Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Орусиядагы мекендештин эрдиги


Акылбек Нарматов.
Акылбек Нарматов.

Өткөн февраль айында Москвада иштеген кыргызстандык Акылбек Нарматов өрттөн эки адамды куткарган.

40 жаштагы Акылбек Нарматовдун Орусияда жүргөнүнө быйыл 17 жыл болот.

Мекендеш Москвада эртели-кеч кар күрөп, көп кабаттуу үйлөрдүн короосун тазалайт.

21-февралда Москванын Новопеределкино районунда иштеген аймактагы бир үйдө өрт чыгып, өрттөн эки адамды аман алып чыккан.

- Биринчи кабаттагы үйдүн терезеси талкаланып, түтүн чыга баштаганын көрүп калдык. Чогуу иштегендер жардам чакырганы чуркап кетти, мен карап тура алган жокмун. Карды сузуп алып, батирдин ичине ыргыта баштадым. Бирок, кар бир жерге топтолуп калганы үчүн өрттү өчүрүүгө мүмкүн эмес эле. Анан терезеден секирип кирип, кар менен өрттүн очокторун өчүрүп, үйдөн абышка менен кемпирди алып чыктым.

Акылбектин жанында бирге иштеген Азима Умарова менен анын күйөөсү Хамят Таиров болгон. Кыргызстандык мигранттын өрттөн адамдарды куткарып чыкканын жергиликтүү гезиттер жазган. Өрт болгон жерге келген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аларды сыйлыкка көрсөтүүгө убада беришкен.

Акылбек тууралуу москвалык гезитке чыккан макала.
Акылбек тууралуу москвалык гезитке чыккан макала.

Кийин окуя унутулуп, мигранттын эрдиги көңүлгө алынбай калган экен.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чакырышкан, баргам. Сыйлык болот дешкен. Ошол үйдүн жашоочуларынын баары күбө. Эми Новопеределкино муниципалдык тазалык кызматынын жетекчилиги Москванын мэрине кат жазабыз, элчиликке билдиребиз деп жатышат. Мен куткарган байбиче ооруканада каза болуп калыптыр. Абышкасы тирүү.

Акылбек Орусияга 23 жашында келген. Быйыл кырктын кырынан ашкан мекендеш миграцияда үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болгон. Бирок, 17 жыл мурда Баткенден «үй салам» деп Орусияга келген менен максатын дагы деле ишке ашыра элек.

«Орусияга жер алып, үй салууга келдим эле. Биринчи никемде балалуу болбой, эки ажырым жолго түшкөнбүз. Экинчи жолу үйлөнүп, үч уулдуу болдум. Шүгүр. Келинчегим экөөбүз тапканыбызды айылга ата-энеге, балдарыбызга салабыз. Баткенден кичине жер алып койдук. Там тургузабыз»,- деди мекендеш.

Жандарбек 17 гана жашта болчу

Орусияда иштеп жүргөн мекендештердин адам өмүрүн сактап калган учурлары буга чейин да болуп келген. Алардын айрымдары бирөөнү ажалдан куткаруу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган учурлар да бар.

2018-жылы 29-июлда Орусиянын Сахалин облусунда кыргызстандык боз улан сууга чөгүп кеткен. Кырсык шаардын четиндеги көлмөдө болгон.

Ал күнү 17 жаштагы Жандарбек Кубанычбек уулу достору менен шаардагы "Теплое озеро" көлмөсүнө эс алганы барат. Сахалиндеги тергөө комитетинин маалыматына караганда, Жандарбек бир аялды куткарып, бирок өзү чыга албай сууга чөгүп кеткен.

Анын сөөгүн куткаруучулар бир күн өткөндөн кийин гана табышкан. Сахалинде Жандарбек айылдашы, 24 жаштагы Тургунбай уулу Сааданбек менен жашап турган.

Окуя болгондон кийин эле Сахалиндеги кыргыз диаспорасы маркумдун сөөгүн мекенине жиберүү ишин колго алган. Мигранттар чыгымдар үчүн 90 миң рублдан ашык каражат чогултушкан. Диаспора өкүлдөрү "кыргыз жигит эрдик кылып курман болду, бирок муну жергиликтүү бийлик жана коомчулук анча баалаган жок" деп билдиришкен.

Оттон коркпогон Акбар

2018-жылы 11-ноябрда 17 жаштагы Акбар Султанов Москванын Бабушкинский районундагы көп кабаттуу үйдүн тургундарын өрттөн чыгарууга жардамдашып, токсонго таяган байбиченин өмүрүн сактап калган.

Акбар Султанов.
Акбар Султанов.

Учурда Орусиянын борбор калаасында 11-класста окуган бала сабактан кийин классташынын үйүнө барып, ал жерде өрт чыкканда дароо эле адамдарды куткарууга чуркаган.

- Классташым экөөбүз 12-кабаттагы батирдин эшигин каккылап, ал жактан орто жаштагы кишини чыгардык. Анын кошунасы 87 жаштагы, баса албай калган байбиче экен. Классташым экөөбүз аны биринчи кабатка чейин көтөрүп түштүк. Ойлонууга деле убакыт болбоду. Ыкчам аракет көрүү керек эле, - деп айтып берген Акбар Султанов "Азаттыкка".

Өрт өчүргүчтөр менен "Тез жардам" келгиче үйдөн отуздай адам көчөгө чыгарылган. Кырсыктан эч ким жараат алып, жабыркаган эмес. Өрт өчүргүчтөр 12-14-кабаттарда чыккан от менен 23 мүнөттөй күрөшкөн.

​Адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн эрдиги үчүн Акбар Султановго Орусиянын Мамдумасынын депутаты Валерий Рашкин ыраазычылык катын ыйгарган.

Акбар Москвага беш жыл мурда ата-энесинин колуна келген. 2008-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигрантынын баласы Таласта туулуп-өскөн. 6-класска чейин Бишкекте окуган.

Мараттын эрдиги

2016-жылы 11-февралда кыргызстандык Марат Исаев Москванын метросунда талмасы кармап, рельске кулаган аялды куткарып калган.

Жумуштан кийин үйүнө кайтып бараткан Марат "Красносельская” станциясында эсин жоготуп, рельске кулаган аялга жардам көрсөтүүгө полиция кызматкери менен бирге поезддин жолуна секирип түшкөн.

Туура бир ай өткөндөн кийин 10-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин кыргызстандык Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюкка мамлекеттик сыйлык тапшырган.

“Адам өмүрүн коргоо үчүн” медалын расмий тапшыруу аземи Кремлде өткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG