Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:30

ИИМ: Сузакта кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын аймак аралык башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз курал алып жүрүү, колдонуу жана ээнбаштык үчүн шек саналган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Алар мындан тышкары бийлик өкүлүнө каршылык көрсөткөн деп да шек саналууда.

8-октябрда Сузак районунда эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү бири-бири менен атышканы маалымдалган. Ага чейин августта да жаатташып атышкан учуру маалымат каражаттарына чыккан.

Бул төрт факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сузак райондук милициясы сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган. Милициянын маалыматына караганда, кармалгандардын бири уюшкан кылмыш тобунун, экинчиси дагы бир кылмыш тобуна тиешеси бар адамдар катары атайын каттоодо турушат.

27-октябрь күнү криминалдык милиция тарабынан эки кылмыштуу топтун алты мүчөсү кармалды. Алардын төртөө бир кылмыштуу топтун, ал эми экөө башка кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушат. Кармалгандардын баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары. Алар учурда убактылуу камоочу жайга киргизилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG