Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Кытайдан "качкандардын" карантиндеги жашоосу


Кытайдан качып келген казактар Мурагер Алимулы (солдо) жана Кастер Мусаханулы Чек ара тартибин бузгандыгы үчүн Семейдеги абакта жатып чыгышкандан кийин. Чыгыш-Казакстан облусу, 22-июнь 2020-жыл.

“Азаттыктын” казак кызматы Кытайдан качып келгендердин учурдагы жагдайынан кабар алды.

Таажы вирусунун тарап кетишине байланыштуу киргизилген карантиндин улам казак бийлиги Кытайдан качып келген беш жарандын качкын статусу же башпаанек берүү тууралуу арыздарын кароону кийинкиге жылдырды. Бийлик аларды “уруксатсыз чек арадан өтүп кеткендер” деп эсептешет.

2018-жылы “Шинжаң бийлигинин кысымынан” кара башын калкалап Казакстандагы үй-бүлөсүнө келиш үчүн чек арадан уруксатсыз өткөн кытайлык этникалык казак Сайрагүл Саутбайдын окуясы Семейдеги абактан чыгып келгенден кийин дүйнөгө дүң болгон. Казак соту Кытайдын кайтарып берүү өтүнүчүн четке кагып, аны бул жерде калтырган. Казакстандан качкын статусун албаган Сайрагүлгө өткөн жылдын жайында Швеция башпаанек берди.

Казак бийлиги Кытайга дагы беш этникалык казакты кайтарып берген жок, алар: Кайша Акан, Тлек Табарак, Кастер Мусаханулы , Мурагер Алимулы жана Багашар Маликулы. Булар да Сауытбайдын жолун жолдоп “Шиңжан бийлигинин кысымынан качып” чек арадан уруксатсыз өтүшкөн. ,

Азыр булардын баары Казакстанда турушат, тарыхый мекенинин бийлигине жарандык же качкын статусун берүүнү өтүнүп арыз жазышкан. Бийликтегилер таажы вирусунан улам чыккан карантинди шылтоолоп алардын арыздарын кароону кийинкиге калтырган.

БАГАШАР МАЛИКУЛЫ

Алматы облусунун Енбекшиказак районунун Шелек айылында жашап аткан Багашар Маликулынын кичинекей балдарынын улуусу он бирге карады, кенжеси - алты айлык. Багашардын айтуусунда, качкын статусун берүү жөнүндөгү арызын Казакстандын бийлиги карай элек. Азырынча анын колунда быйыл сентябрда мөөнөтү бүтчү качкындыкты берүүнү сураган күбөлүгү гана бар.

"Комиссиянын отуруму болот дешкен, бирок аны карантинден улам кийинкиге жылдырып коюшту", — дейт.

Багашар Маликулы.
Багашар Маликулы.

Анын аялы менен балдары Казакстандын жарандары. Багашардын айтуусунда, үч жолку операциядан кийин аялы ишке жарабай калган, акча таап, үй-бүлөнү багуу жалгыз анын моюнунда, кайсы жумуш чыкса да тандабай иштеп, тапкан акчасын эптеп тамак-ашка жеткирсем деп болушунча үнөмдөп отурган кези.

"Азыр жай го. Айылдан майда-чүйдө жумуштар чыгып турат, башка айылдарга да барам. Үй-бүлөмдү багыш үчүн бардык ишти жасай берем. Иш сураштырып калганда айрымдар: “Сен тиги кытайдан качып келген жигитсиңби?” деп сурашат. Эмне себептен экенин билбейм, бирок мага чочуркап карашат. Мен эч кимди өлтүрбөдүм, бирдемесин уурдабадым. Казакстанда калган үй-бүлөм менен чогуу жашайын деп качып келгем", - дейт Багашар.

2015-жылы Кытайдын Шинжаң автономдук районунун Моңголкур үйөзүнөн Казакстандын Алматы облусунун Енбекшиказак районунае келген, оралман деген күбөлүк алып, жашап турууга уруксат беришкен. Айтымы, 2016-жылдын ноябрында ата-энесине учурашканы Кытайга барып, “Хоргос” бажы бекетинен өтөр замат кытайлык полиция кызматкерлери анын документтерин алып койгон. 2017-жылдын январында Багашар Шинжаңдан Казакстанга качып өткөн.

2019-жылдын аягында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) чек ара кызматы аны кармап, суракка алган. Кийинчерээк УКК “Азаттыкка” себептерин билдирбей Маликулына каршы козголгон кылмыш иш токтотулганын ырастады.

Багашардын айтуунда, качкын статусун алууга арыз беришине каттала элек «Нағыз Атажұрт» уюму көмөктөшкөн. Адвокат алышка да чама-чаркы жетишсиз, акчасы жок.

Казакстанда биринчи ирет 16-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жана карантин киргизилгенде Багашардын аялы эки ирет мамлекеттен социалдык жардам катары 42 500 теңге алды. 5-июлдан кийинки экинчи карантин учурунда жөлөкпул алуу үчүн дагы арыз берди. Багашарга жарандыгы жок үчүн андай көмөк берилбейт.

ТЛЕК ТАБАРАК

Тлек Табарак Алматы облусунун Панфилов районунда жашайт, ал дагы казак жарандыгын алсам деген тилекте жүргөн инсан. Казакстанда анын ата-энеси жашайт.

Быйыл январда Панфилов райондук соту Табаракты “билип туруп чек арадан уруксатсыз өткөндүгү үчүн” күнөөлүү деп таап, бирок Казакстандан чыгарбай, жеке коопсуздугу каралбаган мекемеде жазасын өтөө өкүмүн чыгарган.

Тлек сотто Казакстанда жашоого уруксат алганын айтып берди. 2017-жылдын декабрында жеке иштери менен Кытайга барып, анын да документтерин алып коюшкандыктан жерине кайта албай калган. Айла жок Казакстанда калган ата-энесине келиш үчүн Кытайдан качууга мажбур болгон. Өкүм чыгарарда сот анын жагдайын жеңилдетчү жагдайларды: мурда соттолбогонун, Казакстанда жашоого уруксаты барын, ата-энесинин Казакстан жарандары экендигин эске алган.

Сот анын камакка алынгандан кийинки күндөрүн – 2019-жылдын 22-октябрынан кийинки ар бир күнүн эки күнгө жаза өтөө мөөнөтүнө кошуп эсептеди. Айыпталынуучу ошондой эле 25 миң теңге (АКШнын 65 доллары) айыппул төлөдү.

Тлек Табарак өкүм окулгандан бир айдан кийин түрмөдөн бошотулуп ушу тапта документтерин ырастап жүрөт.

"Миграция полициясынан мага алгач жарандыгы жок деген күбөлүк алууну айтышты, андан кийин гана Казакстандын жарандыгын алуу тууралуу арыз бере алам. Жакында келип кошуналардан түшүндүрмө алып кетишти", - деп айтты Табарак “Азаттыктын” кабарчысына.

Атасы Табарак Кусаинхандын айтуусунда, Тлекке жарандыгы жок деген күбөлүк беришсе, анан оралмандык күбөлүк алууга арыз бермекчи. Оралмандык күбөлүк менен казак жарандыгын жеңилдетилген шартта алууга болот. Казакстан аймагында такай жашаган жарандыгы жокторго өздүгүн аныкташ үчүн он алты жашка толгондон кийин "жарандыгы жок" деген беш жылга жарачу күбөлүк беришет.

КАЙША АКАН

Панфилов райондук соту тарабынан өткөн жылы алты айга шарттуу кесилген Кайша Акан ушу тапта Алматыда жашайт. Ал дагы Казакстанда качкын деген макам алыш үчүн арыз берген.

Сот анын 2018-жылы мамлекеттик чек араны уруксатсыз өткөндүгү үчүн күнөөлүү деп тапкан. Шинжаңда төрөлүп-өскөн Кайша Акан сотто “лагерге камалып калыштан коркуп” Казакстанга айласыздан качып өткөнүн айтты.

"Мага [Казакстанда] качкын макамын берүү боюнча арызымды карачу комиссиянын отуруму боло элек. Карантиндин айынан бул иш токтоп калды деп айтышты. Азыр мен үйдө элемин. Бир нече апта мурун катуу ооруп калдым, мага операция жасашты. Баары акчага байланып турат. Мага катталабаган «Атажұрт» уюму менен боорукер адамдар көмөктөшүүдө", — деп билдирди Кайша Акан.

Кайша Акан.
Кайша Акан.

Кытайдан келген казак кызы Кайша Акан сотто. Алматы облусу, 23-декабрь 2019-жыл.

Казакстан жаранына күйөөгө чыккан Кайша Аканга өткөн жылы башпаанек алуучу деген күбөлүк беришкен.

Кайша Акан иш издеп биртоп жерлерге кайрылганын, бирок документи жоктугунан туруктуу иш таба албаганын айтууда. Документи жоктугунан ал карантин маалында мамлекеттен да эч кандай социалдык колдоо ала элек. Анын арызы качан каралары да белгисиз.

КАСТЕР МУСАХАНУЛЫ МЕНЕН МУРАГЕР АЛИМУЛЫ

Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы быйыл январда Чыгыш-Казакстан облусунун Зайсан райондук соту тарабынан мамлекеттик чек арадан уруксатсыз өткөнү үчүн бир жылга эркинен ажыратылган, бирок таажы вирусунун күчөп кеткенине байланыштуу Семей түрмөсүнөн 22-июнда бошотулду.

