Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Жасалма «негиздеме» мигранттарды кыйнады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандан Орусияга барчу учактардын билеттери кыйла кымбаттады. Бишкектен Москвага учуш үчүн бир билеттин баасы 60 миң сомго чейин жеткен учурлар бар. Мындан тышкары Орусияга кириш үчүн «зарыл иши болгондуктан учуп жатат» деген документ талап кылынууда.

Айрымдар бул ачык эле бизнеске айланганын айтып, аны жасатуу 5 миңден 10 миң сомго чейин бааланып жатканын билдиришти. Мамлекеттик органдар болсо негиздемени Орусиянын талабы менен түшүндүрүп жатышат.

Бизнеске айланган «негиздеме»

Фатима Сүйкөева - Москвага жакын жайгашкан Пенза шаарындагы медициналык университеттин 6-курсунун студенти. Ал Орусиядан 2020-жылы июль айында Бишкекке чартердик рейс менен келген. Эми кайра окуусуна жете албай жүрөт. Учакка билет алайын десе, анын баасы 40-50 миң сомго чейин кымбаттап кеткен. Ага кошулуп авиакассалар Орусияга кирүү үчүн атайын «негиздеме» сурап жатышат.

«Билеттер күндөн күнгө кымбаттап жатат, - деп түшүндүрдү ал. - Ага «негиздеме» деген өзүнчө талап кошулуптур. Биз Орусияда окуган студент экенибиз эске алынган жок. Ошого карабай бизге бир клиника «бул ооруп жатат, дарыланбаса болбойт» деген медициналык тастыктамаларды жазып берет экен. Мунун арты менен айрым авиакассалар Москвадагы ооруканалар менен келишим түзүп алган деп угуп жатабыз. Сөз болуп жаткан негиздеменин жасалмалары да болот экен. Мисалы, мен бир авиакассадан билет сурасам 50 миң сом, ага кошумча «негиздеме» 10 миң сом экенин айтты. Мен окуган окуу жайына кайрылсам «негиздеме бере албайбыз, чек ара ачылганда гана келе аласыңар» деп айтышты. Азыр биз онлайн окуп жатабыз. Бирок 6-курсту биз офлайн окушубуз керек эле».

Орусияга барууну көздөгөн мигранттар мындай медициналык тастыктамаларды тааныш-билиштер аркылуу жасатып жатканын жашырышпайт. Ал түгүл Интернетте «негиздеме жасап беребиз» деген жарнамалар ачык эле жарыяланып жатат. Алардын бири менен байланышканыбызда жасалма «негиздеме» даярдап берүүнүн жол-жобосун мындайча түшүндүрүп берди:

«Сиз каттоодо турган ооруканадан дарыланыш үчүн жолдомо алышыңыз керек. Ошонун негизинде сизди Москва шаарындагы ооруканага кезекке жаздырып беребиз. Сиз Москвага жеткенден кийин ал ооруканага барасызбы же жокпу, өзүңүздүн ишиңиз. Биздин кызматтын баасы - 6000 сом. Бул негиздеме жок болсо аэропорттон ар кандай суроолор болуп калышы мүмкүн».

Интернетке чыккан жарнамалардын бири.
Интернетке чыккан жарнамалардын бири.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусиянын чек аралары 2020-жылдын март айынан бери жабык. Аба каттамдарына да чектөө киргизилген. Өткөн жылдын 1-сентябрынан баштап орус жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, туруктуу жашоого уруксаты барларга, орус ооруканаларында дарыланууга муктаж чет өлкөлүктөргө гана Орусияга кирүүгө уруксат берилген.

Кийин өкмөттүк деңгээлде Бишкек менен Оштон Москвага бир жумада эки аба каттамын жүргүзүү макулдашылган. Андан тышкары орус жарандары үчүн өзүнчө чартердик рейстер каттап жатат. Мунун негизинде кыргызстандыктар жума күнү Бишкектен «Аэрофлот» жана «Авиа Траффик» компаниясынын учактары менен Москвага жете алат. Бул каттамда «негиздеме» талап кылынбайт.

Ал эми аптанын башка күндөрү чартердик рейстер менен орусиялыктар, үй-бүлө мүчөсү бул өлкөнүн жараны болгондор дарыланууга жана дипломатиялык сапарга бара алышат. Жай тургундар үчүн бул каттамдарга сөз болуп жаткан «негиздеме» сөзсүз керек.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева:

«Биз болгону жарандардын тек-жайын тастыктаган документтерин гана талап кылабыз. Ал эми дарыланууга муктаж деген тастыктаманы авиакомпаниялар сурап жатышат», - деди.

Эл аралык «Авиаселс» компаниясы «Telegram» каналына «негиздеме сөзсүз керек, ал жок болсо жума күнү учкула» деген кыскача билдирүү калтырган.

“Авиаселс” компаниясынын телеграмм каналындагы маалымат.
“Авиаселс” компаниясынын телеграмм каналындагы маалымат.

Учурда ар бир жүргүнчүдөн «COVID-19 тапшырган тести таза» деген ПЧР анализ талап кылынат. Мындан тышкары айрым жүргүнчүлөр Кыргызстандын аэропортторундагы көзөмөлдө ар кандай себептер менен кызматкерлер пара талап кылган учурлар көбөйгөнүн билдиришүүдө.

«Манас» эл аралык аэропортунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Алия Курбанова жүргүнчүлөрдөн талап кылынып жаткан «негиздеме» тууралуу буларды айтты:

«Бул - Орусиянын талабы. Муну биз бардык жүргүнчүлөрдөн сурап жатабыз. Айрымдар «муну «Манас» аэропорту эле чыгарып алыптыр, Орусияга барганда талап кылбайт экен» деп айтып жатат. Андай эмес. Ар бир адам учакка отурардын алдында каттоодон өтөт. Ошол жерде отурган авиакомпаниянын өкүлү жүргүнчүнү текшерип, документтеринин толуктугун карайт».

Мамлекеттик миграция кызматы өткөн айдын этегинде Бишкектеги «Манас» аэропортунда 10 күн рейд уюштурган. Анда Бишкек-Москва авиакаттамындагы жүргүнчүлөрдөн талап кылынган документтерге көз салынган. Мекеменин өкүлү Самат Токтоболотов жүргүнчүлөр туш болгон негизги кыйынчылыктарды айтып берди:

«Азыр авиакассалар авиабилет менен кошо жасалма негиздеме даярдап сатып жатышат. Буга байланыштуу биз аэропортто 10 күн рейд жүргүздүк. Бул аралыкта документтери туура эмес 20дай киши уча албай калды. Биринин алимент чыры, дагы биринин насыя боюнча маселеси бар экен. Айрымдарынын ПЧР тестинин убактысы өтүп кетиптир. Мындан тышкары ал жерде негиздемеси туура эмес даярдалгандарды өткөрбөй жатыптыр. Бирок анын жасалма экенине көп деле көңүл бурулбайт, негизгиси анын жарактуу мөөнөтү текшерилет. Биз рейдди Ош шаарындагы аэропорттон уланталы деп турабыз».

Ал арада билеттерди арзандатыш үчүн Кыргызстан Орусиядан туруктуу аба каттамдарын көбөйтүүнү суранды. Азырынча орус бийлигинен тиешелүү жооп келе элек.

Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев авиакомпаниялар пандемияда келтирилген чыгымдарын жабыш үчүн билет баасын жогорулатууга аргасыз болуп жатканын айтты. Ал Жарандык авиация агенттиги билеттердин баасын көзөмөлдөй албай турганын да кошумчалады. Шаршеевдин айтымында, авиакомпаниялар өз ара атаандаштыктын негизинде билеттин баасын бекитет.

Кыргызстандык авиакомпаниялар эконом-класстагы билеттин баасын 32-33 миңден сатат. Ал эми Орусия тараптын жол кире акысы 50 миң сомго чейин жетет. Бизнес-класста билеттин баасы 70 миңден 300 миңге чейин сатылууда.

«Учурда Бишкек-Москва туруктуу аба каттамы жумасына бир жолу, жума күнү гана жүргүзүлүп жатат. Каттамдарды Кыргызстандын «Авиа Траффик» жана Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниялары аткарууда. Калган 80ден ашыгы чартердик каттамдар. Аларды үзгүлтүксүз рейстерге өткөрүш үчүн вице-премьер-министр менен жыйын өтүп, Орусиянын Коронавирус менен күрөш боюнча штабына кайрылуу тууралуу чечим чыккан. Орусия тараптан жооп күтүп жатабыз», - деди Шаршеев.

Коронавирус пандемиясына чейин Бишкек менен Оштон Москвага бир жума ичинде эле кеминде ондой рейс болуп, эки миңдей жүргүнчү ары-бери каттап турган. Каттамдын бир тарабы 15-20 миң сомдун тегерегинде болуп келген.

XS
SM
MD
LG