Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Мэрия: Нариман Түлеев мэрдин милдетин аткарып жатат


Нариман Түлеев.
Нариман Түлеев.

Бишкек шаардык мэриясынын 26-октябрдагы маалыматына караганда, учурда мэрдин милдетин Нариман Түлеев аткарып жатат.

Мекеме биринчи вице-мэр Нариман Түлеев мыйзамдын негизинде мэрдин милдетин аткарып жатканын билдирди. Аны «Баш калаанын макамы жөнүндө» мыйзамга таянуу менен кызматтан кеткен мурдагы мэр Азиз Суракматов 21-октябрда кызматка дайындап кеткенин эске салды.

Түлеевдин кызматтан бошотуу тууралуу арызы үч күн ичинде каралышы керек болчу. «Бирок ал каралбагандыктан, Нариман Түлеев биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучу бойдон кала берет», - деп түшүндүрдү мекеменин басма сөз кызматы.

Нариман Түлеев 22-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарбай калганын, мындай чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын жарыялаган. Нариман Түлеев менен жолугушканы тууралуу Садыр Жапаров да билдирген.

Кызматтан баш тартышына Түлеев «мэрлик креслонун айланасында ар кандай топтордун жана шектүү бирөөлөрдүн ыплас, иренжиткен күрөшү башталганын», охлократиянын толкуну күчөп баратканын жүйө келтирген.

Бишкек шаарын 2018-жылдан бери жетектеп келген Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер катары катышуу үчүн мэрлик кызматтан баш тартканын, баш шаардын мэринин милдетин биринчи вице-мэр болуп 20-октябрда дайындалган Нариман Түлеев аткарарын ошол күнү жарыялаган.

21-октябрда мэриянын имаратынын алдында Түлеевге каршы чыккандардын жана тарапкерлеринин митинги өткөн.

Ошол эле күнү Интернетте Түлеевдин иш кабинетинде бир топ адамдардын арасында ызы-чуу болуп жатканы тартылган видео тараган.

Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.

Акыркы маалыматтарда Нариман Түлеевге каршы кайрадан акция уюштурулуп жатканы айтылууда. (NT)

XS
SM
MD
LG