Алардын соттогу адвокаты Ляззат Акатованын айтуусунда, азыр алар Акмола облусундагы туугандарынын колунда дарыланып жатышат.

"Кастер менен Мурагер, алардын туугандарынын бирөө да журналисттерге интервью берүүнү каалашпайт. Себеп дегенде, алардын жакын туугандары, экөөнүн аялдары Кытайда турушат, алардын куугунтукка кабылышын каалашпайт. Экөө тең Казакстанда качкын макамын алуу тууралуу арыз менен кайрылышкан, бирок да азыркы жагдайга [таажы вируска], байланыштуу ал маселе чечилбей турат", - деп билдирди адвокат Акатова.

Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы, Шинжаңдын Дөрбөлжүн үйөзүнөн чыгып Казакстандын чек арасынан 2019-жылдын октябрынын башында уруксатсыз өтүшкөн. Алгач Чыгыш-Казакстанга келишип, андан Алматыга өтүшкөн. Алматыда 14-октябрдагы маалымат жыйынында алар “Кытайдагы куугунтуктоолордон качып чыгышканын” билдиришкен, Казакстан бийлигинен качкын макамын берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк казак бийлиги тарабынан жоопкерчиликке тартылган.

Алардын качкын макамын алуу тууралуу арызын Акмоло облусунун миграция кызматы кароодо. Адвокат Ляззат Акатованын айтуусунда, азыр алардын июль айынын аягына чейин жарактуу утурумдук күбөлүгү бар.

Казакстандын миграциялык полициясы “Азаттыктын” чек арадан уруксатсыз өткөн этникалык беш казактын качкын макамын же жарандык берүү тууралуу арыздары качан караларын ырастап берүү өтүнүчүн жоопсуз калтырды.

БАТЫШ АЙЫПТАЙТ, БЭЭЖИН МОЙНОБОЙТ

Кытайдын түндүк батышындагы Шинжаңдын түпкүлүктүү калктары уйгур, казак, кыргыздарды кысымга алуу тууралуу кабарлар 2017-жылдын жазынан тарта айтыла баштаган. 2018-жылы БУУ бул чөлкөмдөгү этникалык топторду атайын жайларга зордоп кармап жатышканын билдирген. Эл аралык уюмдун ырастоосу боюнча, ошол кезде миллионго жакын мусулмандар кармалып турганы кабарланган.

Бээжин андай айыптарды четке кагып, кийинчерээк Шинжаңдагы лагерлерди “тил үйрөнүү жана кесиптик даярдык борборлору” катары сыпаттап, аларды “экстремизмге каршы күрөшүү” мксатында уюшулганын ырастаган.

Кийин ал жерлерде идеологиялык жагынан бышыктыруу иштери жүрөрү, зордук-зомбулук көрсөтүлүп, адамдар кыйноого алынары, кара жумушка мажбурлап иштетишери кабарланган. Куугунтуктар такай болору, басым-кысымдар токтолбой жатканын лагерге баргысы келбей качып чыккан шинжаңдыктар да билдиришкен.

Июнь айынын этегинде атайын баяндама чыгып, анда Кытай түрк тилдүү элдердин көбөйүшүнө чек коюп, аялдарды төрөттөн сактанууга, боюнан алдырууга мажбурлап жатышканы белгиленген.

Шинжаңдагы аракеттери үчүн Кытайга санкция жарыялаган биринчи өлкө АКШ болду. Өткөн айда АКШ президенти Дональд Трамп Конгресс тарабынан кабыл алынган мыйзам долбооруна кол койду, ага ылайык шинжаңдык мусулман жамааттарын куугунтукка алган кытайлык кызмат адамдарына каршы санкция киргизүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Июль айында АКШ Шинжаңдын биртоп кызмат адамдарына, ошондой эле полиция кызматын аткаруучу Коомдук коопсуздук бюросуна каршы санкцияларды киргизди. Американын бажысында шинжаңдык өндүрүшчүлөрдүн товарлары өткөрүлбөй тартылып алынды. АКШ бийлиги ал товарларды камакка алынгандарды иштетип, мажбурлап иштетүүнүн натыйжасында өндүрүлгөн товарды жөнөткөндөр деп айыптоодо.

Кытай бийлиги бардык айыптоолорду четке какты.

Казак бийлиги жарандык коомдун талабына карабай, Кытайдагы адам укугунун бузулуп жатышын айыптоого жарай албады, Бээжиндин түшүндүрмөсүнө ынана тургандыктарын билдирүү менен тим болушту.

Нуртай ЛАХАНУЛЫ

Нуртай Лаханулы 1973-жылы төрөлгөн. 1998-жылы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. «Казакстан-Заман» гезитинде жана Казак радиосунда иштеген. 2010-жылдан тарта “Азаттыкта” эмгектенет. nurtaylahan@gmail.co

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG