Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

«Саясий туткундарды коргоо комитети»: Саясий куугунтукка кабылгандар жалпы акталсын


6-октябрдагы окуялардан соң соттон толук акталган саясатчылар: Мелис Мырзакматов, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов. Солдон оңго. «Азаттыктын» коллажы.
6-октябрдагы окуялардан соң соттон толук акталган саясатчылар: Мелис Мырзакматов, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов. Солдон оңго. «Азаттыктын» коллажы.

«Саясий туткундарды коргоо комитети» 27-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылуу ээлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда анын режимине каршы чыккан саясатчыларга куугунтук болуп, түрмөгө камалганын белгилешкен.

Анда: «2016-жылдан бери саясий туткун деп эсептеген 24 адамдын укугун талашып, Кыргызстанда репрессия болуп жаткандыгын БУУга чейин жеткирдик. Биздин комитет сиздин жана команданыздагы саясий өңүттө соттолгон Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Мелис Аспеков, Мелис Мырзакматов жана башка адамдар шашылыш акталып, ал эми Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков ж.б Атамбаевдин репрессиясынан жабыр тарткан адамдардын иштери сотто каралбай, акталбай жаткандыгы өкүндүрөт, соттук иштер дагы эле буйрутма жана тандалма болуп жатканын билдиребиз!» деп жазылган.

Кайрылуу ээлери аттары аталган саясий туткундардын иши тез арада каралбаса, адилеттик үчүн нааразылык акцияларын баштай турганын эскертишүүдө.

Кыргызстандагы «Саясий туткундарды коргоо комитети» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 30дай саясатчы саясий буюртма менен камалганын маалымдаган. Кийин Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин алардын бир тобу акталган же иштери кайра кароого жиберилген. Бирок Жээнбековдун тушунда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган бир топ саясатчылар камалган.

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров өз билдирүүлөрүндө бул саясатчылардын иштери калыс караларына сөз берип, мындан ары саясий куугунтук болбой турганын айтып келет.

6-октябрдагы башаламандык учурунда абактан чыгып кеткен он чакты саясатчынын көбү кайра кармалды, айрымдары өздөрү абакка кайтты. Ибраимов менен Исаков дайынсыз болуп жатса, Равшан Жээнбеков үй камагына чыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG