Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Мигрант кыз-келиндерди колдогон демилге


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-февралда «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду миграцияда жүргөн кыз-келиндердин укуктарын коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү темасында жыйын өткөрдү.

Өз үй-бүлөсүн, шаарын, айылын өнүктүрүүгө жана тынчтыкты сактоого мигрант кыз-келиндердин кошкон салымы зор. Бул тууралуу билдирген «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду миграцияда жүргөн жана мекенине кайткан аялзаты үчүн долбоор сунуш кылды. Анын өкүлү Чынара Абдраимакунова долбоордун максатын түшүндүрдү:

«Биз мигранттардын балдарына «Тынчтыкты кандай элестетесиңер?» деп сүрөт тарттырдык. Дээрлик бардыгы апасынын сүрөтүн тартты. Демек, балдар «тынчтык – бул апам» деп түшүнөт. Бирок апасы ошол балдарын багайын деп, айласыздан мигрант болуп жүрөт да. Ошондуктан биз долбоорду мигрант кыз-келиндер үчүн тынчтыкты сактоо максатында алардын укуктарын камсыздоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жарыяладык. Ал «Мекенине мээримин төккөн айымдар» деп аталат. Долбоорго Кыргызстандагы алты айылдын тургундары катышса болот. Ар бир айылдан бирден долбоор тандалат. Анда айылына пайдасы тийгидей демилгелер камтылышы керек. Балким жумуш орундарын түзгөн чакан ишкерлик деле болушу мүмкүн. Жыйынтыгында жеңүүчүнүн ар бирине 230 миң сомдон грант берилет».

«Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду сунуш кылган долбоордо Кыргызстандагы алты айыл сыналуучу аймак катары тандалып алынган. Алар - Ош облусунун Төөлөс, Бей айылдары, Баткендин Ак-Турпак, Орозбек айылдары, Жалал-Абаддын Кызыл-Туу айыл аймагы жана Талас облусунун Кара-Буура айылы.

Бул айылдарда миграциянын агымы өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу жогору деп табылган. Алардын ичинде балдарын туугандарына таштап коюп, көр-тириликтин айынан миграцияга кеткен аялдар да көп.

Иш-чара “Коомдун тынчтыкта жана жаратмандыкта өнүгүүсү үчүн миграцияга кабылган аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Долбоор БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан БУУнун Миграция боюнча агенттиги, Миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ), БУУнун Аялдар жана эл аралык эмгек уюму (МОТ), Жамааттарды өнүктүрүү боюнча альянс (КБ “CDA”), Тренерлер жана консультанттар бирикмеси (КФ “АТиК”) менен биргеликте жүзөгө ашырылып жатат.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду чет жерде иштеп, мекендештерин колдош үчүн уюм түзгөн мигрант кыз-келиндердин маалымат базасын топтогон. Ага ылайык, мындай фонддор дүйнөнүн чар-тарабында бар экени аныкталган.

Миграция кызматынын өкүлү Максат Туларбекова.
Миграция кызматынын өкүлү Максат Туларбекова.

Коронавирус коркунучунан улам 2020-жылы март-апрель айларында Кыргызстанга жарыяланган карантин режиминде жана аталган илдет күчөп турган жай айларында чет жактагы мигранттар мекенине байма-бай көмөк көрсөтүп турган. Анын ичинде акчалай жардамдан баштап, дары-дармекке чейин жөнөткөнү маалым. Фонддун өкүлдөрү мекенине жардам берүү боюнча мигрант кыз-келиндер демилге көтөргөнүн байкашкан.

Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандык мигранттар үчүн түзүлгөн «Аманат» аттуу фонддун өкүлү Айзада Станбек кызы буларды айтты:

Айзада Станбек кызы.
Айзада Станбек кызы.

«Алгач Кыргызстандагы көп балалуу, өп-чап жашаган үй-бүлөнү көрүп зээнип кейиген. Ошондон улам жардам бере баштадым. Түштүк Кореяда «Аманат» деген фонддун мүчөсү болдум. Аталган фонд аркылуу кыргызстандык мекендештерге, тактап айтканда турмуштун оор сыноолоруна кабылган, кырсактаган, ооруп калган адамдарга жардам бердик. Саамалыкты дагы улантып жатабыз. Анткени башка өлкөдө кыйынчылык тарткан кыргызстандыктар болбосо дейм. Фонддун башка да мүчөлөрү менен биримдикте иш алып барабыз».

Айзада Станбек кызы чет жерде иштеген ар бир кыргызстандык эле жакшы жашап кетпей турганын белгилейт. Ал өзүнүн башынан кечирген кыйынчылыктарды айтып берди:

«Түштүк Кореяга 2014-жылы баргам. Жумуштун жоктугунан пол жууп иштеген күндөрүм болду. Оор жүк ташып да жүрдүм. Бара-бара ал жакка көнүп, азыр мекендештериме жардам берип турам».

Миграцияда жүргөн кыз-келиндер моралдык колдоого муктаж экени айтылып эле жүрөт. Айрыкча Орусияда иштеген аялзаты башынан оңбогондой кыйынчылыкты өткөрөт. Мунун бирден-бир себеби документ маселесинде. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Максат Туларбекова билдирди. Аталган кызмат адистер менен бирге миграциядагы кыз-келиндер туш болгон кыйынчылыктарды жана жетишкендиктерди изилдеп чыккан.

Максат Туларбекова.
Максат Туларбекова.

«Каттоо, медициналык камсыздандыруу - мигранттардын башкы маселеси, - дейт ал. - Башкы кыйынчылык акчанын жетишсиздигине барып такалат. Ошондуктан мигрант кыз-келиндер кош бойлуу болуп калган учурда ооруканага каттоого турушпайт. Мунун кесепети өзүнүн жана курсагындагы баласынын саламаттыгына доо кетирет. Чет жердеги Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары аларга кеп-кеңеш берип турат. Бирок бул мекемелерге бардык эле мигранттар кайрыла бербейт».

Улуттук статистика комитети 2020-жылга карата тышка мигрант болуп агылган кыргызстандыктардын расмий эсебин чыгара элек.

Ал эми 2019-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстандан чет жакка чыккан мигранттардын саны 732 миң адам деп эсептелген. Алардын 640 миңинин Орусияда расмий каттоосу бар. Кыргызстандыктар Орусиядан тышкары эң көп Түркия менен Казакстанга иштегени барышат. Ошондой эле Европа өлкөлөрүнө жана АКШга иш издеп барган мигранттар жылдан-жылга көбөйүп жатканы айтылууда. Расмий маалыматка ылайык, мигранттардын 53% аялдар.

XS
SM
MD
LG