Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Москвадан Бишкекке 423 кыргызстандык жаран кайтып келди


«Манас» аэропорту.
«Манас» аэропорту.

2-августта Москва-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен Орусиядан 423 кыргызстандык жаран кайтып келди, алардын ичинде 41 бала бар.

Жүргүнчүлөрдүн арасында кош бойлуу жана жаш балалуу кыз-келиндер, оорукчан жана улгайган адамдар, ошондой эле Орусиянын окуу жайларында окуган студенттер кайтып келишти.

20-марттан бери дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн 113 чартердик каттам менен 20 миңден ашуун кыргызстандык жаран мекенине жеткирилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG