Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:00

Кочкоров: «жумуштан өз каалоом менен кеткенимди» Интернеттен окудум


Улукбек Кочкоров.

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматын тапшырганы жөнүндө кабарсыз болгонун билдирди. 29-октябрда Кочкоров «Фейсбуктагы» баракчасына видео кайрылуу таратып, акыркы кырдаал боюнча пикири менен бөлүшкөн.

«Менин өз каалоом, арызым менен жумуштан кеткеним жөнүндө сиздер сыяктуу эле мен да Интернеттен билдим. Бул - трагедия эмес. Мени өкүндүрүп, ойлондурганы - Кыргызстандын бүгүнкү абалы. Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстан саясий, экономикалык, калктын жашоо деңгээли боюнча чоң коркунучка, туңгуюкка келди» - деди Кочкоров.

Ал өлкөдөгү айлык акы, жөлөкпулдарды көбөйтүү боюнча программа иштеп чыкканы менен мурдагы жана жаңы келген бийлик көңүл бурбаганын кошумчалаган.

Кочкоров өз тарапкерлерин дал ушул программанын айланасында биригүүгө чакырган.

Кочкоровдун өз каалоосу менен кызматтан кеткени ушул аптанын башында жарыяланган. Анын ордуна Кочкоров менен кошо вице-премьер-министрлик кызматын тапшырганы айтылган Аида Исмаилова көрсөтүлүп, бирок парламент аны колдогон жок.

«Жаңы доор» саясий партиясынын лидери Улукбек Кочкоров министрлик кызматка 2018-жылы октябрда дайындалган. Ал быйыл октябрдагы парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынын тизмесинде катышкан.

Пикирлерди көрүңүз (31)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG