Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго издөө жарыяланды


Сапар Исаков менен Албек Ибраимов.
Сапар Исаков менен Албек Ибраимов.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады.

Исаков Молдовановка айылындагы №27, Ибраимов Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатышкан. ЖАМК абактан чыккан эки саясатчыга берилген өргүү 12-октябрда бүткөнүн, өз эрки менен келишпесе укук коргоо органдары чара көрөрүн эскерткен.

17-октябрда социалдык тармактарда Сапар Исаков Франциядан баш паанек сураганы тууралуу маалыматтар тарады. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Исаковдун кайда экени тууралуу алардын да, үй-бүлөсүнүн да маалыматы жок экенин билдирип, Исаковдун өзүндө документтери болбогонун айтты. «Ибраимовдун да кайда экенин билбейм» деди ал.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин имаратын ээлеп алуу менен аяктаган.

Ошондогу тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу абактан чыккан. Алардын арасында Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев бар. Алар түзөтүү мекемелерине кайтарылган.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 650 281 сом айып салган. Ал күнөөнү мойнуна албай, муну саясий куугунтук катары баалап келет.

Ал эми мурдагы мэр Албек Ибраимов былтыр жыл аягында Бишкекте мектеп курулушундагы коррупция үчүн айыпталган. Ошондой эле «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG