Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Өкмөт: Исмаилова менен Кочкоров кызматтан бошотулду


Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаровдун 27-октябрдагы жарлыгы менен вице-премьер-министр Аида Исмаилова кызматынан бошотулду. Садыр Жапаровдун ушундай эле буйругу менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров да ээлеген кызматынан алынды.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, экөө тең кызматтан өз арыздарынын негизинде бошотулду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматка быйыл апрель айында дайындалган. Анын негизги милдети катары өкмөттүн коронавирус пандемиясына каршы ишин уюштуруу болчу. Бул кызматты төрт ай аркалаган Аида Исмаилова быйыл сентябрь айында бийликчил «Биримдик» партиясынан талапкер катары парламенттик шайлоого катышарын жарыя кылган. Пандемия курчуп турганда Исмаилованын мындай кадамы коомчулуктун сынына кабылган болчу.

Улукбек Кочкоров да «Биримдик» партиясынан талапкер болуп өкмөттүн курамына кирген. Ал акыркы шайлоого бийликчил партиянын башкы сабында аттанган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG