Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

ӨКМ: Ошто көп кабаттуу үйдө чыккан өрттө адам өмүрүнө коркунуч келген жок


Өрт Ош шаарындагы Алай көчөсүнүн 35-көп кабаттуу үйүнүн 4-кабатынан чыккан.
Өрт Ош шаарындагы Алай көчөсүнүн 35-көп кабаттуу үйүнүн 4-кабатынан чыккан.

Ош шаарынын Алай көчөсүндөгү №35 үйдүн 4-кабатында чыккан өрт 15:34тө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда өрт чыккан аймактан 60ка жакын адам чыгарылган. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок. Ош шаардык мэриясы үч адам ооруканага жеткирилгендигин кабарлады. Төртүнчү кабаттагы батирде чыккан бул өрттүн себептери айтыла элек.

Өрттү өчүрүүгө министрликтин үч өрт өчүрүү бөлүмү, куткаруу кызматы, кошумча «Тез жардам» кызматы, милиция жана башка кызматтар тартылган. (DU)

XS
SM
MD
LG