Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

ЮНИСЕФ мигранттардын балдарын коргоону камсыз кылууга чакырды


Базарда иштеп жаткан кыргызстандык бала. Иллюстрациялык сүрөт.
Базарда иштеп жаткан кыргызстандык бала. Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду – ЮНИСЕФ Кыргызстандагы балдардын 12 пайызынын – 277 миңден ашык баланын атасы же апасы, же экөө тең чет өлкөдө жашай турганын жана 4,3 пайызынын – 99 миңден ашык баланын атасы да, апасы да башка мамлекетте чет жакта экенин кабарлады.

18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнүнө карата уюм тараткан билдирүүдө, бул көрсөткүч 2018-жылы жүргүзүлгөн Балдардын жана аялдардын көп индикатордук кластердик изилдөөсүндө аныкталганы белгиленет.

ЮНИСЕФ ата-эненин баланын жанында болбогону ага эмоционалдык, психологиялык же социалдык кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүндүгүн эскертет. Мындан тышкары мигранттардын балдары негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдө кыйынчылыктарга туш болушу ыктымал жана зомбулуктун курмандыгына айланып калуу тобокелчилиги жогору.

“Ата-эне балдарынын материалдык абалын жакшыртуу максатында акча таап жүргөн кезде, наристенин балалыгы тездик менен өтүп жатканын, эч нерсе ата-энелик мээримдин жана камкордуктун ордун толуктай албай турганын моюнубузга алышыбыз керек”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

БУУ Балдар фонду камкорчуларды жана мекемелерди миграция таасирин тийгизген балдарды коргоону камсыз кылууга чакырат.

Балдардын укуктарын коргоодо Кыргызстандын өкмөтүнө колдоо көрсөтүү максатында ЮНИСЕФ Европа Биримдиги, улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташып келет. Уюм “Түштүк-Чыгыш, Түштүк жана Борбор Азиядагы миграция таасирин тийгизген балдарды коргоо” долбоорунун алкагында иш алып барат. (ErN)

XS
SM
MD
LG