Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Баш калаанын тизгини Балбак Түлөбаевге өттү


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Түлөбаев дайындала элек кызматын алмаштырды

Жаңы дайындоого каршы болгондор ушул эле күнү мэриянын алдында нааразылык акциясын өткөрүп, Түлөбаевди кызматтан кетүүгө чакырышты. Шаардын жаңы башчысы аз гана убакыт иштей турганын, люстрация жөнүндө мыйзам кабыл алынса, жумушун тапшырууга даяр экенин билдирди.

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалмак. Бул маалыматты Түлөбаев бир күн мурда өзү да ырастаган. Бирок чукулунан эле ал бара турган кызмат алмашып, 27-октябрда Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аны шаардык бийликтин эмгек жамаатына өкмөттүк аппараттын башчысы Бактыбек Аманбаев тааныштырды:

«Эң негизги орунга Садыр Нургожоевичтин берген тапшырмасын коёбуз. Балбак Зарлыкович, сиздин, мэриянын аппаратынын милдеттеринин бири - шаарды кышка толук даярдоо. Жылуулук, көмүр, жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды жылытуу. Шаардын, жолдун тазалыгы, чарбалык жумуштун баары өз убагында аткарылышы керек деген тапшырма менен келдик. Дагы бир маселе – бул пандемия. Ал боюнча да түзүлгөн график менен иш жүргүзүлүшү керек».

Өкмөттүк аппараттын башчысы Бактыбек Аманбаев Балбак Түлөбаевди шаардык бийликтин эмгек жамаатына тааныштырды.
Өкмөттүк аппараттын башчысы Бактыбек Аманбаев Балбак Түлөбаевди шаардык бийликтин эмгек жамаатына тааныштырды.

Мэрликти мелжегендер

Бишкек шаарынын мэрлик кызматы Кыргызстанда премьер-министрлик орундан кем эмес талашка түштү. 6-октябрга караган түнү болгон башаламандыктан кийин Жоошбек Коёналиев аттуу адам сүрмө топ менен мэрияны басып алып, өзүн Бишкек шаарында элдик мэр деп жарыялаган.

Тополоңдон кийин дайыны чыкпай калган мэр Азиз Суракматов 8-октябрда жумушка чыгып, эки күн аралыктан иштегенин айткан. Ал 20-октябрда кызматын тапшырып, аны Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниети менен түшүндүрдү. Суракматов мэрликтен кетер алдында 2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеевди биринчи вице-мэр кылып дайындап, Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болуп калган эле.

Бирок өздөрүн жарандык активист жана Бишкектин тургундарыбыз катары тааныштырган адамдар мэриянын алдында митинг өткөрүп, Түлеевдин мэр болушуна каршы чыгышты. Ушундан улам ал 22-октябрда кызматтан кеткенин айтып, мындай чечимди премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын жарыялады. Мунун алдында Жапаров мурдагы мэр Азиз Суракматов Түлеевди аны менен кеңешпей туруп кызматка коюп кеткенин билдирген. Ошентип, Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болуп эки эле күн иштеди.

Митинг токтогон жок

Узакка созулган кызмат талаштан кийин шаардын жетекчилигине Балбак Түлөбаев келди. Бирок 27-октябрда ага каршы болгондор да мэриянын алдына чогулушту. Алардын бири Түлөбаевди минтип айыптады:

«Сиздин (Балбак Түлөбаев) ушул кызматка келгениңизге бир топ киши нааразы. Сизди атайын Ысык-Көлгө губернатор кылып дайындап, «Биримдик» партиясында жүрдүңүз. Ушул партиянын камчысын чаптыңыз. Көлгө барып мындан ары да «Биримдиктин» камчысын чаба бериңиз. Бишкектин мэри болуп иштегенге сиздин моралдык укугуңуз жок».

Мэрлик кызматта мелжегендердин арасында жарандык активист Төрөхан Жунусбеков, «Чоң Казат» партиясынын мүчөсү Асхат Осмонов да бар. Экөө тең Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акцияларында жүрдү. Жунусбеков Түлеев менен Суракматовго каршы чыкканын жана аны мэрликке тарапташтары көрсөткөнүн айтып жатат. Ал Балбак Түлөбаев мэрияга жаңы кадрларды тартса колдой турганын билдирди. Ал эми Осмонов Түлөбаевдин мэр болушуна макул эмес.

Асхат Осмонов.
Асхат Осмонов.

«Бишкектин мэри Бакетаев, Суракматов, Түлеев же сиз (Балбак Түлөбаев) болушуңузду каалабайбыз, - деди ал. - Анткени силер бир команда болуп кызматка келгенсиңер. Бир жерде иштедиңер, бир дасторкондо отуруп жүрөсүңөр. Балбак Зарлыкович, сизди өкмөт бекитип бергенине карабай эл кабыл алган жок. Себеби, мэрия деген өкмөттүн мекемеси эмес. Мэрия шаардыктардыкы, муниципалдык мекеме».

Түлөбаев кызматка киришти

Ал арада Балбак Түлөбаев айрым адамдардын каршылыгына карабай кызматка киришти. 27-октябрда Бишкектин төрт вице-мэринин экөө кызматтан кетти. Алар – мэрдин турак жай-коммуналдык маселелерди тейлеген орун басары Алымбек Абдылдаев жана социалдык саясатка жооптуу вице-мэр Виктория Мозгачева. Алардын кызматтан кетүү тууралуу арызына Түлөбаев кол койду. Ал мэриянын алдына пикетке чыккандар менен жолугуп, талаптарын да укту.

«Люстрация деп жатышат. Мен макулмун, ага биринчи кылып мени жазгыла. Бир-эки айда же он күндүн ичинде кабыл алсаңар да мен кызматтан кетем. Ушул орунга кармансам Кудай урсун. Мен кете берем. Бирок ушундай кыйын кырдаалда иштеп бер деп жатышат».

Бишкектеги так талаш бир миллиондон ашык калкы бар, бюджети 10 миллиард сомдон ашкан шаардын ишин аксатканы айтылып жатат. Ансыз да коронавирус пандемиясынан улам шаардык бюджетке түшпөй калган каражат тартыштыкты көбөйтүп, кышка даярдык иштерин кечеңдеткени сынга кабылды.

«Легендарлуу парламенттин» депутаты, академик Жамин Акималиев акыркы окуялар мэрлик кызматтын баа-баркын төмөндөткөнүн айтты:

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

«Бишкек – бул Кыргызстандын күзгүсү да. Шаардын мэри деген жөнөкөй эле жумуш эмес, ал саясий чоң кызмат. Убагында Усубалиев шаардын башчысы болуп туруп, кийин Кыргызстан Компартиянын биринчи катчысы болгон. Мэрлик кызмат - саясатчылар үчүн сыноо болчу орун. Азыркыдай талаш-тартыш болбош үчүн кийин шаардын мэрин адамдар өздөрү түз шайлагыдай кылышыбыз керек».

Бишкек шаарынын мэрлиги - чуулуу да кызмат. 2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеев «Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген» деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган.

Андан кийин шаарды башкарган Кубанычбек Кулматов да түрмөгө отуруп чыкты. Кулматовдон соң мэр болгон Албек Ибраимов да абакка кесилген. 6-октябрга караган түнү өргүүгө чыгып, ошол бойдон түрмөгө кайткан эмес. Ага издөө жарыяланды.

XS
SM
MD
LG