Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Мигранттар үчүн паспорт жаңыртуу азапка айланды


Москвадагы консулдук
Москвадагы консулдук

Орусияда жүргөн кыргыз мигранттары жаңы паспорт алуу үчүн элчиликтин алдында айлап кезекке турууга аргасыз болууда.

Москвада үй-бүлөсү менен иштеп жүргөн Рахима Дастанова ушу тапта чет жерде паспорт ала албай убара тартып турган мигранттардын бири.

Ал 5-ноябрда мөөнөтү бүтүп бараткан паспортун алмаштыруу үчүн консулдукка барган. Документ тапшыруу үчүн эле 838чи болуп кезекке туруп, 16-ноябрга жазылган.

Рахима азыр мекеменин алдында күндө барат. Ал эл өз алдынча кезек түзүп, ачып алган дептер «жоголуп кетпесе экен» деп кабатыр болгонун да жашырбады.

«Паспортумдун мөөнөтү 19-августта бүтмөк. Мен алдын ала элчиликке келип, декабрдына аягына чейин убактылуу узарткам. Чек аралар дагы деле ачылбай, Орусиядан чыгып кеткен менен кайра кирүү кыйын болуп жаткандыктан, жаңы паспорт алайын дегем. Консулдукка мага окшоп баргандар толтура. Алдында турган эл өзүнчө кезек түзүп алышыптыр. Мен 5-ноябрда барып, консулдукка кирүүгө талон алыш үчүн эле 16-ноябрга жазылдым. Мен барганда ал жакта ызы-чуу болуп жатыптыр. Бир кыз кезекке туруп, бирок, ошол күнү келип талонун таппай тополоң салып жаткан экен. Аны көрүп жумуштан суранып, күн алыс барып өзүмдү тизмеден текшерип коем, же жолдошумду жөнөтөм, же ал жактагы тааныштардан суратам. Бул да мигранттарга түйшүк болду».

Мигранттар орус калаасында коронавирус күчөп турган маалда адамдардын топтолушуна жол бербей, консулдукка онлайн кезекке турууга шарт түзүүнү, калкты тейлеген кызматкерлердин санын көбөйтүүнү суранып жатышат.

Москвадагы коомдук ишмер, «Ноокат» биримдигинин башчысы Толкунбай Акматов бул маселе боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине да кат жөнөткөнүн айтты:

«​Мигранттар чалышат. «Түнү барып таңга чейин кезекке туруп жатабыз, бери дегенде эки-үч күндөн ошол жерде жүрөбүз» дешет. Бала-чакасы менен жүргөндөргө кыйын. Азыр консулдук «16-ноябрдан тарта кезекти электрондук почта аркылуу кылабыз» деп түшүндүрүштү. Эми анын кандай иштерин көрөлүчү. Аны да мигранттардын баары жасай албайт. Атайын бир мобилдик тиркеме кылгыла деп сунуштап жатабыз. Мурда жарандарыбыздын көбү паспортунун мөөнөтү бүтүп баратканда эле Кыргызстанга барып, биротоло ата-эне, туугандары менен учурашып, анан жаңы паспорт ала келишчү да. Азыр чек аралар жабык».

Орусия коронавирус пандемиясынан улам чек араларын марттын аягында жапкан. Азыр жумасына эки жолу Бишкек менен Оштон аба каттамдары макулдашылган. Ошол эле кезде орус жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, туруктуу жашоого уруксаты барларга, орус ооруканаларында дарыланууга муктаж чет өлкөлүктөргө гана Орусияга кирүүгө уруксат берилген.

Элчиликтин жообу

Москвадагы кыргыз элчилиги 1-июндан тарта ID-карта же жалпы жарандык паспортунун мөөнөтү бүтүп бараткан Орусиядагы мигранттардын документтерин 31-декабрга чейин узартып бере баштаган. Мындай сунуш май айында элчилик тарабынан демилгеленип, өкмөттүн атайын токтому менен бекитилген.

Консулдуктун маалыматы боюнча бул арада 9 миңден ашуун жарандын паспортунун мөөнөтү узартылган.

Эми жыл аяктап, бирок, чек аралар дагы деле жабык тургандыктан, мигранттардын кайрадан паспортунун мөөнөтүн узартуу же паспортун жаңыртуу муктаждыгы канааттандырылбай калды.

Консулдук былтыр октябрда 300 жаранга жаңы паспорт берилсе, быйыл октябрда 1300дөн ашуун жаңы паспорт даярдалганын маалымдады. Ал эми паспорт маселеси боюнча консулдукка кайрылгандардын саны соңку айда 4 миңге жеткен.

Элчиликтин басма сөз катчысы Алмаш Алтымышева консулдук жумуш күндөрү 12 сааттан иштеп, буга кошумча дем алышта Орусиянын башка аймактарынан келген жарандарды кабыл алып, тейлеп жатканын белгиледи:

«​Консулдукта 4-5 кызматкер паспортко документ кабыл алып жатат. Дем алыш күндөрү да аймактардан келген жарандарыбызды тейлейбиз. Паспортко биометрикалык маалымат топтогон жана башка аппараттар көбөйтүлгөн. Мүмкүнчүлүккө жараша иштеп жатабыз. Эки-үч жумада бул агым токтоп, жөнгө салынат деп турабыз».

Түгөнбөгөн кезек
Түгөнбөгөн кезек

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча быйыл тогуз айда 534 миң кыргызстандык Орусиянын аймагында миграциялык каттоого турган. Былтыр бул убакта 750 миңдей кыргыз жараны катталган.

Эксперттердин эсеби боюнча пандемия башталгандан бери Орусиядан Кыргызстанга миграцияда жүргөн 100 миңдей адам кайтып келген.

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны азайганы менен акча которуулар да кескин кыскарды.

Кыргызстандын Улуттук банкы январь-август айларында чет жактан 1 миллиард 462,7 миллион доллар которулганын, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 107,8 миллион долларга кем экенин маалымдады.

Эмгек акы жана жумуш орундары

Ал эми Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгү 2020-жылы эмгек акысын албай калган 2,5 миңдей мигранттан арыз түшкөнүн кабарлады.

«1-январдан бери 2492 адамдан 765 жамааттык арыз түштү. Жарандарыбыз 138 миллион рублдай эмгек акы албай калышкан. Өкүлчүлүктүн жардамы менен 44,5 миллион рубль өндүрүлдү. Калган сумма боюнча Орусиянын Тергөө комитетине, Эмгек инспекциясына 549 кат жиберилди», - деп билдирди өкүлчүлүктүн адиси Эсенбек Эргешов.

«Дагы деле эмгек келишимин түзбөй иштегенге макул болгон жарандарыбыз бар. Ошол эле кезде келишимде бир өлчөмдөгү айлык көрсөтүлүп, сөз түрүндө жумуш берүүчү башка айлык убадалап, кийин аны төлөп берүүдөн баш тарткан учурлар болууда».

Өткөн жылы Орусияда иштеген мигранттардан жалпы 200 миллион рубль төлөнбөгөн эмгек акы боюнча арыз түшүп, өкүлчүлүк анын 66 миллионун өндүрүп берүүгө жетишкен.

Мындан тышкары өкүлчүлүк быйыл жумуш берүүчүлөр менен кызматташтыкта 19 миң жумуш орундарынын базасын түзүп, эмгек миграциясында жүргөн жарандарга сунуштаган.

Алдыдагы чакырыктар

Ал арада Орусияда эпидемиологиялык абал курчуп баратат. Күнүнө 20 миңдей кишиден коронавирус аныкталууда. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 1 миллион 836 миңден ашып, 31 593 өлүм катталды.

Москвада жаңы чектөөлөр киргизилди. Калаадагы ресторан, бар жана түнкү клубдар түнкү 11ден таңкы алтыга чейин жабык болот. Маданий иш-чаралар токтотулуп, жогорку окуу жайлары аралыктан иштөөгө өткөрүлдү. Ошондой эле балдар лагерлери, оюн-зоок борборлору жабылат. Мындай чектөөлөр 15-январга чейин созулат.

Мэр Сергей Собянин сезондук сасык тумоо жана респиратордук оорулар көбөйгөнүнө байланыштуу шаардагы эпидемиологиялык абал мындан да начарлашы мүмкүн экенин билдирди.

Элчиликтин алдынан сүрөт
Элчиликтин алдынан сүрөт

Коронавирус жаңыдан жайыла баштаган май-июль айларында Москвадагы элчилик кыргыз диаспорасы менен биргеликте жумушсуз калган жана оору жугузуп алган жүздөгөн мигранттарга азык-түлүк таркатып, акысыз жатаканаларды уюштурган.

Мындан тышкары чартердик каттамдар менен миңдеген балалуу, кош бойлуу аялдар, оорукчан жана улгайган адамдар Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Бул кезде Орусиядагы кыргыз элчилиги жетекчисиз турат. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында 16-октябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду «ишенимди жоготту» деген түшүндүрмө менен кызматтан алганы маалым болгон.

Бери дегенде жарым миллиондой жаран миграцияда жүргөн Орусиядагы кыргыз дипломатиялык мекемелеринин алдында 10-январга дайындалган президенттик шайлоону уюштуруу милдети да турат.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Орусиянын аймагында 11 шайлоо тилкеси ачылып, 6465 жаран добуш берген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG