Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Нариман Түлеев Бишкектин биринчи вице-мэри болду


Нариман Түлеев.
Нариман Түлеев.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Нариман Түлеев дайындалды. Бул тууралуу буйрукка шаар башчысы Азиз Суракматов кол койгонун 20-октябрда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин бул кызматты аркалап келген Алмаз Бакетаев турак жай-коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр болуп дайындалды.

Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG