Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Осмоналиев: Жапаров шайлоого кетсе президенттин милдетин спикер аткара алат


Садыр Жапаров. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Садыр Жапаров. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Азыркы президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышууга кетсе, өкмөт башчылык ишин тапшырып, анын ордуна премьер-министрдин милдетин аткаруу премьер-министрдин орун басарына өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Осмоналиев «Азаттык» радиосунун «Арай көз чарай» талкуусунда билдирди. Анын айтымында, президенттин милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин төрагасына өтүшү ыктымал.

«Президенттин милдетин аткаруучунун кызматын тапшыруусу тууралуу конституциялык мыйзамда жазылган эмес, - деди ал. - Андай кырдаал көрсөтүлгөн эмес. Конституция боюнча, президент шайлоого барса, анын милдетин спикер, ал баш тартса өкмөт башчы аткарат. Бул жолу Жогорку Кеңештин төрагасы «президенттин милдетин аткара албайм» деп, 16-октябрда баш тартты. Ал эми шайлоонун алдында «аткара алам» деп, милдетин алса, эч кандай чатак болбойт».

Учурда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин төрагасы - «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев. Ал спикерликке 16-октябрда шайланган. Ал эми биринчи вице-премьер-министр - Алексей Новиков. Ал бул кызматка 16-октябрда дайындалган.

6-октябрдагы башаламандыктан кийин түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров алгач өкмөт башчылыкты колуна алып, президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган соң, президенттин да милдетин аткаруучулук кызматты колуна алган. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү кырдаалдын тынчтыгы үчүн кызматынан баш тартканын жарыялаган.

Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Кочкор районундагы жумушчу сапарында 10-январда боло турган президенттик шайлоого катышарын, ал үчүн кызматтан кетерин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG