Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

"Жүк 200" боюнча жөлөкпул алуунун машакаты


Учурда айрым мигранттар «жүк 200» боюнча өкмөттүн жардамын ала албай нааразы.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткириш үчүн июндан бери 50 миң сомдон жардам бөлүп жатат. Мындай жөлөкпулду адамдын каза болгонун тастыктаган расмий маалымдама, паспорт жана тууганчылыгын аныктаган документ менен алууга болот.

Өкмөттүн жөлөкпулу мигранттардын "жүк 200" көйгөйүн чечти дегени менен, мигранттар бул акчалай жардамды колго алуу кыйла машакаттуу болуп жатканына нааразы.

Москвадагы “Кадамжай” коомунда Сарыбай айылынан келгендердин төрагасы Абдилбос Арзыбаев он айда жердештер Кыргызстанга 15 маркумдун сөөгүн жөнөтүшкөнүн, бирөөндө да өкмөттөн акчалай жардам алууга мүмкүн болгонун билдирди:

Абдилбос Арзыбаев.
Абдилбос Арзыбаев.

- Карасак, жакында Мамлекеттик миграция кызматындагы Алмаз Алыбаев деген «жүк 200» боюнча 132 маркумдун туугандарына 5 миллион 870 миң сом бергенин айтып жатат. Биз, кадамжайлыктар, жыл башынан бери Орусиянын ар кайсы бурчунан 15 сөөктү өз күчүбүз менен кетирдик. Алардын жакындары кайрылып, бири да жөлөкпул ала албаптыр. Бул алар айтып жаткан сандын 10 пайызын түзөт го?! Бир мисал, ушул Сарыбай айылынан каза болгон С. Садировдун туугандары атайын Бишкекке барып, акча ала алышпаптыр. Коомубузда юристтер бар. Биз документтердин баарын тууралап жөнөткөнбүз.

Июндун аяк жагында Орусияда иштеген Д. Жолдошов атуу уулун жоготуп алган Гүлсана маркумдун жакындары Бишкектеги миграция кызматына кайрылышканын, бирок жардам ала алышпаганын айтты:

- Иним барып, документтерди тапшырып, андан ары Москвага кеткен. Кийин кызым барып сураса, «силер кечиктиңер» деп жооп беришиптир.

Жөлөкпулду алуунун дагы бир кыйынчылыгы – документтерди Мамлекеттик миграция кызматынын Бишкектеги башкы кеңсесине тапшырыш керек. Мындай шарт алыскы айылдарда жашаган маркумдун туугандары үчүн кыйла машакаттуу.

43 жаштагы Нурлан Абдуллаев эки ай мурун Сахалинде каза болгон. Анын карындашы Айгүл маркумдун туугандары өкмөттөн берилчү акчалай жардамды жол азабынан ала албай жатышканына кейиди:

Биздин Бишкекке барышыбыз эле 50 миң болот. Чет жерден сөөк алып баруу оңой эмес экен.

- Ким барат? Ата-энебиз кары адамдар, айылда турушат. Калганыбыз бул жакта иштебиз. Жарымыбыз Москвада, калганыбыз Сахалинде. Биздин Бишкекке барышыбыз эле 50 миң болот. Чет жерден сөөк алып баруу оңой эмес экен. Сахалинден Ошко 2-3 учак которуп алып барганбыз.

Абдилбос Арзыбаев "жүк 200" боюнча өкмөттүн жөлөкпулу жер-жерлерде берилиши керек деп эсептейт.

- Муну облустарда, райондордо берилгендей кылыш керек, - деди ал. - Жакынын, бир тууганын жоготуп, жабыркап отурган үй-бүлө борборго барып алышы керекпи?! Тээ алыскы айылдан келип кеткени эле канча чыгым?! Мен муну жалгыз өзүмдүн атымдан айткан жокмун. Азыркы кырдаалга “Кадамжай” коомундагы 10 миңдей мигрант, баарыбыз капабыз.

Москвада 30дай коомдук уюмдан турган кыргыз диаспорасынын айрым активисттери учурда жөлөкпулду Кыргызстанда аймактарда берүүдөн тышкары, Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүктөрүнөн берүүнү суранып, кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңешке расмий кайрылышканын билдиришти.

Мамлекеттик миграция кызматынын адиси Улан Шамшиев жыл башынан бери 151 кайрылуу боюнча 7 миллион сом өлчөмүндө өкмөттүк жардам төлөнгөнүн билдирди:

- Кайрылгандардын баары эле чегерилди. Эки мекендешибиз Орусиянын жарандары экен. Аларга чегерүүгө мыйзам жол бербейт.

151 кайрылуунун ичинен 28ине акчалай жардам эски шарттар менен чегерилген. Кыргыз өкмөтүнүн 50 миң сомдук жөлөкпул боюнча токтому 1-июнда күчүнө кирген. Ага чейин чет жакта каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүүдө өкмөт жол чыгымдарын тастыктаган квитанциялар боюнча каражат бөлүп келген.

Мындан тышкары, жаңы токтомдун шарты боюнча чет жакта каза болгондордун жакындары үч айлык мөөнөткө жеткирбей бул төлөмгө документ тапшырышы керек. Ал эми өкмөттүк жардамды аймактарда берүүгө болбой жаткандыгын Улан Шамшиев төмөнкүчө түшүндүрөт:

Улан Шамшиев.
Улан Шамшиев.

- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары боюнча ушул жөлөкпулду жалаң гана өлкө ичиндеги банк эсептерине которо алабыз. Акчаны биз колго накталай бербейбиз. Баары эсепке которулат. Чет өлкөдө да өз алдынча бюджеттик каражат которо албайбыз.

Ал эми бул жөлөкпулду аймактарда берүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок Мамлекеттик миграция кызматынын облустарда, райондордо бөлүмдөрү жок. Ошондуктан муну ишке ашыруу кыйынчылыкка учурап жатат.

Учурда Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу аракетинде. Чет жакка чыгып бараткан жарандарды өз өмүрүн камсыздандырууга милдеттендирүү менен, жалаң эле башка өлкөдөн сөөк жеткирүү көйгөйүн чечпестен, көпчүлүк учурда жалгыз багар-көрөрүн жоготкон үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүүгө болоору белгиленүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG