Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Сот Жаныш Бакиевдин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим чыгарды


Апрель окуясы боюнча соттун жүрүшү. 17-ноябрь, 2010-жыл.
Апрель окуясы боюнча соттун жүрүшү. 17-ноябрь, 2010-жыл.

Сот Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы, Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаевди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну чечти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме ырастагандай, Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 23-октябрда Темирбаевдин өзүнүн жазган арызынын негизинде ишти карап, аны канааттандырган.

Темирбаевдин түрмөдөгү калган жаза мөөнөтү үч ай 20 күн деп эсептелген. Бул мөөнөт сыноо мөөнөтү деп саналып, көзөмөл бекитилди.

Темирбаев пробация органдарын жашаган жери, жумушу тууралуу кабардар кылып, пробация органынын кызматкери талап кылган учурда келип, көрүнүп кетүүгө милдеттүү. Жашаган жеринен кыска убакытка башка жакка чыккан учурда пробация органдарынан уруксат алышы керек болот.

Мунун алдында басылмалар Темирбаевди бошотуу боюнча өтүнүчтү сотко ал жазасын өтө жаткан №27 түрмөнүн жетекчилиги бергенин жазышкан. Соттун чечимине каршы эч ким даттанбаса, ал 10 күндүн ичинде күчүнө кирет жана соттолгон жаран түрмөдөн чыгышы керек.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бул боюнча кенен түшүндүрмө бере элек.

Быйыл он жылдыгы белгиленген 2010-жылдагы кандуу апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган. Калгандарына сот өкүмү чыккан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.

Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген. Ушул тапта апрель окуялары боюнча Дунганов менен Темирбаев гана түрмөдө жазасын өтөп жатканы маалымдалган. Калгандары ар кандай жагдайда бошотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG