Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Кыргызстанда жумушсуздук күчөдү


Ош шаарынын туруну Бектемир Абилезовдун беш баласы бар. Ал үй-бүлөсүн миграцияда жүрүп багып келген. Соңку беш жылдан бери Орусиянын Москва шаарындагы ашканада иштечү. 2020-жылы жаз айларында жумушу токтоп Бишкекке келген. Коронавирус коркунучу азайганда кайра жумушка барууну пландаган экен. Бирок ойлогон ою ишке ашпай, учурда үйүндө ишсиз отурат.

Балдарымды менин тапкан акчам менен багабыз.

«Москвага билет алайын десем өтө кымбат экен, - деди ал. - Кыргызстанга мени менен чогуу келген тааныштарым 50-60 миң сомго билет алып кетишти. Менин анча акчам жок эле. Жаздан бери ишсиз болгондуктан элге береселерим да көбөйүп кетти. Аялым иштебейт. Балдарымды тапкан акчам менен багабыз. Азыр эмне кылаарымды билбей калдым».

Бектемирге окшоп ишсиз калгандар Кыргызстанда четтен табылат. Түркияга барып сезондук жумуштарда иштеп келген мигранттар да жумуш издеп жүрүшөт. Мындан сырткары коронавирус кризисинде иши жүрүшпөгөндөр да кол куушуруп отуруп калышкан.

Улуттук статистика комитети COVID-19 пандемиясынын шартында элдин жашоо-турмушуна изилдөө жүргүзгөн. Мекеменин 2020-жылдын 15-октябрынан 15-ноябрына чейин эл арасында жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, ар бир кожолуктун эч болбогондо бир мүчөсү жумушунан айрылган. Көбү чет өлкөдө иштеп жүрүп, жумушсуз калгандыктан өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгонун белгилеген.

Мындай кожолуктардын көп үлүшү Ош шаарында (98,1%), Ош облусунда (88,2%), Жалал-Абад облусунда (80,5%) жана Талас облусунда (77,7%) жана Бишкек шаарында (77,2%) байкалган.

Улуттук статистика комитетинин расмий сайтындагы маалымат.
Улуттук статистика комитетинин расмий сайтындагы маалымат.

Расмий маалымат боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 60 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келген. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусияда жүргөндөр.

Миграция боюнча адис Улан Шамшиев мекенине кайткан мигранттардын саны эксперттик талдоолор боюнча 100 миңден ашык болушу мүмкүн экенин белгиледи:

Миграция боюнча эксперт Улан Шамшиев
Миграция боюнча эксперт Улан Шамшиев

«Орусия учурда жумушчу күчкө муктаж болуп жатат. Ага карабастан учурунда Орусияда иштеген кыргызстандыктар кайра ал жакка бара албай жатат. Анткени авиабилеттер кымбат, туруктуу авиакаттамдар жок. Бул орчундуу маселе. Кыргызстандын 2,5 миллионго чукул жумушка жарамдуу жараны бар. Анын 40% жакыны миграциядан жан багат. Жумушсуздук маселеси азыр анча байкалган жок. Бирок жаз айлары менен экономикалык шарттардан улам миграция кайрадан күч алышына өбөлгө түзүлөт. Бул жалаң эле Кыргызстанда болуп жаткан жок. Дүйнөлүк тенденция ушундай болуп турат».

Пандемиядан улам дүйнө жүзүндө жакырчылыктын деңгээли соңку 20 жыл ичинде биринчи жолу жогорулаганы турат. Дүйнөлүк банктын баяндамасына ылайык, күнүнө эки долларга жетпеген акчага күн көргөн адамдардын саны 115 миллионго чейин көбөйүшү мүмкүн. Адистер анын эпкини Кыргызстанда да байкалып жатканын белгилешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева өкмөт иш орундарын камсыз кылыш үчүн программа иштеп чыгышы керек деп эсептейт.

«Алыста жүргөн мигрант мекендештерибиздин бир тобу дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиянын айынан жергебизге кайтып келип, иш тапсак деген илгери үмүт менен отурушат. Ойлору канткенде ордунан чыгып, жумуш орундары менен камсыз кылуу жагдайы калыпка түшөт? Өкмөттүн программасы жок болуп жатат. Алар муну биринчи кезекте ойлонушу керек эле», - деди ал.

18-декабрда Бишкекте өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүшкөн. Анда эксперттер оор турмуштук кырдаалга кептелген эмгек мигранттары үчүн колдоо фондун ачууну сунуш кылышкан. Алар мигранттар кабылган негизги кыйынчылыктарды белгилеп, алардын 64% турак жай акысынан, 46% жумушсуз калуудан, 43% тамак-ашка акчасы жок калуудан, 20% күч органдарынын опузасынан кыйналарын аныкташкан.

Экономика министрлигинин аймак аралык башкы башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев буларга токтолду:

Зайнидин Жумалиев.
Зайнидин Жумалиев.

«Ишкерликти, өндүрүштү колдоо иретинде 14 миллиард сомду насыяларга берүү жөнүндө чечим чыкты. Мигранттар, алардын Кыргызстанда жашаган жакындары бул насыяны алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми 2020-жылдын жыйынтыгы менен кимдер алганы эсептелип жатат. Мындан тышкары Чүй районунун аймагында чоң ишканалар ачылуу алдында турат. Ал жерде миңдеген жумуш орундары түзүлөт».

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 2020-жылга карата 156 300 кишини түзөт. Расмий эмес булактарда болсо ишсиздердин катары жарым миллионго жетери айтылып жүрөт.

Ал эми 2019-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстандан чет жакка чыккан мигранттардын саны 732 миң адам деп эсептелген. Алардын 640 миңинин Орусияда расмий каттоосу бар. Кыргызстандыктар Орусиядан тышкары эң көп Түркия менен Казакстанга иштегени барышат.

XS
SM
MD
LG