Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Түлеев: Охлократия күчөп баратат, мэрдин милдетин аткаруудан баш тарттым


Нариман Түлеев.
Нариман Түлеев.

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарбай калганын жарыялады. 22-октябрда мэриянын расмий сайтына анын билдирүүсү чыкты.

Анда Түлеев мэрияга Азиз Суракматовдун өтүнүчү менен барганын, ишке жөндөп киришкенге жетише электе «мэрлик креслонун айланасында ар кандай топтордун жана шектүү бирөөлөрдүн ыплас, иренжиткен күрөшү башталганын» билдирди. Алардын айрымдары кол көтөргөнгө чейин барышканын айткан Түлеев колдоо көрсөтүп чогулган тарапташтары да чагымчылардан жабыркап кала жаздаганын белгиледи.

Түлеев аны колдоп чыккандардын жашоосу коркунучка кабылышына моралдык укугу жок экенин, охлократиянын толкуну күчөп баратканын белгилеп, мэрлик кызматтан кетүү тууралуу чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алышканын жарыялады.

Ал Бишкек шаардык кеңешинин мөөнөтү 2021-жылдын 11-апрелинде аяктай турганын, ага чейин калаа мэринин милдетин шаар башкармалыгында эки жылдан бери жетекчилик кызматта иштеп келе жаткан биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарып турарын айтты.

Бишкек шаарын 2018-жылдан бери жетектеп келген Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер катары катышуу үчүн мэрлик кызматтан баш тартканын, борбор шаардын мэринин милдетин биринчи вице-мэр болуп 20-октябрда дайындалган Нариман Түлеев аткарарын ошол күнү жарыялаган.

Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.

21-октябрда Интернетте Түлеевдин иш кабинетинде бир топ адамдар арасында ызы-чуу болуп жатканы тартылган видео тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG