Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Кыргыз ишкерлери Орусияга кача баштады


Гүлнур Иманкулова Москвада дүкөндө сатуучу болуп иштейт. Орусияга келгенине он жылдын жүзү болду.

Гүлнур мурдагы жылдары эки-үч айлык маянасын топтоп, Кыргызстанга бери дегенде 100 миң рублден кем эмес акча салып турчу. Быйыл тапканы кескин азайып кеткенин айтып отурду.

«45-50 миң рублдай айлык алам. Мурда топтоп, Кыргызстанга тез-тез эле жөнөтүп турчумун. Үй-бүлөм, балдарым ал жакта. Там салып, мал алып, оокат кылат. Пандемия башталганда иштебей, үч-төрт ай бою акча салган жокмун. Тамак-аш, азык-түлүккө 5 миңден зорго жөнөттүм. Эми деле мурункудай кенен акча жок. Бир-эки айда 30-40 миңден салам. Эртең эмне болуп кетерин билбей этияттап калдык».

Иманкулова Москвада апрелден–июнга чейин карантиндик чектөөлөр киргизилгенде ишсиз отуруп калганын эскерди.

Улуттук банк быйыл тогуз айда чет жактан Кыргызстанга 1 миллиард 955 миллион доллардай акча которулганын, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 50 миллион долларга кем экенин кабарлады.

Мурдагы жылдары 2,5 миллиард доллардай акча чет жактан, анын 90 пайыздан ашууну Орусиядан которулуп келген.

Орус рыногун карагандар көбөйдү

Ошол эле кезде Кыргызстандын өзүнөн сыртка акча которуулар көбөйгөн.

Улуттук банк тогуз айда 395 миллион доллар чет жакка, 90 пайыздан көбү Орусияга чыгарылганын кабарлады.

Бул расмий көрсөткүчтөр, көмүскө чыгарылып жаткан каражаттын көлөмү белгисиз.

Москвада жеке ишкердикти мыйзамдаштыруу, салык маселелери боюнча көмөк көрсөткөн адис Орусияга ишкердик кылууга Кыргызстандан акчасын көтөрүп келип жаткан адамдар көбөйгөнүн баяндады.

«Акыркы убакта Кыргызстандагы иштерин жаап же кыскартып, акчасын Москвада иштетүүнү каалагандар көбөйдү. Арасында чоң компаниялары бар белгилүү ишкерлер деле кездешет. Алар Орусияда орто же чоң иш ачууну көздөшөт. Бул жактан алар орусиялык өнөктөштөрдү издеп, орус рыногун тыкыр иликтеп жатат. Мурда мигранттардын басымдуусу тапкан акчасын мекенге ташычу. Ортодо чакан ишкердик ачып, бул жакта байырлагандардын катмары пайда болгон. Эми Кыргызстандан чоң эле ишкерлер келип жатат. Орус рыногундагы салыктардын көптүгү, мыйзамдардын катаалдыгы деле аларды токтоткон жок. Буга Кыргызстандагы саясий кырдаал себеп болуп жатат окшойт».

Ал эми Орусиядан акча которуулардын кыскарышын адистер кыргызстандык мигранттардын азайышынан көрүшүүдө.

Эксперттер пандемия башталгандан бери Кыргызстанга Орусиядан 100 миңге чейин мигрант кайтканын айтышат.

Бул кезде алардын көбү Кыргызстандан иш таппай, Орусияга чек аралардагы чектөөлөрдөн жана авиабилеттин кымбаттыгынан кайта албай турат.

Орусия жумушчу күчкө муктаж

Орусиянын Ички иштер министрлигинин сентябрга карата маалыматы боюнча 550 миңге жетпеген кыргыз жараны миграциялык каттоого турган.

Мурдагы жылдары алардын саны туруктуу 700-750 миңден ашып, миграцияга чогуу чыккан балдарын жана үй-бүлө мүчөлөрүн кошо эсепке алганда 1 миллионго чамалачу.

Орусиянын ИИМи быйыл өлкөдө чет өлкөлүк мигранттар 11 миллиондон 6 миллионго чейин кыскарганын билдирди.

Курулуш министрлиги эмгек рыногундагы кара күчтүн жетишсиздигинен улам чет өлкөлүк мигранттарга өлкөгө кирүүнү жеңилдетүү сунушун өкмөткө киргизгени маалым болду.

Министрликтин эсебинде курулуш тармагына 190 миң жумушчу жетишпей турат. Мекеме чет жактан мигранттарды коронавируска текшерип алып келүү, жатакана менен камсыздоо, миграциялык каттоого коюу милдеттерин жумуш берүүчүлөргө табыштоону сунуштайт.

Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин орус калаасында мигранттар 40 пайызга азайып, шаарда тазалык кызматына жумушчулар жетишпей жатканын айтып чыккан.

Андан соң орус медиаларында "Москва Бишкекке учак жөнөтүп, көчө шыпыргычтарды алып келет" деген кабар тарап, кийин бул маалымат мэрия тарабынан төгүндөлдү.

Ал эми Дүйнөлүк банктын эсебинде быйыл Борбор Азия өлкөлөрүнө сырттан которулган акчанын көлөмү мурдагы жылдарга салыштырганда 12% азайган.

Бул айрыкча, экономикасы мигранттар салган акчага көз каранды Кыргызстан менен Тажикстандагы элдин жашоосуна кесепетин тийгизгени белгиленет.

Дүйнөлүк банк быйыл Борбор Азия өлкөлөрү 1995-жылы базар экономикасына өткөндөн кийинки экинчи экономикалык рецессияны башынан өткөрүп жатканын белгилейт.

Экономикалык артка кетүү үч фактор менен түшүндүрүлөт. Биринчиси - пандемиядан улам чек аралар жабылып, соода жүгүртүү болуп көрбөгөндөй кыскарганы.

Экинчиден, коронавирустан улам дүйнөлүк экономиканын ыргагы Борбор Азияда эки эсе басаңдаганы. 2008-жылдагы глобалдык финансы кризисинде чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн башкы соода өнөктөшү Кытайдын экономикасы 9,5 пайызга өссө, быйыл 1 пайызга жетип жетпеген деңгээлде турат.

Мындан сырткары дүйнөлүк базарда чийки затты сатып алууга суроо-талап азайып, бул өз кезегинде Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн экономикасына түздөн-түз таасир эткени белгиленет.

Дал ушундай экономикалык рецессиянын айынан Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча Борбор Азияда 1,5- 2 миллиондой элдин жашоо-турмушу начарлашы мүмкүн.

Мындай кырдаалда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын экономикасы 2021-жылы тышкы суроо-талаптын күчөшү жана тикелей инвестициянын көбөйүшүнө көз каранды болору болжолдонууда.

Быйыл Өзбекстан Doing Business рейтингинде эң жакшы жыйынтык көрсөткөн 20 өлкөнүн катарына кирген. Инвесторлор үчүн маанилүү бул рейтингде акыркы бир жылда Кыргызстан Өзбекстандан 11 баскыч артта калды.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG