Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

«Кытай бийлиги паспортубузду алып койду»


Кытай полициясы Шинжаңда жарандын документин текшерип жатат. 24-март, 2017-жыл.

Кытайлык казактар менен иштешкен Казакстандагы уюмдар саясий лагерлерге камалгандардын бир бөлүгү эркиндикке чыкканы менен эмгиче паспортун колуна ала албай жүргөнүн билдирет.

Кытай бийлиги Шинжаң ооданында мусулмандарды жана аз улуттарды саясий кайра даярдоо лагерлерине жапырт камай баштаганына үч жылдын жүзү болду. Бул саясаттын айынан көптөгөн казактар Шинжаңдагы туугандары менен байланыша албай отурат.

Казакстандагы уюмдар билдиргендей, саясий лагерлерге камалгандардын бир бөлүгү эркиндикке чыкканы менен эмгиче паспортун колуна ала албай жүргөндөр көп. Ага кошумча коронавирус пандемиясынын айынан Кытай тараптан маалымат алуу мурдагыдан да кыйын болуп калды.

«Дары менен гана уктайм»

Алматы шаарынын тургуну Жеңиш Заркандын аялы Сауле Мелтай кызы жана тун уулу Мухтар экөө үч жылдан бери Шинжаңдан чыга албай убара. Сауле Шинжаңда жашаган уулунан кабар алыш үчүн 2017-жылы Кытайга кеткен бойдон кайтып келе албай калган.

«Биз Казакстанга 2015-жылы Кытайдын Алтай аймагынан өтүп келгенбиз. Кытайда райондук ооруканада дарыгер болуп иштеген тун уулум калган. Аялым уулуна тез-тез барып турчу. Ал эки өлкө ортосунда эркин жүрүш үчүн Казакстандын жарандыгын алган эмес. Тек гана жашоого уруксат кагазын алуу менен чектелген. Казак жарандыгын жалгыз мен эле алган болчумун» - дейт кайрылман. «2017-жылдын сентябрында аялым адаттагыдай эле уулунан кабар алыш үчүн Кытайга кеткен. Жергиликтүү полициянын кызматкерлери анын документтерин тартып алып, кайра чыгарбай коюшкан. Шинжаңдагы саясий лагерде бир жыл отуруп чыккандан кийин оорулуу болуп калды», - деген Заркан ушул тапта кичүү уулу менен Казакстанда жашайт.

Жеңиш үч жыл бою казак жана кытай бийлигине арыз-муңун айтып келатат. Казак бийлиги «башка өлкөнүн ички саясатына аралаша албайбыз» деген жооп менен чектелген.

«Аялым - дарыгер. Кытайда дарыгерлер мамлекеттик кызматкер деп эсептелет. Кытай бийлиги ушуга таянып, аялым менен уулумдун документтерин колуна бербей келатат», - деп чечмеледи ал.

Жеңиш аялы менен февралда телефондон сүйлөшүп жаткан видеосун «Азаттыктын» казак кызматына жиберген.

«Алар менден оозумду жабышымды талап кылып атышат. «Болбосо эч качан Кытайдан чыкпайсың, уулуңду көрбөйсүң» деп атышат. «Паспортуңа кара мөөр басып коёбуз» дешти. Бул жакта мени угайын деген бир адам жок. Бир эле үмүтүм силерде. Эптеп алып чыгып кеткиле. Бул жерде бизди эч ким укпайт. Баламды сагындым. Уйкунун дарысынын күчү менен гана уктап атам», - дейт видеодогу аял ыйламсырап.

Видеодогу аял акча жагынан да кыйналып атканын, ден соолугу да начарлап кеткенин айтып арызданган. Жеңиш аялы менен уулу Казакстанга качан кайтарын билбейт. «Бир күнү келип калар» деген үмүт гана алдыга жетелейт.

«Күйөөм үй камагында отурат»

Алматы шаарынын дагы бир тургуну Фарида Кабылбек күйөөсү Рахыжан Зейнолланы бир көрүүгө зар болуп жүрөт. Ал 2003-жылы Кытайга кеткен боюнча келе элек.

«Жолдошум 2003-жылы Казакстандын жарандыгын алган. Бирок документтерин колуна ала элек болчу. Ал Шинжаңга кытай документи менен барып, камакка алынган. Кытай бийлиги 2005-жылы анын жолдошун саясий кылмышкер катары тыңчылыкка байланыштуу айыптап, 13 жылга түрмөгө кесип салган. Анын бар күнөөсү - Казакстандан билим алууну каалаган 20га жакын адамга документ тууралаганга жардам бергени», - дейт Фарида. Анын күйөөсү Үрүмчүдө түрмөдө отуруп, 2018-жылы эркиндикке чыккан. Анан кайра эле бир жылга саясий кайра тарбиялоо лагерине жөнөтүлгөн. «Азыр үй камагында отурат», - дейт күйөөсүн күткөн келин.

Фарида Кабылбек өткөн кышта Кытайдын Алматыдагы консулдугунун жана Астанадагы элчилигинин алдында жалгыз пикет уюштуруп, күйөөсүн Казакстанга кайтарууну талап кылган. Биринчи пиккеттерден соң кытай элчилиги «үч апта ичинде расмий жооп беребиз» деген бойдон эч кандай жооп берген эмес.

«Мен эки балам менен Казакстанда жашайм. Күйөөмдү акыры Казакстанга чыгарышат деген үмүт менен жашап келем. Азыр өзүбүз менен өзүбүз алекпиз. Коронавирус пандемиясы башталып кетип, чек аралар жабылып калды. Жолдор ачылары менен аны бошотушат деген үмүттө турабыз», - деди жаш балдардын энеси.

«Атам мени медресеге жибергени үчүн камалды»

Алматы шаарынын дагы бир тургуну Данияр Бактияр уулу да Казакстанга чыга албай жүрөт. Данияр атасы эмне себептен камалганын мындайча түшүндүрдү:

«Мен Казакстанга 2016-жылы Кытайдын Кулжа үйөзүнөн келгем. Атам мени Талгар шаарындагы медресеге алып келген. Ал Кытайга кайтып барары менен жергиликтүү полициянын басымына кабылды. Бир жылга жакын үй камагында отурду. 2018-жылы аны менин медреседе окуганым үчүн соттошту. Азыр ал камакта отурат. Апам, карындашым жана иним азыр үй камагында жашап атышат», - деген жигит Алматыда жалгыз калганын айтат. «Туугандарым жок. Түнү мечитте түнөйм», - дейт ал.

Ал Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, атасына жардам берүүнү суранган. Ал маал-маалы менен эл аралык укук коргоо уюмдарына видео кайрылып, «YouTube» каналына жарыялап турат.

«Шинжаңдын расмий бийлиги туугандарыма басым кылып, менин оозумду жабуумду талап кылышты. «Эгер ал ар жерге даттанганын койсо атасын чыгарып беребиз», дешиптир. Мен алардын убадасына ишенип, жарым жыл бою унчукпай жашадым. Мындан натыйжа чыккан жок. Ошондуктан эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрадан кайрылдым», - дейт аргасы түгөнгөн Данияр.

Лагерден бошонуп, паспортун ала албагандар

Шинжаңдагы казактардын маселеси боюнча иш алып барган казакстандык уюмдар «кайра тарбиялоо лагерлеринде» абал оңолуп калганын, бирок азыр паспортун ала албай жүргөндөр көп экенин билдиришти.

Расмий каттоодон өтпөгөн «Нагыз Ата-Журт» уюмунун жетекчиси Бекзат Максутхан уулунун айтымында, карантинге карабай Кытайдан чыга албай жүргөн туугандары тууралуу жардам сурап кайрылгандар көп.

«Карантинге байланыштуу арыздарды видео аркылуу кабыл алып болсо да маселени чечкенге аракет кылып жатабыз», - деди активист.

Кытайдагы казактардын маселеси менен алектенген «Ата Журттун ыктыярчылары» уюмунун мүчөсү Кайрат Байтолла коронавирус пандемиясынан улам Шинжаңдан маалымат алуу татаалдашып кеткенин айтат. Эл аралык коомчулуктун айынан кайра тарбиялоо лагерлери жабылышы мүмкүн. Бирок кытай бийлиги казактардын документтерин бербей жатат.

«Шинжаңдын айрым райондорунда жашаган казактар али да кысымга кабылып атышат. Алардын документтерин тартып алып, алигиче кайтарбай жатышат. Ошондуктан биз аларга куугунтук токтоду деп айта албайбыз. Жалпысынан Шинжаңдагы саясий лагерлер маселеси чечилип калды», - деди активист.

Кытайдагы казактардын маселеси менен алектенген «Жебе» коомдук уюмунун жетекчиси Омарали Адилбектин айтымында, лагерде отургандар эркиндикке чыгарылды. Бирок алардын документтерин бербей койгон учурлар же диний ынанымы үчүн узак мөөнөткө түрмөгө кесилгендер бар.

Бул уюмдун жетекчилери баары бир ооздон азыр Шинжаңдан кандайдыр бир маалымат алуу кыйын болуп калганын ырасташты.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, коронавирус пандемиясы учурунда Кытайдагы туугандарынын маселеси менен кайрылгандар азайган. Министрликке жыл башынан бери 300 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 100дөйү кытай жарандыгынан баш тартканы үчүн аларды кайтарып келүүгө көмөк сураган. Министрлик ал арыздар боюнча мекеме кандай иш кылып атканы тууралуу маалымат берген жок.

Шинжаңда аз улут өкүлдөрүн саясий лагерлерге жапырт камап атканы тууралуу алгачкы маалымат 2017-жылы жазында пайда болгон. Бирок кытай өкмөтү ал лагерлерди Шинжаң-Уйгур автономиялуу районундагы «элди терроризмден коргоп калуу» максатында ачылган кесипке үйлөтүү борборлору деп атаган.

2018-жылы жайында БУУнун укук коргоо бөлүмү Кытайдагы саясий лагерлерде бир миллионго жакын мусулман камалып жатканы тууралуу билдирүү тараткан.

2018-жылы «New York Times» гезити Шинжаңдагы саясий лагерлерден бошотулгандар кайра эле мажбурлоо жолу менен Кытайдагы ар кандай өндүрүшкө ишке чегерилгенин жазып чыккан.

Эксперттер белгилегендей, Кытайда 2017-2019-жылдары 80 миңден ашык уйгур улутундагы жарандар өлкөнун тогуз провинциясындагы 27 өндүрүштүк аймакка ишке айдалган. Ал ишканалардын арасында «Nike», «Zara», «Adidas», «Dell», ASUS, «Acer», «Samsung», «Apple» сыяктуу дүйнөгө белгилүү бренддердин аты аталган.

Укук коргоо институттары ал бренддерди Кытай менен келишимден баш тартууга, Бээжин менен өнөктөштүктү токтотууга чакырышкан.

14-майда АКШ Сенаты президент Дональд Трамптын Шинжаңдагы уйгурлардын абалына байланыштуу Кытайга санкция салууга үндөгөн мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды.

Шинжаң АКШ менен Кытайды тирештирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:18 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG