Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

БУУ: Эл аралык мигранттар дүйнө калкынын дээрлик 3,6 пайызын түзөт


Босниядагы чет элдик мигранттардын убактылуу жайында. 2020-жылдын 20-октябры.
Босниядагы чет элдик мигранттардын убактылуу жайында. 2020-жылдын 20-октябры.

Чет өлкөлөргө журт которгон кишилердин көчү акыркы 20 жылда туруктуу бойдон калды. БУУнун 15-январда жарыяланган баяндамасына караганда, мигранттар 2020-жылы 281 миллиондой кишини, б.а. жалпы дүйнө калкынын 3,6 пайыздай бөлүгүн түзгөн.

Бирок баштапкы эсептөөлөр көрсөткөндөй, коронавирус алааматы былтыр мигранттардын көчүн 2 миллиондой кишиге азайтып койгондой болду.

БУУнун баяндамасы миграция – дүйнөлөшүү заманынын ажырагыс өзгөчөлүгү болуп калганын айгинелейт. COVID-19 илдетинен келип чыккан ар кандай чектөөлөр жана жумуш орундарынын кыскарышы мигранттардын атажуртунда калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн турмуш-тиричилигине кыйла кесепетин тийгизген.

Эл аралык эмгек мигранттардын үчтөн эки бөлүгү дүйнөнүн 20дай гана мамлекетинде жашап жана иштеп келет. Өзгөчө АКШда мигранттар көп. Мында 2020-жылы 51 миллион мигрант жашап, өлкөдөгү жалпы калктын 18 пайыздайын түзөт.


Германия – экинчи орунда турат. Мында 16 миллион мигрант байырлайт. Сауд Арабиясында 13 миллион, Орусияда 11,6 миллион, Улуу Британияда 9 миллиондой мигрант жашайт.

Ал эми өз өлкөсүнөн жарандары сырт жактарга чыгып иштеп кеткен мамлекеттердин тизмесинин башында Индия турат. Анын 18 миллиондой жарандары чет өлкөлөрдө жашайт (Индиянын өзүнө 4,8 миллион киши сырттан келген). Мексикадан 11 185 737 жараны сырт жактарда иштеп жүрөт. Мексикада 1 197 624 чет элдик мигрант жашайт.

Бангладештеги качкындар лагери. 2018-жылдын 16-январы.
Бангладештеги качкындар лагери. 2018-жылдын 16-январы.


Орусиядан 10 756 697 киши сырт жактарга кеткен, бирок Орусияга чет жактан 11 636 911 мигрант келген. 10 миллион кытайлык жана 8 миллион сириялык жарандар чет өлкөлөрдө байырлашат.

Кыргызстандыктардын 774 377 жараны сырт жакта жашаса, өлкөгө башка мамлекеттерден 199 011 киши келген.

Казакстандын 4 203 899 жараны чет өлкөлөрдө жашаса, өлкөгө сырт жактардан 3 732 073 киши келген. (Булак: un dot org/en/desa/international-migration-2020-highlights) (TT)

XS
SM
MD
LG