Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:46

Лейбористтик партия мурдагы лидери Корбиндин мүчөлүгүн токтотту


Жереми Корбин.
Жереми Корбин.

Улуу Британияда Лейбористтик партия мурдагы лидери Жереми Корбиндин мүчөлүгүн токтотту. Буга расмий себеп катары партиянын катарындагы антисемиттик билдирүүлөрү айтылды.

Буга чейин Британиядагы Адам укуктары жана теңчилик маселелери боюнча комиссия Лейбористтик партия жөөттөрдү дискриминациялоо жана мыйзамсыз куугунтуктоо үчүн жооптуу экенин белгилеген баяндама жарыялаган. Ошондон кийин Жөөттөрдүн жумушчу кыймылынын өкүлү партияны абалды оңдош үчүн тезинен чара көрүүгө чакырган. Лейбористтердин учурдагы лидери Кир Стармер комиссиянын сунуштарын жакын арада аткарарын билдирген. Партия антисемитизмди жок кылуу боюнча иш-аракеттердин планын жарыялай турганын кабарлаган.

Жереми Корбин Лейбористтик партияны 2015-2020-жылдары жетектеген. Анын тарапкерлери саясий истеблишмент Корбиндин ишине тоскоол болуп жатат деп арызданып келген.

XS
SM
MD
LG