Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Орусияга чет өлкөлүк жарандардын кирүү тартиби өзгөрдү


А.C.Пушкин атындагы Шереметьево эл аралык аэропортундагы жүргүнчү. Москва, Орусия. 12-март, 2020-жыл.
А.C.Пушкин атындагы Шереметьево эл аралык аэропортундагы жүргүнчү. Москва, Орусия. 12-март, 2020-жыл.

Чет өлкөлүк жарандардын кирүү тартиби 1-августтан тартып өзгөргөнүн Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, сыртта жүргөн орусиялык жарандар учакка отурарда атайын форманы толтурууга тийиш жана Орусияга кирген күндөн тартып үч күн ичинде коронавируска текшерилиши зарыл.

Ал эми Орусияга барууну каалаган кыргызстандык жарандардын колунда коронавирустан таза экенин тастыктаган ПЦР-анализдин жыйынтыгы болушу керек. Ал анализ Орусияга кирерден үч күндөн эрте эмес, Бонецкий лабораториясында тапшырылууга тийиш. Аталган лабораториядан анализ тапшырылганы Орусиянын өзүндө Интернет аркылуу тастыкталат. Өлкөгө кирген кыргызстандык жарандар башка чет өлкөлүктөр сыяктуу эле 14 күн изоляцияга алынат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жаңы эрежелер тууралуу расмий маалымат келип түшө элек. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынын өкүлү Алмаш Алтымышева «Азаттыкка» билдирди: «Мындай эрежелер тууралуу биз да элчиликтин сайтынан окудук. Бирок азырынча бизге расмий маалымдама келе элек».

Коронавирус пандемиясы башталгандан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аба, темир жол жана автоунаа каттамдары токтотулган. 22-марттан бери Орусиядан чартердик учактар жана автобустар менен 20 миңге жакын кыргызстандык мекенине жеткирилген. Учурда Орусияга кетүүнү көздөп, бирок жол ачылбаганы үчүн чыга албай жаткан мигранттар да бар.

Бир нече күн мурун Орусия бир катар өлкөлөр менен аба каттамдарын жандантаарын жарыялаган. Бирок алардын ичинде азырынча Кыргызстан жок. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул маселе эки тараптуу каралып жатканын, бирок чечим кабыл алына элек экенин билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG