Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Питердеги кыргызстандык мигранттын өлүмү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санкт-Петербургда өлтүрүлгөн кыргызстандык мигранттын иши териштирилип жатат.

26-октябрда Санкт-Петербургдагы полиция кызматына Новочеркасск көчөсүндөгү ресторандын машине токтотуучу жайында бир адамды союл менен сабап, такси кызматына тиешелүү автоунаанын багажнигине салып кетишкени тууралуу кабар түшкөн.

Көп өтпөй укук коргоо кызматкерлери жолдо «Хюндай» үлгүсүндөгү машинени токтотуп, ичинен белгисиз адамдын сөөгүн табышкан. Машинени айдап бараткан орусиялык жарандар - 31 жаштагы эркек менен 35 жаштагы аял ошол замат камакка алынган. Маркумдун чөнтөгүнөн Кыргызстандан алынган айдоочулук күбөлүк табылган.

Санкт-Петербургдагы консул Таалайбек Абдиев маркум 38 жаштагы кыргыз жараны экенин тастыктады:

«1982-жылы 22-майда туулган. Тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмыштын себептери аныкталууда. Азыр аял киши күбө катары өтүүдө. Анткени, жанындагы эркек маркумду сабап жатканда ортого түшүп, аны токтотууга аракет кылганын көргөндөр бар экен. Ошон үчүн айып азыр бир адамга коюлуп жатат. Экспертиза иштери көпкө созулушу мүмкүн. Союл менен башка-көзгө койгулап сабаган экен. Бул жактагы агасы менен байланышып, Тергөө комитетине бирге барып келдик. Бул иш консулдуктун көзөмөлүндө болот».

Учурда «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши Санкт-Петербургдагы Красногвардейский райондук тергөө комитетинде каралып жатат.

Консулдук тиешелүү медициналык экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөктөшөт.

Маркумдун агасы буларды айтып берди:

«Эмне болгонун анык билбейбиз. Интернеттеги видеолордон эле көрдүк. Иним Санкт-Петербургда үй-бүлөсү менен жашачу. Эки баласы бар. Таксиде үч жылдан бери иштеп жаткан. Акыркы жолу Кыргызстанга бир жарым жыл мурун барып келген. Кечээ Тергөө комитетине барып, тергөөчүдөн толук маалымат алганга аракет кылганбыз. Бүгүн да барабыз».

Санкт-Петербургдагы консул Таалайбек Абдиевдин маалыматы боюнча быйыл бул аймактан Кыргызстанга 34 маркумдун сөөгү жөнөтүлгөн.

Ал эми Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча Борбордук федералдык аймактан быйыл тогуз айда Кыргызстанга 130 «Жүк-200» кеткен.

Акыркы расмий статистикага караганда, Орусияда 700 миңдей кыргызстандык иштейт. Бирок расмий эмес маалымат боюнча алар дээрлик эки эсе көп.

2019-жылы Орусияда миграцияда ар кандай себептер менен каза болгон 261 адамдын сөөгү Кыргызстанга жеткирилген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG