Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Жээнбеков Орусиядагы элчи Жекшенкуловду кызматтан алып салганы белгилүү болду


Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алганы белгилүү болду. Тиешелүү жарлык 16-октябрда өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитине жарыяланды. Андагы маалыматка ылайык, элчи "ишенимди жоготту" деген түшүндүрмө менен кызматтан алынган. Бул боюнча президенттин басма сөз кызматы расмий билдирүү тараткан эмес.

Жекшенкулов өзү да бул жарлык боюнча комментарий бере элек.

Сооронбай Жээнбековдун кызматтан мөөнөтүнөн мурун кеткени тууралуу маалымат 15-октябрда жарыяланган. Ал мындай кадамга 6-октябрдан кийин түзүлгөн кырдаалдан улам өлкөнү мыйзам нугуна кайтаруу, элдин тынчтыгы үчүн барганын айткан.

Жээнбеков кызматтан кетер алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматын жоюп салганы жума күнү белгилүү болду.

Аликбек Жекшенкулов 2019-жылдын февраль айында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.

Жээнбеков кетип, Жапаров келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:35 0:00

XS
SM
MD
LG