Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

УКМКнын төрагасы Ташиев Москвада мигранттар менен жолукканы кабарланды


Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.
Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

29-октябрда кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушканын чогулушка катышкан диаспора өкүлдөрү билдирди. Жыйынга кыргыз диаспораларынын 300дөй өкүлү – Орусиядагы кыргыз диаспорасынын ар кайсы райондук жана облустук бирикмелеринин, коомдук уюмдардын жетекчилери жана активисттер алдын ала тизме менен чакырылган.

Жолугушуунун жүрүшүн фото-видеого тартууга жана түз эфирден берүүгө уруксат берилген эмес.

Чогулушка катышкандар тарабынан тартылып, таратылган кыска видео тасмаларда Ташиев Москвага атайын иш сапары менен келгенин, анын алкагында диаспора жетекчилери менен жолугушуп жатканын белгилеп:

«Мамлекеттин жетекчилери өзгөрдү. Сиздердин, элдин-журттун каалоосу менен, тилеги менен, сиздердин аракетиңиздер менен мамлекетибиздин башында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров болду», - деп, ыраазычылык билдирип жатат.

Камчыбек Ташиевдин катарында Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Эркин Айдит, ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн, миграция кызматынын башчылары, элчиликтин башка кызматкерлери да отурганын көрүүгө болот.

Москва: Ташиевдин табышмактуу сапары
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

УКМК жаңы дайындалган жетекчисинин Орусияга сапары жана максаты тууралуу расмий кабар тараган жок. Кыргызстандын башкы чекисти чет мамлекетте мигранттар менен жолуккан учур алгачкы ирет катталды.

Жолугушуу «Президент-Отель» мейманканасынын банкеттик залында уюштурулган. Москванын борборунда турган мейманкананын «Большой Петровский» залынын эки сааттык ижарасы 180 миң рубль турат.

5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин келген жаңы өкмөттүн курамында Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчиси болуп 15-октябрда дайындалып, 28-октябрда парламентте ант берген.

Ташиевге чейин 22-23-сентябрда Москвага иш сапары менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев барып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан. Ага улай Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу – премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков Москвага барган. Москвадагы элчилик Айдарбековдун сапары жана анын алкагында пландалган жолугушуулар тууралуу кабары жок экенин билдирген.

Стратегиялык өнөктөш болуп саналган Орусия менен Кыргызстандын жаңы бийлиги жогорку деңгээлде диалог жүргүзө элек. (LzT/ZKo)

XS
SM
MD
LG