет.

Сынга кабылган дагы бир мыйзам

«Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамга президенттин милдетин аткарып жаткан төрага Талант Мамытов 9-декабрда кол койгон. Документти Жогорку Кеңеш 5-ноябрда кабыл алган. Ал мыйзам өлкөдө мурда-кийин табылган 70 миллион сомго чейинки кирешелерди, мүлктү жана бизнести мыйзамдаштырууга жол ачат.

Айрымдар бул коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштей турган мыйзам деп сындап жатышат. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул мыйзамды «коррупционерлер үчүн бейиш» деп атаган болчу.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу токтоткон өкмөт башчы Садыр Жапаров 23-ноябрда «Жетинчи каналда» экономикалык мунапыс жарыялаганына бир ай болгонун жана мыйзамдар кабыл алынса, ал иштей баштай турганын билдирген. Ал экономикалык мунапыс жарыялангандан бери атын ачыкка чыгарбоону суранып, казынага акча төккөндөр бар экенин айткан болчу:

«Бир ай болуп калды. Жаңы мыйзам кабыл алынышы керек эле. Мыйзам экинчи окуудан өтүп, үчүнчү окуудан өтпөй турат деп жатышат. Эгер ошол мыйзам кабыл алынса, дароо күчүнө кирип иштей баштайт. Өз каалоосу менен төгүп жаткандар бар. Анын так суммасын сурай алган жокмун. Каражат чогулуп калды. Бир топ эле кишилер келип төгүп атат. Аттарын азыр айтууга болбойт. «Өз каалообуз менен төгүп жатабыз, атыбызды айтпай эле койгула» дегендер да бар экен. Эми анын баарын кийин отчёт менен беребиз. Бирок ысымдарын ачыкка чыгарбайбыз».

21-октябрда Жапаров экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлаган. УКМК ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп жатканын билдирген.

Мекеме Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп бере турганын маалымдаган. 18-декабрдагы маалыматка ылайык, мамлекетке жалпысынан 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом төктү.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG