Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Депутат: Бишкектин мэри алмашкан жок


Бишкек мэриясын да митингчилер басып алышты. 6-октябрь, 2020-жыл.
Бишкек мэриясын да митингчилер басып алышты. 6-октябрь, 2020-жыл.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мүсүралиев мэр алмашпаганын билдирди. Анын айтуусунда бүгүн шаардык кеңеш жыйынга чогулат.

"Азыр чогулабыз. Ошондо баары белгилүү болот,"- деди. Канат Мүсүралиев мэр Азиз Суракматов менен бир ай мурда, шайлоого чейин жолукканын, андан бери көрбөгөнүн билдирди.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Бир катар күч кызматтарынын жетекчилери алмашканы кабарланды.

Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG