Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Түлеев өзүнө карата кылмыш иштери боюнча Жогорку сотко кайрыларын билдирди


Нариман Түлеев.

Бишкектин мэринин милдетин аткарары жарыяланган Нариман Түлеев өзүнө козголгон кылмыш иштерине байланыштуу Жогорку сотко кайрыла турганын 20-октябрда басма сөз жыйынында жарыялады.

Түлеев өзүнүн соттуулугу быйыл августта алынганын билдирди.

«Жакынкы күндөрдө Жогорку сотко кайрылам. Мен баарыңарды ошол жакка чакырам. Бизди 2012-жылы күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок соттоп жиберишкен. Мен Жогорку сот ишти бир күндө эмес, кылдат карап чыгышын, биз күнөөлүүбүзбү же жокпу, баарына түшүнүктүү болушун каалайм».

Ушул эле басма сөз жыйынында Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматын тапшырганын жана биринчи вице-мэр болуп Нариман Түлеев дайындалганын жарыялаган. Мыйзам боюнча мэр кызматтан кеткенде анын милдетин биринчи вице-мэр аткарып калат. Бишкектин мэрин шаардык кеңеш шайлоого тийиш.

Нариман Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG