Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Суракматов мэрлик кызматтан кетүүгө арыз жазды


Азиз Суракматов.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Суракматов иштен кеткени буга чейин да, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда кабарланган. Бирок 8-октябрда ал тарапташтары менен мэриянын имаратына кирип, өз ишин токтотпогонун, эки күндөн бери аралыктан иштеп жатканын айткан жана кадимки тартипте иштей берерин билдирген.

Азиз Суракматов Бишкек шаарын 2018-жылдан бери башкарып келаткан.

Мурдараак мэрдин биринчи орун басары болуп Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Нариман Түлеев дайындалганы кабарланган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG